Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 214
Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 12-пунктун, 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги технологиялык парктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |