Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-апрели № 85
Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери
Ушул Мыйзам кылмыштарды жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартибин жана шарттарын белгилейт, ошондой эле алардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын кепилдикке алат.
Эскертүү. Камакта кармоо тартиби жана шарттары деп тергөө изоляторлорунун, убактылуу кармоо изоляторлорунун жана гауптвахталардын режими түшүнүлөт.
2-берене. Ушул Мыйзамда камтылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) шектүү - кылмыш жасоого шектелип кылмыш иши козголгон же бөгөт коюу чарасы дайындалганга чейин кармоо колдонулган адам;
2) айыпталуучу - мыйзамда белгиленген тартипте кылмыш жасаган айыпталуучу катары жоопко тартуу тууралуу токтом чыгарылган адам;
3) соттолгон - сот тарабынан айыптоо өкүмү чыгарылган адам.
3-берене. Кылмыштарды жасоого шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоонун максаттары
Кылмыштарды жасоого шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо (мындан ары - камакта кармоо) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн жүзөгө ашырылат.
4-берене. Камакта кармоонун принциптери
Камакта кармоо мыйзамдуулуктун, бардык жарандардын мыйзам алдындагы теңдигинин, гуманизмдин, адамдын кадыр-баркын сыйлоонун принциптерине, эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат жана кылмыштарды жасоого шектелип жана айыпталып камакта кармалган адамдарды дене бойлук жана адеп-ахлактык жапа чектирүү максатында кыйноолор жана башка аракеттер менен коштолбоого тийиш.
5-берене. Камакта кармоонун негиздери
1. Кылмыштарды жасоого шектелип кармалган адамдарды камакта кармоонун негиздери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте түзүлгөн кармоо жөнүндө токтом болуп эсептелет.
2. Бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган айыпталуучуларды камакта кармоонун негизи болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте чыгарылган судьянын (соттун) токтому (аныктамасы) саналат.
6-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктук статусу
1. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана соттолгондор (күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча) алардын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче (мындан ары - шектүүлөр жана айыпталуучулар) күнөөсүз деп эсептелет. Алар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат жана милдеттерди аркалайт, мында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармалган шектелген жана айыпталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жол берилген чектөөлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат.
3. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жынысы, расасы, улуту, тили, теги боюнча, мүлктүк жана кызмат абалы, жашаган жери, динге карата мамилеси, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандыктыгы жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.
4. Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекер юридикалык жардам алууга укуктуу. Администрация камакта кармоо жайларында адвокаттардын же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн шектүүлөр жана айыпталуучулар менен жолугушуусун камсыз кылууга милдеттүү.
7-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлар
Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору;
3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;
4) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталары (гарнизондук гауптвахталар);
Эскертүү. Кылмыштарды жасоого шектелип жана айыпталып Кыргыз Республикасынын прокуратура, бажы органдары тарабынан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган адамдар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунда (УКИ) жана жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда (ТИЗО) камакта кармалат. Аларда ошондой эле кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар, аларда убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору жок болгон учурда камакта кармалышы мүмкүн.
8-берене. Тергөө изоляторлору
1. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган кылмыш жасоого айыпталуучуларды кармоо үчүн арналган. Тергөө изоляторлору юридикалык жактын укуктарына ээ болушу мүмкүн.
2. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана жоюлат, алар жаза аткаруу системасынын аймактык органдарынын системасына кирген мекемелер болуп эсептелет.
3. Тергөө изоляторлорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ал эми мунапыс берүү учурундагы айыпталуучулардын саны азайганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө же башка учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
9-берене. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору кылмыштарды жасоого шектелип кармалган адамдарды камакта кармоо үчүн арналган.
2. Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору милициянын ички бөлүмдөрү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Эскертүү. Кылмыш жасоого айыпталуучулар тергөө аракеттерин аткаруу, иштерди тергөө изоляторлору (ТИЗО) жайгашкан калктуу конуштардын чегинен сыртта соттук кароо үчүн зарыл болгон учурларда, аларды ал жерден күн сайын алып келүү мүмкүн болбогондо, аталган аракеттерди аткаруунун жана сот процессинин убактысы учуруна, бирок бир айдын ичинде 10 суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу кармоочу изоляторлорго (УКИ) которулушу мүмкүн.
4. Мындай которуу үчүн негиз болуп соттун токтому (аныктамасы), көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча прокурордун же тергөөчүнүн токтому саналат.
5. Айыпталуучуларды ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү жүйөлөрү боюнча тергөө изоляторлорунан убактылуу кармоочу изоляторлорго которууга жол берилбейт.
10-берене. Камакта кармоочу жайлардан адамдарды которуу тартиби
Шектүү, айыпталуучу кылмыш иши убактылуу кармоочу изолятору же тергөө изолятору бар башка органдын өндүрүшүнө өткөрүп берилген жана (же) тергөө өндүрүшүнүн же сотто кылмыш ишин кароонун орду өзгөргөн учурда соттун токтомунун (аныктамасынын), көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу боюнча прокурордун же тергөөчүнүн токтомунун негизинде камакта кармоочу бир жерден камакта кармоочу экинчи жерге которулушу мүмкүн.
11-берене. Жазаны аткаруучу мекемелерди айыпталуучуларды камакта кармоо үчүн пайдалануу
1. Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондор, башка кылмыш жасагандыгы үчүн кармалгандар ушул мекемелерде кармалышы мүмкүн, бирок алар жазасын өтөп жаткан соттолгондордон бөлөк кармалат.
2. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган айыпталуучулар түрмөлөрдө же жазаны аткаруучу мекемелердин аймагында ушул максаттар үчүн атайын жабдылган, тергөө изоляторлорунун режиминде иштеген жайларда кармалышы мүмкүн.
3. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздер боюнча экспертиза дайындалган учурда, ошондой эле аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте медициналык мекемелерге жаткырылат.
12-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармоо үчүн гауптвахталарды пайдалануу
Шектүү жана айыпталуучу аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө гарнизондук жана кароол кызматын өтөөнү уюштурууну жана анын тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда жана тартипте гауптвахталарда (гарнизондук гауптвахталарда) кармалат.
13-берене. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери
1. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлерине ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдары, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган аскер кызматчылары кирет.
2. Камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу мезгилинде метеорологиялык станциялардын, геологиялык-чалгындоо экспедицияларынын, кыштоолордун башчылары, ошондой эле алар ыйгарым укук берген адамдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктарды пайдаланат.
3. Ушул Мыйзамда камакта кармоочу жайлардын башчылары деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) тергөө изоляторлорунун башчылары;
2) жаза аткаруучу мекемелердин башчылары;
3) убактылуу кармоочу изоляторлордун башчылары;
4) карамагына гауптвахталар кирген аскер бөлүктөрүнүн командирлери;
5) гарнизондук гауптвахталардын башчылары;
6) убактылуу кармоочу изолятордун (УКИ) же тергөө изоляторунун (ТИЗО) режиминде иштеген атайын жабдылган жайлар болгон учурда тартиптик аскер бөлүктөрүнүн командирлери.
14-берене. Камакта кармоонун мөөнөттөрү
Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат.
15-берене. Камакта кармоочу жайлардын режими
1. Камакта кармоочу жайларда укуктук тартипти сактоого багытталган, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону, алардын өз милдеттерин аткарууну, аларды бөлөк кармоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган милдеттерди аткарууну камсыз кылуучу режим белгиленет.
2. Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жайлардын администрациясына, ошондой эле кызматкерлерине жүктөлөт, алар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Камакта кармоочу жайларда кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлөт.
16-берене. Камакта кармоочу жайлардын ички тартиби
1. Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жаза аткаруу системасынын органдары, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ички тартип эрежелери (мындан ары - Ички тартип эрежелери) колдонулат.
2. Ички тартип эрежелери төмөнкүдөй тартипти белгилейт:
1) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кабыл алуу жана камераларга жайгаштыруу;
2) жекече тинтүү, дактилоскопия, фотосүрөткө тартуу, ошондой эле шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын буюмдарын карап текшерүү;
3) шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган буюмдарды алып коюу;
4) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тамак-аш азыктарын, биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алуусу;
5) шектүүлөргө жана айыпталуучуларга аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү кабыл алуу жана берүү;
6) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын каттарды, телеграммаларды, акчалай которууларды алуусу жана жөнөтүүсү;
7) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды эмгекке тартуу;
8) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын күн сайын сейилдөөсүн өткөрүү;
9) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын ушул Мыйзамдын 18-беренесинде саналып өткөн адамдар менен жолугушууларын өткөрүү;
10) шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу.
3. Шектүүлөр жана айыпталуучулар Ички тартип эрежелери менен милдеттүү түрдө таанышууга тийиш.
4. Гауптвахтанын режими Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы менен аныкталат.
2-глава. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары жана аларды камсыз кылуу
17-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ички тартип эрежелеринин тексти, анын ичинде өзүнүн укуктары жана милдеттери, камакта кармоонун режими, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана башкалар менен таанышууга;
2) камакта кармоочу жайлардагы жеке коопсуздукка;
3) камакта кармоочу жайдын башчысынын, анын орун басарынын же алар ыйгарым укук берген адамдардын жеке кабыл алуусуна;
4) жактоочу, туугандары жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболоруна ылайык ушул Мыйзамдын 18-беренесинде саналып өткөн башка адамдар менен жолугушууга;
5) мыйзамга каршы максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон же мамлекеттик, кызматтык же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтерди жана жазууларды кошпогондо, кылмыш ишине таандык же өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашыруу маселелерине тийиштүү документтерди жана жазууларды өзүндө сактоого;
6) камакта кармоонун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана мыйзамдуу укуктары менен таламдарын бузуу маселелери боюнча сунуштар, арыздар жана даттануулар менен инстанцияларга, анын ичинде сотко кайрылууга;
7) кат алышууга жана жазууга керектелүүчү буюмдарды пайдаланууга;
8) акысыз тамактанууга, материалдык-тиричилик жана медициналык-санитардык жактан камсыз болууга, анын ичинде өздөрү тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышкан мезгилде;
9) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган учурларды кошпогондо, түнкү убакытта сегиз саат уктоого, бул убакта аларды процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;
10) күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөнү пайдаланууга;
11) жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгон буюмдарды жана заттарды пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны Ички тартип эрежелери менен аныкталат;
12) камакта кармоочу жайдын китепканасынан же камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу соода тармагынан сатып алынган адабияттарды жана мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле стол оюндарын пайдаланууга;
13) шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын камакта кармоочу жайларда диний ырым-жырымдарды жасоосуна, классикалык диний адабияттарды, диний сыйынуу буюмдарын алып жүрүүгө. Жогоруда аталган аракеттер башка шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын бузбашы керек.
Эскертүү. Классикалык диний адабият деп улуттук, расалык же диний араздашууну пайда кылбаган диний адабияттар түшүнүлөт;
14) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу диний ырым-жырымдарды өткөрүү үчүн дин кызматкерин чакыртууга;
15) өз алдынча билим алууга жана ал үчүн атайын адабияттарды, анын ичинде жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгондорду пайдаланууга;
16) аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү алууга;
17) дене тарбиялык машыгууга (дене тарбиялык гимнастика, спорт оюндары, атлетикалык гимнастика ж.б.у.с.);
18) камакта кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан өздөрүнө карата сылык мамиле жасалуусуна;
19) жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга.
2. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган жана тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө кармалган айыпталуучулар төмөнкүлөргө укуктуу (кошумча):
1) гезиттерге жана журналдарга жазылууга жана аларды алууга;
2) акча которууларды алууга жана жөнөтүүгө;
3) тергөө изоляторлорунун (түрмөнүн) дүкөнүнөн (күркөсүнөн) же камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу соода тармагынан тамак-аш азыктарын жана биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди сатып алууга;
4) ушул Мыйзамга каршы келбеген учурларда, никеге турууга жана бузууга, башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга.
3. Көз көрүүсү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар Брайл шрифти же чоңойтулган шрифт менен терилген адабияттарды, аудиокитептерди, кылмыш иши боюнча ассистент даярдаган материалдарды, ошондой эле аудиокитептерди жана материалдарды уктуруу жана жазуу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укуктуу.
18-берене. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу
1. Алгачкы суракка алынган же иш жүзүндө кармалган учурдан тартып кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган адамдарга жактоочу менен саны жана узактыгы чектелбеген жеке жолугушуулар берилет.
2. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери кылмыш ишинде камакта кармалган шектүүнүн, айыпталуучунун тарабында адвокаттын кылмыш ишине катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде шектүүлөргө, айыпталуучуларга алардын жактоочулары менен, алардын саны жана убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматкер аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жекеме-жеке жолугушууларды беришет.
3. Кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталуучуларга туугандары жана башка адамдар менен айына экиден ашпаган, ар биринин узактыгы 3 саатка чейин созулган жолугушуу берилет.
4. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуулар камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин контролу алдында жүргүзүлөт жана шектүүгө жана айыпталуучуга тыюу салынган буюмдарды, же болбосо кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасалган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
5. Кылмыштарды жасоого шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет.
19-берене. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган жайларга келүү
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана анын Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган жайларга атайын уруксатсыз кирүүгө укуктуу.
20-берене. Жеке коопсуздукка берилген укук
1. Шектүүнүн же айыпталуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда, же болбосо аларга каршы башка шектүүлөр же айыпталуучулар тарабынан кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүнүн же айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.
2. Шектүүнүн же айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, эгерде ал башка адамдардан коркунучка дуушар болсо, администрация аны өзүнчө бөлмөгө которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга жана коркунучтун шарттарын токтоосуз иликтөө чараларын көрүүгө милдеттүү.
21-берене. Кат алышуу
1. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга туугандары жана башка адамдар менен алынган жана жөнөтүлгөн телеграммаларына жана каттарына (анын ичинде электрондук каттарына) чек коюлбастан кат алышууга уруксат берилет.
2. Кат алышуу камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу гана жүзөгө ашырылат жана ал администрация, ал эми зарыл болгон учурда кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам же орган тарабынан цензурага алынат.
3. Шектүүнүн же айыпталуучунун атына келип түшкөн каттарды тапшыруу, ошондой эле алардын каттарын дарек ээсине жөнөтүү камакта кармоочу жайдын администрациясы тарабынан каттар келип түшкөн же шектүү же айыпталуучу тапшырган күндөн тартып, дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка учурда 3 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Цензураны жүзөгө ашыруу үчүн катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон, бирок 2 күндөн ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн. Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге, же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон, бирок 10 күндөн ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн.
4. Жакын туугандарынын өлүмү же катуу оорусу жөнүндө кабарлар шектүүгө же айыпталуучуга алар алынгандан кийин дароо (бир сааттан кечиктирбестен) кабарланат.
5. Камакта кармоочу жайдан чыгып кеткенден же бошотулгандан кийин шектүүнүн же айыпталуучунун атына келип түшкөн каттар алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен камакта кармоочу жайдын каражатынын эсебинен дарек ээсине жөнөтүлөт.
22-берене. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтүү
1. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук бирикмелерге даректелген сунуштары, арыздары жана даттануулары дарек ээсине камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу жөнөтүлөт.
2. Прокурорго, сотко же шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайларды контролдоого укуктуу болгон башка мамлекеттик бийлик органдарына даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурага алынбайт жана алар берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ал эми бул күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, биринчи жумуш күнү дарек ээсине чапталган пакетке салынып жөнөтүлөт.
3. Мамлекеттик бийликтин башка органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле жактоочуга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар камакта кармоочу жайдын администрациясы тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша алар берилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Кылмыш иши боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды камтыган, жашыруун жазма, шифр колдонуу менен аткарылган, ошондой эле мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган кат алышууга тыюу салынат жана алынып коюлат.
5. Соттун, тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы тергөө органынын аракеттерине жана чечимдерине даттануулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте алар берилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
6. Сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга берилген жооптор шектүүлөргө жана айыпталуучуларга кол койдуруу менен жарыяланат жана алардын өздүк иштерине тиркелет.
7. Өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланыштуу сунуштар, арыздар же даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кандай жол менен болбосун куугунтуктоого жол берилбейт. Камакта кармоочу жайдын мындай куугунтуктоого күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
23-берене. Тамактануу, азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди сатып алуу
Шектүүлөр жана айыпталуучулар ден соолукту жана каруу-күчтү сактоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамак-аш менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ченемдер боюнча камсыз болушат. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын, биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алууга укук берилет.
24-берене. Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу
1. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиеналык, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттары түзүлөт.
2. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга өзүнчө уктай турган орун берилет.
3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш ичип-жей турган буюмдар берилет.
4. Бардык камералар радио уктуруу каражаттары менен, ал эми мүмкүнчүлүккө жараша - телевизорлор, муздаткычтар жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыз кылынат. Камераларга камакта кармоочу жайдын китепканасынан, же болбосо көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы аркылуу соода тармагында сатып алынган адабияттар, ошондой эле стол оюндары берилет.
5. Камерадагы бир адамга туура келген санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.
25-берене. Медициналык-санитардык камсыз кылуу
1. Камакта кармоочу жайлардагы дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык иш Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт, көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы бул мыйзамдарды сактоого милдеттүү.
2. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүү тартиби, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана аларды тейлөөгө бул мекемелердин кызматкерлерин тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Шектүү же айыпталуучу дене-боюнан жаракат алганда ага камакта кармоочу жайдын медициналык кызматкери дароо медициналык жардам көрсөтөт, ал эми медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте жазылат жана жабыр тарткан адамга билдирилет. Камакта кармоочу жайдын башчысынын, же болбосо кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын чечими боюнча же шектүүнүн жана айыпталуучунун, же болбосо анын жактоочусунун өтүнүчү боюнча медициналык күбөлөндүрүү медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Мындай күбөлөндүрүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго даттанылышы мүмкүн.
4. Шектүү же айыпталуучу катуу ооруган же каза болгон учурда, камакта кармоочу жайдын администрациясы бул факт белгиленген учурдан тартып дароо (бир сааттан кечиктирбестен) бул тууралуу анын жакын туугандарына, кылмыш иши өндүрүшүндө турган тергөө органына жана бул фактыны текшерген көзөмөлдөөчү прокурорго кабарлайт.
5. Шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калган учурда ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын адистештирилген медициналык мекемесине же саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медициналык мекемесине жайгаштырылат.
6. Каза болгон учурда өлгөн адамдын сөөгү патологоанатомиялык же соттук-медициналык изилдөөдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган аракеттер жасалгандан кийин аны сураган адамдарга берилет. Сөөгүн эч ким сурап албаган каза болгон кишини көмүү мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.
26-берене. Аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана акчалай которууларды алуу. Акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр
1. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга салмагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген почта эрежелеринде каралган ченемдерге ылайык келүүгө тийиш болгон, чектелбеген сандагы аманат жиберүүлөрдү, ошондой эле айына жалпы салмагы 100 килограммга чейинки берип жиберүүлөрдү алууга уруксат берилет. Балдар, оорулуулар, кош бойлуу аялдар үчүн, ошондой эле балдары менен бирге болгон аялдар үчүн берип жиберүүлөрдүн салмагына чек коюуга жол берилбейт.
2. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу жайларга келип түшкөн акчалай которуулар алардын жеке эсебине чегерилет. Камакта кармоочу жайлардын администрациясынын уруксаты менен шектүүлөр жана айыпталуучулар өз каражаттарынан туугандарына же башка адамдарга акча которууга укуктуу.
3. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу же кылмыш куралы катары, же болбосо камакта кармоонун максаттарына тоскоолдук келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон предметтердин, буюмдардын тизмеги Ички тартип эрежелеринде аныкталат.
4. Сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди, буюмдарды карап текшерүүдөн жашырып калуу же шектүүлөргө жана айыпталуучуларга берүү, ага тете аларга кандай болбосун предметтерди белгиленген эрежелерге каршы берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
5. Жеп-ичкенге жараксыз болуп калган же шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тамак-аш азыктары камакта кармоочу жайдын медициналык кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча алынып коюлат жана берип жиберүүлөрдү алып келген адамдардын катышуусунда жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт.
6. Тийиштүү шарттар болгондо камакта кармоочу жайдын администрациясы шектүүлөргө жана айыпталуучуларга акы төлөнүүчү кошумча тиричилик жана медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде тизмеги Ички тартип эрежелеринде белгиленген дары-дармектерди сатып алууну камсыз кылат.
27-берене. Айыпталуучуларды эмгекке тартуу
1. Айыпталуучуларды эмгекке тартуу максатында тергөө изоляторлору колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырышы мүмкүн.
2. Айыпталуучулар тергөө изоляторлорунун жана түрмөлөрдүн аймактарында гана өздөрүнүн каалоосу боюнча эмгекке тартылышат жана өз эмгеги үчүн тийиштүү сый акы алууга укуктуу болушат, ал эч кандай кармап калууларсыз алардын жеке эсебине которулат.
3. Айыпталуучулардын тергөө изоляторлорундагы жана ТИЗО режиминде иштеген түрмөлөрдөгү өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер айыпталуучуларды камакта кармоонун шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тергөө изоляторлорунун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.
28-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу
Камакта кармоочу жайлардын администрациясы тергөөчүнүн, прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү талабы боюнча төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайларга кабыл алуу жана аларды дайындалган жерге жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүү;
2) камакта кармоочу жайлардын аймагында тергөө аракеттерин, амбулатордук соттук-психиатриялык жана башка экспертизаларды жүргүзүү үчүн жабдылган бөлмөлөрдү берүү;
3) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздерде тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуудан бошотуу.
29-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышуусу
Шектүүлөр жана айыпталуучулар кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын уруксаты менен жана Ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөргө өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу же түздөн-түз катышууга укуктуу.
30-берене. Аялдарды камакта кармоонун өзгөчөлүктөрү
1. Шектүү жана айыпталуучу аялдар камакта кармоочу жайларда шектүү жана айыпталуучу эркектерден бөлөк кармалат.
2. Шектүү жана айыпталуучу аялдар 3 жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу.
3. Кош бойлуу аялдар жана балдары менен бирге болгон аялдар үчүн жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттар түзүлөт, адистештирилген медициналык тейлөө уюштурулат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун жогорулатылган ченемдери белгиленет.
4. Кош бойлуу аялдардын жана балдары менен бирге болгон аялдардын күн сайын сейилдөө узактыгын чектөөгө жол берилбейт.
5. Кош бойлуу жана балдары менен бирге болгон аялдарды жаза чарасы катары айып изоляторуна камаганга жол берилбейт.
6. Эгерде аял камакта кармоочу жайларда орнотулган тартипти 3төн көп жолу бузса же системалуу түрдө балага камкордук көрбөсө, камакта кармоочу жайдын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга, же болбосо балдар мекемесине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч демилгелейт. Эгерде аялдын катышуусу менен ар башка шаарларда, жылдын суук мезгилдеринде, же болбосо башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте тергөө иштерин жүргүзүүгө туура келсе, мындай өтүнүч тергөө органдарынын демилгеси боюнча да берилиши мүмкүн.
31-берене. Балдарды камакта кармоо
1. Камакта кармоочу жайлардагы ар башка жыныстагы шектүү жана айыпталуучу балдар бири-биринен жана улуулардан бөлөк кармалат. Аларга жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жогорулатылган тамак-аш ченемдери белгиленет.
2. Шектүү жана айыпталуучу балдарга күн сайын 2 сааттан кем эмес сейилдөө белгиленет. Сейилдөө учурунда шектүүлөргө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга, ал эми айыпталуучуларга дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга жана мүмкүн болушунча спорттук оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк берилет.
3. Айыпталуучу балдарга жалпы орто билим алууну улантуу жана билим алуу үчүн милдеттү түрдө шарттар түзүлөт. Билим берүү процессинин жыйынтыгында балдар мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто билим тууралуу документ (аттестат) алат. Тийиштүү шарттар болгон учурда телеберүүлөрдү көрсөтүү уюштурулат, спорттук оюндар үчүн жайлар, ошондой эле балдарга ачык спорттук аянтчалар жабдылат, маданий-тарбиялык иштер жүргүзүлөт.
4. Айыпталуучу балдарга окуу китептерин жана мектепте жазганга керектелүүчү буюмдарды алууга же аларды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга, ошондой эле берип жиберүүлөрдө жана аманат жиберүүлөрдө аларды чектөөсүз санда алууга уруксат берилет.
3-глава. Камакта кармоочу жайларда обочолонтууну жана тартип сактоону камсыз кылуу
32-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды обочолонтуу
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар ушул Мыйзамдын 30, 31 жана 33-беренелеринде каралган бөлөк жайгаштыруу талаптарына ылайык жалпы же бир адамдык камераларда кармалат.
2. Шектүүлөр жана айыпталуучулар бир адамдык камераларда бир суткадан ашык прокурордун санкциясы менен, камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын жүйөлүү токтому боюнча кармалат. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бир адамдык камераларга жайгаштырууда прокурордун санкциясы төмөнкү учурларда талап кылынбайт:
1) шектүүнүн же айыпталуучунун жалгыз кармоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы болгондо;
2) шектүүнүн же айыпталуучунун, же болбосо башка шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында;
3) ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган бөлөк жайгаштыруу талаптарын сактоону камсыз кылууга башка мүмкүнчүлүктөр болбой калганда.
3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу жайлардын башка камераларында, башка жайларында кармалган шектүүлөргө жана айыпталуучуларга кандайдыр бир предметтерди берүүгө, кат алышууга, ошондой эле сүйлөшүүлөргө, анын ичинде дубалды каккылоого, кыйкырууга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу жайлардын персоналы менен (медкызматкерлеринен башка), имараттын коридорлорунда же камакта кармоочу жайдын короосунда турушкан кайсы болбосун адамдар менен сүйлөшүүгө жол берилбейт.
4. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын эркиндикте жүргөн адамдар менен сүйлөшүүлөрү, кандайдыр бир предметтерди кийирүүсү жана кат алышуусу ушул Мыйзамдын 18, 21 жана 26-беренелеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Ушул беренеде баяндалган обочолонтууну камсыз кылуу талаптары шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайдан тышкары ташууда да сакталууга тийиш.
33-берене. Камераларга бөлөк жайгаштыруу
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камераларга алардын инсандыгын жана психологиялык жактан дал келүүсүн эске алуу менен жайгаштырылат. Тамеки чеккендер мүмкүн болушунча чекпегендерден бөлөк жайгаштырылат.
2. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды, ошондой эле соттолгондорду камераларга жайгаштырууда төмөнкүлөр бөлөк жайгаштырылат:
1) бир кылмыш иши боюнча шектүүлөр жана айыпталуучулар;
2) биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар жана мурда эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып келген адамдар;
3) шектүүлөр жана айыпталуучулар, ошондой эле өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө кирген соттолгондор.
3. Өзгөчө учурларда көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен балдар кармалган камераларда оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирбеген кылмыштары үчүн жоопкерчиликке биринчи жолу тартылган, оң мүнөздөмө берилген жашы улуу кишилерди кармоого жол берилет.
4. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды, ошондой эле соттолгондорду башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан бөлүп жайгаштырууда бөлөк камерада төмөнкүлөр кармалышат:
1) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштарды жасоого, тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасоого шектүүлөр жана айыпталуучулар;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөндөгү кылмыштарды жасоого шектүүлөр жана айыпталуучулар: адам өлтүрүү; этиятсыздыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү; ВИЧ-инфекциясын жуктуруу; зордуктоо; сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракети; каракчылык; терроризм; барымтага алуу; мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү уюштуруу же ага катышуу; бандитизм;
3) коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарга шектүүлөр жана айыпталуучулар;
4) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор;
5) мурда же учурда судья, прокурор, тергөөчү, адвокат, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ички аскерлеринин аскер кызматчылары, ички иштер органдарынын, жазаларды аткаруу органдарынын, бажы органдарынын, салык органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болушкан шектүүлөр жана айыпталуучулар;
6) башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан бөлөк кармоого шарт болгондо, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
7) башка шектүүлөр жана айыпталуучулар тарабынан өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган шектүүлөр жана айыпталуучулар - камакта кармоочу жайдын администрациясынын чечими, же болбосо кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча;
8) инфекциялык оору менен ооругандар же өзгөчө медициналык кароого жана байкоого муктаж болгондор.
34-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын жеке коопсуздугу, аларды кайтаруу жана контролдоо
1. Шектүүнүн же айыпталуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда же болбосо башка шектүүлөр же айыпталуучулар тарабынан алардын инсандыгына каршы кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүнүн, айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү.
2. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармоочу жайларда кайтарууда жана контролдо болот жана бул жерлердин аймагында камакта кармоочу жайдын конвою менен же болбосо кызматкерлеринин коштоосунда басып жүрүшөт. Контролдоону жүзөгө ашыруу максатында аудио, видео техника же бул максатка ылайык келген башка техника колдонулушу мүмкүн.
3. Шектүүлөр жана айыпталуучулар дактилоскопияланууга, сүрөткө түшүрүлүүгө жана жеке тинтилүүгө тийиш. Алар жайгашкан жайлар тинтүүгө алынат, ал эми алардын буюмдары, берип жиберүүлөрү жана аманат жиберүүлөрү карап текшерүүдөн өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда жеке тинтүү, бөлмөлөрдү тинтүү, буюмдарды карап текшерүү системалуу түрдө жүргүзүлөт.
4. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын кийимдерин карап текшерүүдө, бөлмөлөрдү тинтүүдө табылган акчалар анын ээсинин жеке эсебине жазылат, ал эми баалуу кагаздар менен баалуу буюмдар сактоого өткөрүп берилет.
5. Шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан алынган тыюу салынган предметтер, заттар, тамак-аш азыктары талаптагыдай тартипте таризделет жана тийиштүү органга өткөрүп берилет же сактоого өткөрүп берилет же болбосо камакта кармоочу жайдын башчысынын жүйөлүү токтому боюнча жок кылынат, ал боюнча акт түзүлөт.
6. Санитардык процедуралар учурунда контролдоо жана шектүүлөр менен айыпталуучуларды жеке тинтүү камакта кармоочу жайдын шектүүлөр жана айыпталуучулар менен бирдей жыныстагы кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын буюмдарын жана кийимдерин камакта кармоочу жайдын аймагына кирүүдө жана аймагынан чыгууда карап текшерүүдөн өткөрүүгө, ошондой эле кирүүчү жана чыгуучу транспорт каражаттарын карап текшерүүгө милдеттүү.
8. Камакта кармоочу жайларды контролдоо жана көзөмөлдөө укугуна ээ болгон же шектүүлөр менен айыпталуучулардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган адамдардын, ошондой эле алардын укуктарын коргоону жүзөгө ашырган жактоочулардын буюмдары жана кийимдери карап текшерүүдөн өткөрүлбөйт.
9. Качууларга жол бербөө максатында камакта кармоочу жайдын кызматкерлери бөлмөлөрдү (дубалдарды, шыптарды, полдорду), ошондой эле аймакты, анын ичинде камакта кармоочу жайга жанаша жайгашкан аймакты да механикалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен карап чыгууга укуктуу.
35-берене. Камакта кармоочу жайларга жанаша жайгашкан аймактарда режимдик талаптарды камсыз кылуу
Убактылуу кармоочу изоляторлорго жана тергөө изоляторлоруна түздөн-түз жанаша жайгашкан аймактардын чектери ички иштер органдарынын, жаза аткаруунун, улуттук коопсуздуктун жана коргоонун аймактык органдарынын көрсөтүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Бул аймактарда тийиштүү шарттар болсо, режимдик талаптар коюлушу мүмкүн.
36-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын негизги милдеттери
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда, Ички тартип эрежелеринде белгиленген камакта кармоо тартибин жана алардан келип чыккан камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын сактоого;
2) гигиена жана санитария талаптарын сактоого;
3) өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;
4) камакта кармоочу жайдын мүлкүнө жана башка шектүүлөр менен айыпталуучулардын мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга;
5) кезектүүлүк тартибинде камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;
6) өз өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аракеттерди билип туруп жасабоого.
2. Камакта кармоочу жайларда кызматкерлердин, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын, башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге, ошондой эле камакта кармоо тартибин камсыз кылган кызматкерлердин, башка адамдардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна жолтоо болууга жол берилбейт.
3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди, заттарды жана тамак-аш азыктарын жанында алып жүрүүгө, ошондой эле сактоого жана аларды колдонууга тыюу салынат.
37-берене. Сыйлоо чаралары, аларды колдонуу тартиби
1. Камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен эмгек милдеттерине ак ниет мамиле кылгандыгы, белгиленген тартипти үлгүлүү сактагандыгы үчүн айыпталуучуларга төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
1) мурда берилген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу;
2) иштеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн акчалай сыйлык;
3) балдарга фильмдерди кошумча көрсөтүү, аларга спорттук машыгуулар үчүн аянтчаларга, жайларга кошумча барууга, ошондой эле камакта кармоочу жайларда эс алууну өткөрүүнүн башка формаларына уруксат берүү.
2. Эмгектеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйлык берүү айыпталуучулардын эмгегинен алынуучу кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Акчалай сыйлык айыпталуучунун жеке эсебине жазылат.
38-берене. Жаза чаралары жана аларды колдонуу тартиби
1. Белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн айыпталуучуларга карата төмөнкүдөй жаза чаралары колдонулушу мүмкүн:
1) сөгүш;
2) 15 суткага чейинки мөөнөткө, ал эми айыпталуучу балдарды 5 суткага чейинки мөөнөткө гауптвахтадагы айып изоляторуна же бир адамдык камерага кийирүү.
2. Камакта кармоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн берилүүчү жазанын бардык түрлөрү, ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен берилет.
3. Бир тартип бузганы үчүн айыпталуучуга бир гана жаза берилет.
4. Жаза айыпталуучунун тартип бузуу жагдайын жана жүрүм-турумун эске алуу менен берилет. Жаза тартип бузуу билинген күндөн тартып 7 суткадан кечиктирбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн болсо - ал аяктаган күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөткө колдонулат.
5. Жаза берилгенге чейин айыпталуучудан жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынат, ал эми түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда, баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен бул тууралуу акт түзүлөт.
6. Айыпталуучулар жазага карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу жазанын аткарылышын токтото албайт.
39-берене. Бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармоо
1. Айыпталуучулар бир адамдык камерага же айып изоляторуна төмөнкүлөр үчүн киргизилиши мүмкүн:
1) башка айыпталуучуларды мазактаган жана кысым көрсөткөн аракеттери;
2) камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин же башка адамдардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги же болбосо аларды мазактагандыгы;
3) обочолонтуу эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы;
4) алкоголь ичимдиктерин даярдаганы, сактаганы жана ичкендиги;
5) белгиленген эрежелерге ылайык тыюу салынган предметтерди, заттарды даярдаганы, сактаганы жана колдонгону;
6) кумар оюндарына катышкандыгы;
7) майда бейбаштык.
2. Айып изоляторуна же бир адамдык камерага камоо түрүндөгү жаза ошондой эле ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган эки жана андан көп тартиптик жаза колдонулган айыпталуучуларга карата да колдонулат.
3. Айып изоляторуна камоо камакта кармоочу жайдын башчысынын же ал ооруган, өргүүдө, узакка созулган иш сапарда болгон мезгилде анын милдетин аткарган адамдын жүйөлүү токтомунун жана айыпталуучуну айып изоляторунда кармоо үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медицина кызматкеринин корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Айыпталуучуларды айып изоляторунда жалгыз кармоо зарыл. Айып изоляторунда камалган айыпталуучулар белгиленген саатта уктоо убактысында гана жата турган жеке орун жана жууркан-төшөк менен камсыз болот.
5. Айып изоляторунда кармалган мезгилде айыпталуучуларга кат алышууга, жактоочу менен болгон жолугушуулардан тышкаркы жолугушууга, ошондой эле биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди кошпогондо, тамак-аш азыктарын алууга, аманат жиберүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү алууга, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды, китептерди, газеталарды, журналдарды жана башка адабияттарды, телефон байланышын колдонууга, видео жана телеберүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат. Аманат жиберүүлөр жана берип жиберүүлөр айыпталуучуларга алардын айып изоляторунда же бир адамдык камерада болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин тапшырылат. Тез бузулуучу тамак-аш азыктары аларды талаптагыдай сактоо үчүн шарттар болбогон учурда ээсине кайтарып берилет.
6. Айып изоляторунда же бир адамдык камерада кармалган айыпталуучулар күн сайын узактыгы 30 мүнөт болгон сейилдөөгө чыгарылат.
7. Бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармалган айыпталуучуларга карата ушул беренеде каралбаган чектөөлөргө жол берилбейт. Алар тарабынан жиберилген сунуштар, арыздар жана даттануулар ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Камакта кармоочу жайдын башчысы, ал эми ал ооруп калгандыгына, өргүүдө же узакка созулган иш сапарда болгондугуна байланыштуу ордунда болбогон учурда - орун басары медициналык көрсөтмөлөрдү эске алуу менен бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармоо түрүндөгү жазанын аткарылышын 10 күнгө кечиктирүүгө, камоонун мөөнөтүн кыскартууга же болбосо айыпталуучуну мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Эгерде айыпталуучу мөөнөттү узартуу мезгилинде жаңыдан тартип бузбаган болсо, ал камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын жүйөлүү токтому менен жазадан бошотулушу мүмкүн.
40-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган мезгилинде мамлекетке келтирген материалдык залал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:
1) эмгектенүүнүн жүрүшүндө келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;
2) башка аракеттер менен келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө.
2. Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалынын өлчөмү текшерүүнүн материалдарынын негизинде камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга токтом тил кат алуу менен жарыяланат жана жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Ыктыярдуу төлөп берүүдөн баш тарткан учурда материалдык залал сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
4. Келтирилген материалдык залал үчүн туура эмес өндүрүлүп алынган сумма кайтарылып берүүгө тийиш жана шектүүнүн же айыпталуучунун жеке эсебине жазылат.
5. Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын туугандары же алардын макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан төлөнүп берилиши мүмкүн.
6. Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан соттолгон адамдын жеке эсебине келип түшүүчү каражаттардан өндүрүлөт.
7. Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда өндүрүлбөй калган материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими боюнча өндүрүлөт.
8. Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин күнөөсү боюнча шектүүгө же айыпталуучуга келтирилген материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте өндүрүп берилет.
41-берене. Тамак ичүүдөн баш тарткан учурда колдонулуучу чаралар
1. Шектүү же айыпталуучу тамак ичүүдөн баш тарткан учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тамак ичүүдөн баш тартуунун себептерин билүүгө, бул тууралуу кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамга же органга, ошондой эле камакта кармоочу жайларда мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн прокурорго кабарлоого милдеттүү.
2. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартуусунун себептери негиздүү болгон учурда камакта кармоочу жайдын администрациясы коюлган талаптарды канааттандыруу чараларын көрөт. Коюлган талаптарды дароо аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда шектүүгө же айыпталуучуга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилет жана аларды канааттандыруу чаралары көрүлөт.
3. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүү же айыпталуучу башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медицина кызматкеринин байкоосунда болот.
4. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүүнүн же айыпталуучунун ден соолугун сактоого багытталган чаралар, анын ичинде мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар, эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулса, врачтын жазуу жүзүндөгү корутундусунун негизинде жана анын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
5. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартуусу башка камакта кармоочу жайларга, зарыл болгон учурларда - медицина кызматкеринин коштоосунда аны этап менен же конвой менен алып кетүүсүнө жолтоо болбойт.
42-берене. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттар режими
1. Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотийлер болгондо, чоң аймактарды өрт каптаганда, жашоо тиричилигин камсыз кылуу системаларында ири авариялар, массалык баш аламандыктар же шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын массалык баш ийбөөсү болгон учурларда же болбосо камакта кармоочу жайларда куралдуу кол салуунун реалдуу коркунучу бар болсо, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу аркылуу алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоочу жайларда 20 суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет.
2. Өзгөчө шарттар режимин киргизүүдө шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү бардык иш-чаралар чектелиши же токтотулуп турушу мүмкүн; аларды кайтаруу, өткөрүү режими жана камакта жаткан шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды контролдоо күчөйт, жөнөтмөлөрдү жана кийирүүлөрдү кабыл алуу токтотулат, ошондой эле мекеменин нормалдуу ишин турукташтыруу үчүн башка чаралар көрүлөт.
3. Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган учурда камакта кармоочу жайдын башчысы, ал болбогон учурда - анын орун басары ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисине дароо кабарлоо менен ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чараларды өз алдынча колдоно алат.
4. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттар режими аны киргизген орган же кызмат адамы же болбосо жогору турган орган же кызмат адамы тарабынан токтотулат.
4-глава. Корутунду жоболор
43-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун негиздери
Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарылган соттун чечими;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарылган прокурордун же тергөөчүнүн токтому.
44-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуу тартиби
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар соттун токтому (аныктамасы) же болбосо прокурордун же тергөөчүнүн токтому алынган учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тарабынан камактан бошотулат.
2. Камакта кармоочу жайдын башчысы (орун басары) камакта кармалып жаткан шектүүнүн же айыпталуучунун мөөнөтү бүткөнгө чейин 24 сааттан кечиктирбей бул тууралуу камакта кармоочу жайларга көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго жана өндүрүшүндө кылмыш иши турган тергөөчүгө кабарлоого милдеттүү.
3. Камактан бошотулган шектүүгө же айыпталуучуга жеке өзүнүн документтери, буюмдары, анын жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана башка баалуу буюмдары, ошондой эле ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берилет. Зарыл болгон учурда камакта кармоочу жайдын администрациясы аны жашаган жерине чейин темир жол, автомобиль, суу же аба транспорту менен бекер жетип алуусун, тамак-аш, мезгилге жараша кийим, ошондой эле акчалай жөлөкпул менен камсыз кылат.
45-берене. Прокурордук көзөмөл
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалуучу жайлардагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
2. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалуучу жайлардын администрациясы ушул Мыйзамда белгиленген камакта кармоо тартибине тиешелүү прокурордун токтомдорун, жазма буйруктарын, сунуштамаларын аткарууга милдеттүү.
46-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 360-ст.);
3) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 124 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 3-ст.);
4) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-августундагы № 158 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 37-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.) 7-статьясы;
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы № 128 Декретинин ("Эркин-Тоо" гезити, 2010-жылдын 21-сентябры, № 86-87) 5-пункту;
7) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 99 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1002-ст.);
8) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 19-октябрындагы № 180 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1279-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2716-ст.) 4-беренеси;
10) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2762-ст.);
11) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 1130-ст.);
12) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 177-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 27-апрели, № 37) 2-беренеси;
14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 3-февралы, № 8) 2-беренеси;
15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 9-августу, № 60) 2-беренеси.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-апрели № 85
Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө
(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган жайларга атайын уруксатсыз кирүүгө укуктуу.