Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-апрели № 91
Арал айыл аймагынын 2023-2025 –жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл аймагынын 2023-2025 –жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекcиз ачык X-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл айыл аймагынын 2023-2025-жылдардагы бюджетин божомол долборунун кирешелер бөлүгү 2023-жылга 11640,5 мин сом, 2024-жылга 11721,7 мин сом, 2025-жылга 11805,4 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Арал айыл аймагынын 2023-2025-жылдардагы бюджеттин долбоорунун киреше булактары № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Арал айыл аймагынын 2023-2025-жылдардагы бюджеттин божомолдуу долбоорунун чыгашалар бөлүгү 2023-жылга 11640,5 мин сом, 2024-жылга 11721,7 мин сом, 2025-жылга 11805,4 мин сом өлчөмүндө белгиленсин .
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдөө ,айыл аймактык кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.С.Кыдыров |