Редакцияот 23.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 23-апрели № 3/3

 

Кара.Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары боюнча  жобосун   жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары боюнча  жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.     Жер комиссиясынын курамы   2-тиркемеге ылайык   бекитилсин.

 

3.     Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

  

Төрага

К. Жакыпакун уулу

 

 

                                                                                                                       1-тиркеме

                                                                                                     БЕКИТИЛДИ

                                                                                         Кара-Суу айылдык кеңешинин

                                                                                         2025-жылдын 23-апрель

    №3/3 токтому менен

 

Айыл  чарба жерлеринин  кайра   бөлүштүрүү  фондусунун   жерлерин ижарага берүү

 

1.Жалпы жобо

 

1.АКФнын жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.

2.Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт

3.АКФнын жерлерин ижарага берүү максатында Кара-Суу айыл өкмөтү курамы 7 адамдан турган жер комиссиясын түзөт,анын курамына төмөнкүлөр кирет:                                                                                                                                    

-1 айыл өкмөтүнүн башчысы;

-1 жер адиси;

-1 жоопту катчы;

-4 айыл кеңешинин депутаты;

Райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлү (байкоочу катары).

4.Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти Кара-Суу айыл кеңеши тарабынан бекитилет.

5.Жер комиссиясы:

-лотторду түзөт;

-ижара акысын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;

-конкурстун шарттарын аныктайт;

-кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;

-лоттордун чек араларын аныктайт;

-ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;

-ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;

-ар бир лот боюнча аукцион “арымынын” өлчөмүн белгилейт;

-ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;

-тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;

-ушул Келечек планда белгиленген башка кызматтарды жүзөгө ашырат.    

6.Тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт;

-жер комиссиясынын мүчөлөрү;

-аукциончу.

7.Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор

8.Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар №1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада арыз жана төмөнкү документтерди беришет:

-аукционго,конкурска катышууга арыз;

-инсандын ким экендиги күбөлөндүрүүчүдокументтин көчүрмөсү жана зарыл учурда өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;

-кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;

-АКФнын жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алган учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жер салыгын төлөө туралуу кепилдик кат же милдеттенме.

Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп,конвертке салып,чаптап беришет.

Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн,ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.

Тооруктарга катышуу жөнүндө арыз талапкер (арыз берүүчү) тарабынан же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет.

9.Жер комиссиясынын катчысы атайын журналга берилген арыздарды,ошондой эле III бөлүмдүн 8-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана каттайт. Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүү күнүнө 5 күн калганда токтотулат.

10. Катчы (аукциондун,конкурстун) каттоо күнүн жана номерин көрсөтүү менен документтерди кабыл алуу жөнүндөгү билдирүүнү (№1-тиркеме) тооруктарга катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди алгандан кийин берүүгө милдеттүү.

Тоорукка катышууга документтерди кабыл алуу жана каттоодон баш тартуу ушул пунктта каралган тартипте жүргүзүлөт.

Катчы кабыл алынган документтерди жер комиссиясынын кароосуна жиберет.

11. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат.Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат,ал тууралуу протокол түзүлүп(№1-тиркеме) анда бардык уруксат берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин) ошондой эле III бөлүмдүн 12-пунктуна ылайык тоорукка катышууга уруксат берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.

12. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:

-арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;

-тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган  тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер талаптарга жооп бербесе.

Кабыл алынбаган арыз менен документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.

13. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын олчомүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө аныкталат,ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленент.

14. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда,кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.

15. Кепилдик төлөмдү төлөөдө аны төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилет.

16. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:

-жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;

-жеңүүчү АКФнын жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.

17. Калган учурларда кепилдик төлөм:

-тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген күндөн тартып;

-тоорук бүткөн күндөн тартып;

-тоорук өткөн жок деп таанылган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.

18. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.

 

1.1.АКФнын жер участокторун ижарага аукцион аркылуу берүү

 

19.АКФнын жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо аймактарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан кызыктырган жерлер боюнча жүргүзүлөт.

20. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участогу өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.

21. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:

-лоттун номери;

-жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);

-участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;

-ижара акысы;

-баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);

-аукциондун “арымы”;

-ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;

-сервитуттардын болушу же жоктугу.

22. Айыл өкмөт аукционду өткөрүүгө 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде аукцион тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү,анда:

-контурларынын баяндамасы менен бирге лоттордун тизмеси;

-аукционду өткөрүү шарттары,күнү,орду;

-ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;

-кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;

-ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;

-ар бир лот боюнча аукциондун “арымы”;

-арыздарды жана документтнерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;

-аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

-аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги;

-ар бир лот боюнча жылдык жер салыгынын өлчөмү көрсөтүлөт.

Муну менен бирге Айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарга,жыйналыштарда айтып,жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.

23. Аукциондун “арымы” Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун “арымы” аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.

24. АКФнын жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөттүн башчысы тарабынан аукциончу дайындалат.

25. Аукциондун лоттун аталышын,негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукциончу жарыялагандан кийин башталат.

26. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет,алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.

Ар бир кийинки баа учурдагы бааны “аукциондун арымына”жогорулатуу мененаныкталат.Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукциончу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукциончу аукциондун “арымына” ылайык кийинки бааны жарыялайт.

27. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса,акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.

28. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (№1-тиркеме). Протоколго ошондой эле аукциончу,

 Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

Протоколдо төмөнкү маалыматтар болот: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү,  жер участогун ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттемелерери,лоттун номери,ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун женүүчүсүнө берилет.

29. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо,ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

30. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгондон тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде айыл өкмөт менен ижарачынын-аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участогун ижаралоо келишими (№1-тиркеме) түзүлөт.

31. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:

а) аукционго бир катышуучу катышса;

б) келечек пландын 29-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билетин көтөрбөсө.

32. Белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.

Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу,бирок 15 проценттен көп эмес.

Эгер экинчи тоорук 31-пункттун “а” пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда,Жер комиссиясы жер участогун тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

33. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участогун конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.

 

1.2. АКФнын жер участокторун ижарага конкурс аркылуу берүү    

 

34. АКФнын жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо аймактарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер,ошондой эле III бөлүмдүн 33-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.

35. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерге конкурс тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү,анда:

-лоттун номери;

-жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);

-участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;

-конкурстун шарттары,анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;

-ижара мөөнөтү;

-сервитуттун болушу же жоктугу;

-арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;

-конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

-конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.

Муну менен бирге айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда,жыйналыштарда айтып.жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.

36. Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:

-конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

-конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек;

37. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

-бир катышуучу катышса;

-III бөлүмдүн 48-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.

38. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.

Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

39. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, жер участогу түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.

41. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлгөн Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучулары менен бирдикте берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.

42. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучулары менен бирдикте арыздарды ачуу жүргүзүлөт.

43. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.

Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.

Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

44. Жер комиссиясынын отуруму,эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса, мыйзамдуу болот.

45. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.

46. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (№1-тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:

-жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;

-конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;

-конкурстун жеңүүчүсү.

Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.

47. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде айыл өкмөт менен ижарачынын-конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участогун ижаралоо келишими (№1-тиркеме) түзүлөт.

III бөлүмдүн 47-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими ьаш тартуукатары каралышы мүмкүн.

48. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.

49. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.

 

1.3. АКФнын жер участокторун ижарага түз берүү                                                        

 

50. АКФнын жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

-ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;

-АКФнын бош калган жерлерин ,ошондой эле ушул III бөлүмдүн 40-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;

-мамлекеттик асыл тукум чарбалар, үрөнчүлүк чарбалары, тажрыйбалык-уруктандыруу жана эксперименттик чарбалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө;

-социалдык багыттагы субъекттер.

Эгер жергиликтүү кеңештер  тарабынан башкасы каралбаса, Айыл чарба жерлерин кайра болштүрүү фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.

 

1.3.1. АКФнын жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага берүү

 

51. АКФнын жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге жана жакыр үй-бүлөлөргө, жарандарга ижарага берүү Келечек планга ылайык экономикалык жактан кызыктыруучу жерлердин аймагынан жүргүзүлөт. Мында берилүүчү жерлердин жалпы аянты АКФдагы бардык жерлердин 20 процентинен ашпашы керек.

52. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъекттер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.

53. Жер комиссиясы арыздарды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АКФнын жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.

54. АКФнын жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.

 

1.3.2. АКФнын бош калган жерлерин, ошондой эле экинчи жолу конкурс болгон жок деп таанылганда жерлерди ижарага берүү

55. АКФнын бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо аймактарынан,ошондой эле III бөлүмдүн 40-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.

56. Бул жер участокторуна талапкерлер айыл өкмөткө арыз беришет.

57. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.

 

1.3.3. АКФнын жерлерин мамлекеттик асыл тукум чарбаларга, үрөнчүлүк чарбаларына, тажрыйбалык-уруктандыруу жана эксперименттик чарбаларга ижарага берүү

 

58. АКФнын жерлерин мамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрөнчүлүк чарбаларына ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер пландоо аймактарынан жүргүзүлөт.

59. Бир айлык, поселоктук кеңеш боюнча мамлекеттик асыл тукум чарбаларына, үрөнчүлүк чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участоктору Келечек планда каралууга тийиш.

 

1.3.4. АКФнын жерлерин ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага берүү

 

60. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар айыл өкмөткө жакыр үй-бүлөнүн статусун тастыктоочу документинин көчүрмөсүн тиркөө менен арыз берет.

61. Жер комиссиясы арызды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АКФнын жерлери ижарага берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн  жана жарандардын тизмеси түзүлөт. Биринчи кезекте ушул айыл өкмөттүн аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берилет.

 

2. Корутунду бөлүк

2.1. АКФнын жерлерин ижаралоо келишимдерин түзүү жана аны мамлекеттик каттоо

 

62. АКФнын жер участогун ижарага алуу укугун берүүнүн түрүндө (тоорук,түз берүү) карабастан, айыл өкмөт ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участогун ижаралоо келишимин түзөт.

63. Ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

64. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.

65. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.

66. Ижара акысы мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү белгилүү суммадагы төлөм же/жана (натуралай) айыл чарба азыгы түрүндө төлөнүшү мүмкүн..

67. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участогун ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

-жер участкасын ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен пайдалануу;

-жер участогун анын максаттык багытын бузуу менен пайдалануу;

-кыртыштын асылдуулугун олуттуу начарлатуу;

-келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысын төлөбөө;

-келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

68. Ижарага алынган жер участогу башка жактарга субижарага берилиши мүмкүн эмес.

69. Ижарага алынган жер участогуна болгон укук менен ипотека келишимин түзүүгө болбойт.

 

2.2. Акча каражаттарын бөлүштүрүү

 

70.АКФнын жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөр тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.

АКФнын жерлерин пайдаланганы үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан АКФнын жерлерин жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу үчүн жумшала турган каражаттардын өлчөмү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы

_____________________________________________________

_____________________________________________________

(ижарачынын фамилиясы,аты жөнү)

_____________________________________________________

(паспорт боюнча маалыматтар:серия,номери,

_____________________________________________________

качан,ким тарабынан берилген/

_____________________________________________________

Юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги)

 

_____________________________________________________

 

(жашаган жери)

 

АРЫЗ

 

           АКФнын N ____ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксакт берүүңүздү суранам.

           Тиркелүүчү документтердин тизмеси:

          1)_________________________________________________________________________

          2)_________________________________________________________________________

           3)_________________________________________________________________________

          4)_________________________________________________________________________

           Арыз ээсинин колу __________________________________________________________

________________________________________________________________________________

                                                                  (фамилиясы, аты-жөнү)

 

         ______жылдын”____”_______________________

 

          Арыз берген күнү жана каттоо номери ______  жылдын “____”_____________

 

 ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

                                               (арызды кабыл алган адамдын кызмат орду)

 

    _______________________________________________________________________________

                      (арызды кабыл алган адамдын кызматы,фамилиясы,аты-жөнү,колу)

 

           Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.

 

БИЛДИРҮҮ

(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

 

______жылдын “_____” ____________ Кара-Суу айыл өкмөтүнүн

(жылы)                   (күнү)          (айы)                  (айыл өкмөтү)

 

Каттоо номери _________________

1.__________________________________________________________________________________

                                             (жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт N

____________________________________________________________________________________

                                                         юридикалык жактын аталышы)

 

         АКФнын лот ____________, аянты _______ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери

_____________________________________________________________________________________

                                                       (орун алган жеринин жазылышы)

           2. Тоорук (аукцион, конкурс) 200 ______ж. “_____” _______________________________  N

________кабинетте ____________________________________________ имаратында

                                                       (жайгашкан жери толук жазылат)

            дареги  боюнча өткөрүлөт.

           3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________    

            Талапкердин арызын кабыл алууга

            жана каттоого жоопту адамдын

            фамилиясы,аты-жөнү,ээлеген кызматы

            жана колу

            _______________

            (колу)

 

 

 

 

 

 

ПРОТОКОЛ N ______

 

________ жылдын “______” ___________________

                                            (жылы)                       (күнү)                   (айы)

 

арыз ээлерин (талапкерлерди) АКФнын жерлерин ижарага берүү боюнча

__________________________________

Тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө

 

 

Комиссиянын курамы:

Төрага__________________________________________________________________

Катчы___________________________________________________________________

Комиссия мүчөлөрү_______________________________________________________

Арыздардын саны_______________, анын ичинде

аукционго_____________________

Конкурска_____________________

 

Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):

1.________________________________________________________________________________

2.________________________________________________________________________________

3.________________________________________________________________________________

 

Тоорукка катышууга жол берилбегенарыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж)

1.________________________________________________________________________________

______________________________(жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

2.________________________________________________________________________________

______________________________(жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

3.________________________________________________________________________________

______________________________(жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

 

Жер комиссиясынын төрагасы _________________________________________________

 

 

 

 

 

ПРОТОКОЛ N ______

 

________ жылдын “______” ___________________

                                            (жылы)                       (күнү)                   (айы)

 

АКФнын жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

Аукционду уюштуруучу:___________________________________________________________

Аукционду алып баруучу:__________________________________________________________

Жеңүүчү:_________________________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү:__________________________________________________________________

Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны:____________________________________

Лоттун номери _______, аянты_______га, анын ичинде айдоо _______га, анын ичинде сугат айдоо _____га, көп жылдык өсүмдүктөр _____га, чабындылар ______га.

 

Ижара мөөнөтү________________________________________________________________

                                                              (сан жана жазуу түрүндө)

Баштапкы ижара акысы_________________________________________________________

                                                                     (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысынын акыркы өлчөмү________________________________________________

                                                                            (сан жана жазуу түрүндө)

 

 

 

Тоорукту уюштуруу ____________________________________

 

Аукционду алып баруучу _______________________________

 

Аукциогдун жеңүүчүсү _________________________________

ПРОТОКОЛ N ______

 

________ жылдын “______” ___________________

                                            (жылы)                       (күнү)                   (айы)

 

АКФнын жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөүндө

 

                         Комиссиянын курамы:

Төрага ____________________________________________________________________________

Катчы _____________________________________________________________________________

Комиссия мүчөлөрү _________________________________________________________________

Жеңүүчү:___________________________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү:____________________________________________________________________

Лоттун номери ______, аянты ______га, анын ичинде айдоо _______га, анын ичинде сугат айдоо ______га, көп жылдык өсүмдүктөр ______га, чабындылар _______га.

Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны:______________

 

 

                     Катышуучу

                      Сунуш

Конкурстун жеңүүчүсү

 

Экинчи жеңүүчү

 

Ж.у.с.

 

 

 

 

 

Ижара мөөнөтү ______________________________________________________________________

                                                            (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысы ________________________________________________________________________

                                                            (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акыны төлөөнүн түрү жана мөөнөтү_______________________________________________

                                                                                                   (сан жана жазуу түрүндө)

 

 

Конкурстук комиссиянын төрагасы ____________________________________

 

Конкурстук комиссиянын катчысы _____________________________________

 

 

 

 

 

АКФнын жерлерин ижаралоонун

ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

 

________жылдын “______”____________ __________________________айылы (шаары)

  (жылы)                      (күнү)             (айы)

Биз,_____________________________________________________________________________

                                                                       (башчынын аты-жөнү

_________________________________________________________________________________

                                                айылдык, поселоктук кеңештин аталышы)

мындан ары бир тараптан – “Ижарага берүүчү”деп аталуучу жана экинчи тараптан

__________________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________________

                                     (жер участогун ижарага алуучунун аты-жөнү,юридикалык

                                                                            жактын аталышы)

        мындан ары “Ижарачы” деп аталгандар төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түздүк:

 

1.Келишим заты

 

Ижарага берүүчү Ижарачыга тиркелген жер экспликациясына ылайык ушул келишимге тиркелген пландын (картанын) 1: _________ масштабындагы чектерде көрсөтүлгөн ________ га жерди, анын ичинде тиркелген жердин баяндамасына ылайык жердин түрлөрү боюнча ижарага ________ жылдык мөөнөт менен жылга чейин берет.

 

2. Ижара акысы

 

2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) Ижарага берүүчүгө сом өлчөмүндө ижара акысын графикке ылайык төлөп турууга милдеттенет.

2.2. Ижара акыны төлөө боюнча милдеттенме бузулганда Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнгөн сумманын 0,5 процент өлчөмүндө айып төлөйт.

2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, бирок жылына бирден көп эмес жолу өзгөртүлөт.

 

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

 

3.1. Ижарачы төмөндөгүлөргө укуктуу:

-ижарага алган жер участкасында өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

-ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзүүгө;

-мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижарага алынган жерлерди алып койгон учурда кыртыштардан асылдуулугун жогорулатууга жумшаган жана кеткен чыгымдарга, алалбай калган пайданы да кошуп компенсация алууга;

-ижарага алынган жер участкасында жайгашкан жалпыга таралган пайдалуу кендерди чарбанын керектөөлөрү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

-ижарага алынган жер участкасында белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө.

3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

-ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдаланууга;

-ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;

-ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;

-башка жер пайдалануучулардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартиптерин бузбоого;

-өзүнүн чарбачылык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлап кетишине байланыштуу чыгымдарды, алалбай калган пайданы толук көлөмүндө Ижарага берүүчүгө жана жерди аралаш пайдалануучуларга төлөп берүүгө;

-ижарага берүүчү жерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына участкага эркин киришин камсыз кылууга;

-жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын  жана башка төлөмөрдү өз убагында төлөөгө;

-келишим аяктагандан кийин жер участкасын келишим күчүнө кирген мезгилде кандай болсо, ошондой абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө.

 

4.Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

 

4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жерди пайдалануу жана коргоо боюнча Ижарачынын иштерине контроль жүргүзүүгө;

- жер участкасында курулган мелиоративдик, рекультивациялык, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой өсүмдүктөрүн отургузуу. Эрозияга каршы жана башка объекттердин ишке киришин кабыл алууга катышууга;

- Ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга;

- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарачынын макулдугу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

- ушул келишимдин шарттары жана жер, жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузууга алып келген Ижарачынын иштерин токтотууга.

4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- келишим катталган мезгилден тартып _________мөөнөттүн ичинде келишимдин шарттарына жана милдеттерине ылайык келгендей абалда жер участкасын Ижарачыга өткөрүп берүүгө;

- Ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланышына жолтоо болбоого;

- АКФнын жерлеринин абалына контроль жүрузүүгө;

- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;

- эгерде Ижарачы каза болуп калса, ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын бир мураскору менен берген арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;

- АКФнын жерлеринин абалын жакшыртууга жана жерлерди өздөштүрүүгө кеткен Ижарачынын чыгымдарын толук же жарым-жартылай ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин төлөп берүүгө.

 

5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун тартиби

 

             Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

а) жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;

б) жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо;

в) жер участкасын кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген жолдор менен пайдалануу;

г) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөсө;

д) кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;

е) ижарага берүүчүнүн келишимдин шарттарын аткарбоосу;

ж) ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялар боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

з) тараптардын ижара акынын өлчөмүн индексациялоо боюнча макулдашууга жетишпөөсү.

           Эки тараптын айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин же бүткөндөн кийинки жазуу жүзүндөгүмакулдугу боюнча же соттук тартипте ушул келишим өзгөртүлүшү же мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн .

           АКФнын жерлерин ижаралоо келишимин бузуу айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин, түшүмдү жыйнагандан кийин жүргүзүлөт.

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги

 

         Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

 

7.1. Ушул келишим боюнча мүмкүн болуучубардык бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.

7.2. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

7.3. Башка шарттар __________________________________________________

7.4. Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси – Ижарачыда калат, үчүнчүсү Макмкаттонун жергиликтүү органына берилет.

7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:

 

       Ижарага берүүчү                                                 Ижарачы

    ______________________________   _________________________________

    ______________________________   _________________________________

    ______________________________   _________________________________

 

      Колдору:

      Ижарага берүүчү                                                 Ижарачы    

    ______________________________    _________________________________

                             (колу)                                                         (колу)

М.О.

 

Келишим ____________ районунда 200 __-жылдын” ____” _____________ катталды.

 

Каттоо номери________________М.О. 

 

 

 

Типтүү жобого

Тиркеме

 

Ижарага берилген жерлердин

ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

 

                                         (аталышы же ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)

 

 

Жалпы

Аянты, га

 

 

                                                                           Андан

Баардык

айдоо

                                             Анын ичинде

         сугат

кайрак

Көп жылдык

өсүмдүктөр

чабынды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

         М.О.

 

 

 

Төрага                                                                                                   К. Жакыпакун уулу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2 -тиркеме

 

                                                                                                     БЕКИТИЛДИ

                                                                                                     Кара-Суу айылдык кеңешинин

                                                                                                     2025-жылдын 23-апрель

      №3/3 токтому менен

 

 

 

Кара-Суу айыл аймагындагы АКФнын жерлерин ижарага берүү максатында  

комиссиянын курамы:

 

 

1. А.Аалиев –  айыл  өкмөт башчысы  АКФ нын  жерлерин ижарага  берүү     

    комиссиясынын  төрагасы

2.  П.Чикеева-  жер боюнча  башкы адис,  комиссиянын  катчысы

 

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 

 3. Б. Мамытов – айыл  өкмөтүнүн   орун басар-жооптуу  катчы 

 4. Ч. Үсөнов-жергиликтүү кеңештин депутаты  (макулдашуу  менен)

 5. М. Жумашов-жергиликтүү кеңештин депутаты(макулдашуу менен)

 6. К. Абдыкадыр уулу -жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

 7. Н. Асанбек уулу- жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                          К. Жакыпакун уулу.