Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, өз ишин архитектуралык-шаар куруу иши, ошондой эле ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу чөйрөсүндө баа түзүү жана сметалык ченемдөө жаатында жүзөгө ашырат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
5. Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору";
- расмий тилде: "Республиканский центр ценообразования и сметного нормирования при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
6. Борбордун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
2-глава. Борбордун максаты
7. Борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында баа түзүү жана сметалык ченемдөө системасын натыйжалуу түзүүнү жана жөнгө салууну камсыз кылуу, курулуш чыгымдарынын ачыктыгын жана негиздүүлүгүн жогорулатуу үчүн методологиялык негиздерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу саналат.
3-глава. Борбордун милдеттери
8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш тармагында баа түзүү системасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
2) курулуш иштеринин жана материалдардын наркын эсептөө үчүн актуалдуу методикаларды иштеп чыгуу;
3) баа түзүү методдорун эл аралык стандарттарга ылайык адаптациялоо;
4) курулуштун наркын эсептөөнүн тууралыгын камсыздоочу жаңы сметалык ченемдерди иштеп чыгуу;
5) дайыма мониторинг жүргүзүү жана сметалык ченемдерди кайра карап чыгуу системасын киргизүү;
6) чыгымдардын ачыктыгын жогорулатуу үчүн методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
7) курулуштун бардык этаптарында сметалык эсептөөлөр боюнча маалыматтардын консолидациясын камсыз кылуу;
8) долбоорлоо жана куруу процессин жөнгө салуучу ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу;
9) курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу үчүн актуалдуу стандарттарды киргизүү.
4-глава. Борбордун функциялары
9. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Борбор төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) курулуш иштеринин жана материалдардын наркын эсептөө методикасын иштеп чыгуу;
2) курулуш кызмат көрсөтүүлөрү жана материалдар рыногундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен баа индекстерин актуалдаштыруу;
3) курулуштун бардык этаптары үчүн сметалык ченемдерди жана эсептик көрсөткүчтөрдү даярдоо жана киргизүү;
4) технологиядагы өзгөрүүлөрдү жана ресурстардын наркын эске алуу менен сметалык ченемдерге мониторинг жүргүзүү жана кайра кароо;
5) сметалык ченемдерди иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;
6) курулуш чыгымдары боюнча маалыматтарды эсепке алуу, талдоо жана башкаруу үчүн санариптик платформаларды түзүү жана колдоо;
7) эсептөөлөрдү автоматташтыруу жана сметалык документтерди талдоо үчүн программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
8) курулган объекттерге чыгымдарды, аткарылган иштердин түрлөрүн, курулуш үчүн жеткирүүлөрдүн баштапкы шарттарын, ошондой эле курулуш уюмдарынын техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн талдоо;
9) эсептөөлөрдө жана ченемдик документтерде колдонуу үчүн актуалдуу баалардын маалымат базасын түзүү;
10) курулуш ресурстарына (иштерге жана материалдарга), жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук баалар жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
11) баалардын динамикасын талдоо жана Министрликке берүү үчүн отчетторду даярдоо;
12) баалардын адистештирилген жыйнактарын иштеп чыгуу, аларды талдоо жана ченемдик талаптарды эске алуу менен макулдашуу, ошондой эле Министрликке бекитүүгө киргизүү;
13) ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
14) объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо процессин жөнгө салуучу стандарттарды жана регламенттерди түзүү;
15) заманбап курулуш технологияларын колдонуу боюнча техникалык нускамаларды жана сунуштарды даярдоо;
16) баа түзүү системасын түзүү жана жөнгө салуу;
17) курулуш иштеринин жана материалдардын наркы боюнча маалыматтарды талдоо жана жарыялоо;
18) курулуш долбоорлорун ишке ашыруунун бардык этаптарында чыгымдарды контролдоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү;
19) курулуш чыгымдарынын ачыктыгын камсыз кылуу;
20) сметалык ченемдөө жана баа түзүү жаатында адистерди акы төлөнүүчү негизде окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
21) сметалык ченемдөө жана баа түзүү боюнча семинарларды, тренингдерди жана вебинарларды акы төлөнүүчү негизде өткөрүү;
22) окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
23) республиканын курулуш жана инженердик жогорку окуу жайларында окуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделдерин өркүндөтүү;
24) Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштамаларды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолун, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
25) сметалык ченемдөө жана ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу жаатында эл аралык кызматташтыкка катышуу;
26) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, алар берген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
27) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактыларды текшерүү, арыз ээлерине кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгуу жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү;
28) Борборго жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын адистерин тартуу;
29) Борборго жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн квалификациялуу, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу;
30) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгуу;
31) Борбордун компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү;
32) сметалык документтерге акы төлөө негизинде экспертиза жүргүзүү;
33) эсептөөлөрдүн белгиленген ченемдерге жана методикалык сунуштарга ылайык келишин камсыз кылуу;
34) баа түзүү методикасын жана сметалык ченемдөөнү колдонуу маселелери боюнча уюмга акы төлөнүүчү негизде консультация берүү;
35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
10. Борбор оз ишин Министрлик, статистика органдары, ведомстводон тышкары мамлекеттик экспертиза уюмдары, курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүчүлөр (жеткирүүчүлөр), ортомчулар жана жеткирүүчүлөр, ошондой эле региондордо баа түзүүчү факторлорго таасир этүүчү башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте жүргүзөт.
5-глава. Борбордун укуктары
11. Борбор ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинен, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Борбордун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) компетенттүү органдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетине, министрликтерине, административдик ведомстволоруна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүнүн катышуучулары тарабынан жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө материалдарды жана маалыматтарды жиберүүгө;
4) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
5) белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартууга, ошондой эле экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө дем берүү максатында инвестициялык долбоорлорду толук ишке ашырууда инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
6) кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган өз ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун компетенциясына кирген чөйрөлөрдө инновациялык технологияларды, методдорду жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого багыттоого;
7) кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган өз ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бөлүгүн Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине сый акыларды төлөөгө жана дем берүүчү гранттарды берүүгө багыттоого;
8) кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган өз ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңыртууга, ошондой эле Борбордун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн адистештирилген жабдууларды сатып алууга багыттоого;
9) кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган өзүнүн ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (кеңселерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана эксплуатациялоону каржылоого багыттоого;
10) кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган өзүнүн ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине турак жайларды (батирлерди) берүү максатында көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоону жана курууну каржылоого багыттоого;
11) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык Борбордун компетенциясынын чегинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Борбордун окуу сабактарынын профилине ылайык келген кафедраларды уюштурууга;
13) адистерди, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүн окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн окуу борборлорун түзүүгө;
14) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн өзүнүн ишинен, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана эмгек келишимдеринин же келишимдердин негизинде адистерди ишке тартууга;
15) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Министрликтин макулдугу менен чет өлкөлүк адистерди тартууга;
16) Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында өзүнүн атынан доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз ээси же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
17) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөлөрдө иш-чараларды өткөрүү үчүн министрликтин макулдугу менен чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө көрсөтүлгөн иш-чараларга катышууга;
18) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды, конференцияларды жана форумдарды уюштурууга, катышууга жана Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
19) Министрликтин макулдугу менен Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларга, конференцияларга жана форумдарга катышууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
20) Борбордун компетенциясынын чегинде шаар куруу, архитектура, курулуш, курулуш процессине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү чөйрөсүндө инновациялык технологияларды өздөштүрүүгө, эксплуатациялоого жана киргизүүгө байланышкан долбоорлорго катышууга;
21) өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
22) эмгек рыногунун керектөөлөрүн канааттандыруу жана адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
23) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен түздөн-түз, башкача айтканда атаандаштык жол-жоболорду өткөрүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө.
6-глава. Борбордун ишин уюштуруу
12. Борборду Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басары болот, ал Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
15. Директор:
1) Борбордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишине жеке жоопкерчилик тартат;
2) Борборду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат, узак жана кыска мөөнөттүү иш пландарын бекитет;
3) Борбордун ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Борбордун ишине жаңы технологияларды жана иш методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкер байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Борбордун атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) аймактык башкармалыктарды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү кошо алганда, Министрликтин штаттык расписаниесин, түзүмүн, чыгымдар жана кирешелер сметасын бекитүүгө киргизет;
7) Борбордун финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарууну жүзөгө ашырат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Борбордун чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат;
9) Борборду өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булактарын тартууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарлардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коёт, Борбордун кызматкерлерине, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
13) Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек талаш-тартыштарын жана чыр-чатактарды эмгек мыйзамдарына ылайык чечет;
15) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
17) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн алдына коюлган милдеттерди аткаруунун сапатына контролдукту уюштурат;
18) Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
19) Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышына контролду уюштурат, ошондой эле Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
20) аймактык башкармалыктарды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүдө алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын Министрликке бекитүүгө берет;
21) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
22) Министрликке аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
23) Министрликке отчетторду өз убагында даярдоону жана берүүнү камсыз кылат;
24) мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
25) жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;
26) Борбордо эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
7-глава. Борбордун мүлкү жана каржылоо булактары
16. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген жана Борбордун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат, анын булактары болуп гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, өз ишинен түшкөн кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
18. Борбор жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өз ишинин натыйжасында алынган, Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген жалпы кирешенин 10%ынан ашпаган сумманы Министрликтин атайын эсебине ай сайын которот.
19. Борбордон анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
21. Борбор жоюлган учурда анын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.