Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 24-апрели № 79
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин (келишимдерин) түзүү боюнча милдет автотранспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт.".
2-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-статьянын 2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, арызга укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу камсыздандыруу полиси тиркелет, ошондой эле каттоо органынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт.".
3-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары же күрөө жөнүндө келишим күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу милдетин жүктөсө, күрөө ошол камсыздандыруу полиси боюнча күрөө берүүчүнүн кандай болбосун укуктарына жайылтылат жана күрөө кармоочу түздөн-түз камсыздандыруучудан жана күрөө берүүчүнүн макулдугусуз камсыздандырып ордун толтуруунун кандай болбосун кийинки суммасынан өзүнүн камсыз кылынган талабын канааттандырууда артыкчылыктуу укукка ээ. Көрсөтүлгөн учурларда күрөө берүүчү күрөө кармоочуга камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.
Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү талаптын өлчөмүнөн төмөн эмес суммага камсыздандырууга милдеттүү.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 13-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |