Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-апрели № 84
Банктык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 35-4-статья менен толукталсын:
"35-4-статья. Алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы
1. Микрофинансы уюмдары өз кардарларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттерден коргоону камсыз кылуучу алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болуусун жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууга тийиш.
2. Алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы (антифрод-системасы) жана анын иштөөсү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын жана кызматтарын пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттерден коргоону камсыз кылуучу алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болуусуна жана анын натыйжалуу иштөөсүнө талаптарды белгилөөгө.".
3-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда банк эсептен акча каражаттарын уурдоого багытталган алдамчылык аракеттерине шектенүүлөр болгондо банктык эсеп боюнча чыгаша операцияларын 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу. Банк себептерин көрсөтүү менен кардарга эсеп боюнча операциялар токтотулгандыгы жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.";
2) 26-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.";
б) 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Банктардын көз каранды компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, анын ичинде банктык жана/же финансылык ишке байланышкан иштерди, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.";
3) 42-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) Улуттук банктын талаптарына жооп берген жана банктын кардарларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттеринен коргоону камсыз кылуучу алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод-системасынын) болуусун жана натыйжалуу иштөөсүн.";
4) 50-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын өлчөмү, анын ичинде кандай болбосун финансылык салымдар жана кредиттер Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашуусу мүмкүн эмес;";
5) 77-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) банктын антифрод-системасынын натыйжалуу иштөөсүнө, анын ичинде анын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө.";
6) 79-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти банктык жана/же финансылык ишке байланышкан иштерди, анын ичинде банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурда топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка иштерди гана жүзөгө ашыра алат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 20-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |