Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-апрели № 235
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасында:
- 4-пунктта:
"2024-ж. IV кварталы" деген сөздөр "2025-ж. IV кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"2023-2024-жж." деген сөздөр "2025-ж. I кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта "2022-2024-жж." деген сөздөр "2026-ж." деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |