Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-апрели № 214

Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу

"Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 12-пунктун, 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги технологиялык парктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- технологиялык парктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, технопарктардын потенциалдуу резиденттерине, базалык уюмдарга консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү боюнча иштерди координациялоо.".

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев