Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-апрели № 78
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилет.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн, анын ичинде конкурстан тышкары тартипте түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби Президент тарабынан аныкталат.".
2) 16-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Акылман" президенттик лицейинин, Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.".
2-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) мамлекеттик билим берүү гранты - билим алуучуга (грант алуучуга) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин кесиптик орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмунда, тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адистиктер боюнча окуу үчүн берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары;";
2) 39-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алууга укуктуу.
"Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алууга укуктуу.
"Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөнөт.
Ушул бөлүккө ылайык окууга жиберилген "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган, же болбосо уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү же, эгерде келишимдин шарттарын бузса, окутууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт.
Стипендия ээлери менен окуу келишимин түзүү эрежелери, алар менен өз ара аракеттенүүнүн, ошондой эле окууга жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1, 6-2 жана 6-3-бөлүктөр менен толукталсын:
"6-1. Жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
6-2. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
6-3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.";
3) 54-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 28-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле алардын окуусу үчүн эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында Кыргыз Республикасы жоопкерчилигин алган адамдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуу үчүн жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү квоталардын чегинде мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.";
в) 4-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Окутуунун наркы мамлекеттик билим берүү грантынын наркынан ашып кеткен учурда, ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-1-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, ашып кеткен наркты төлөө боюнча жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 13-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |