Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-апрели ПЖ № 140
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө";
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамалары тиркемеге ылайык бекитилсин.";
3) жогоруда аталган Жарлыктын тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамалары";
- 1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-глава. "Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси
"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 мм бөлгөн айлананы түзгөн жогорку деңгээлдеги сегиз нурдан жана диаметри 30 мм болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлдеги он алты нурдан турган симметриялык жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоолордун чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.
Жылдыздын борбордук бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери бар лавр веногу менен алкакталган, ак алтындан каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда алтын фондогу ыйык "Ак Шумкардын" рельефтүү сүрөтү жайгашкан. Анын жогорку бөлүгүндө өлкөнүн жети облусун символдоштуруучу жети бурчтуу жылдыздын рельефтик сүрөтү жайгашкан.
Калып тумар (үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы) түрүндө берилген, анда кызыл эмаль фондо түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү лавр бутактары жайгашкан.
Калып жана жылдыз бири-бири менен того менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде визор түрүндөгү бекиткичи бар.";
- 11-главанын төртүнчү абзацында, 16-главанын үчүнчү абзацында "төөнөгүч" деген сөз "визор" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 15-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-глава. Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына төш белги
Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган түз формадагы калып штамповка методу менен жасалган, өлчөмү 26 мм х 17 мм болгон калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жайгашкан.
Асма алтын менен капталган күмүштөн жасалган, анын үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун (күндүн нуру менен кыюуланган түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) рельефтүү элементи жайгашкан. Борборунда "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү жазуу жайгаштырылган. Асманын чет жактарында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Асманын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекитмеси бар.
Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белги биринчи категориядагы ардак наамдарга төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-глава менен толукталсын:
"17-глава. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тик бурчтук формасына ээ. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жасалган, ал крап түсүндөгү винил булгаары менен капталган.
Ардак грамотанын негизинин алдынкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жазуу үчүн жылтырак кагазда басылган 2 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу формадагы оюк бар.
Алдынкы бетинин жогорку бөлүгүнүн борборунда түшүмдүүлүктүн жана меймандостуктун символу болгон буудайдын машактары менен курчалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин эки тарабында ысытылган алтын менен басылган тоо кыркаларынын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.
Ардак грамотанын төмөн жагынын борборунда "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ" деген текст жайгашкан, андан ары ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталуучу сыйланып жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана мамлекеттик тилдеги текст жазылат.
Ардак грамотанын төмөнкү бөлүгүндө катары менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ" деген текст, Кыргыз Республикасынын Президентинин инициалдары жана фамилиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын датасы жана номери жайгаштырылган.
Ардак грамотанын арткы бетинде аны түз жерге коюу үчүн ачылуучу буту жана дубалга илүү үчүн "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген рельефтүү жазуусу бар жылмаланган болоттон жасалган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: эни - 365 мм, бийиктиги - 295 мм, калыңдыгы - 25 мм.
Ардак грамотанын үстүнкү жана төмөнкү жактары полимердик кыюулар менен жабылган, ага алтындын буусу менен түшүрүлгөн кыргыздын улуттук оюму тартылган.
Жогорку оң бурчунда Ардак грамотанын "Ардак белги" төш белгиси үчүн крап түсүндөгү булгаары менен капталган металл кыюу бар.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |