Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №543 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин тартибин жана уюштуруусун жөнгө салат. Комиссия технологиялык парктардын (мындан ары - технопарктар) натыйжалуу иштешин, өнүгүүсүн жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында түзүлгөн орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдарынын технопарктардын иштөө маселелери боюнча макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу;
2) технопарктарды Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
3) жыл сайын Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин отчетун угуу;
4) төмөнкүлөргө катышуу:
- технопарктардын иштешин жана өнүгүүсүн ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого;
- жүктөлгөн милдеттерге ылайык Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө;
5) төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:
- технопарктарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле технопарктардын компания-резиденттеринин жана технопарктардын инвесторлору болгон уюмдардын ишине жагымдуу шарттарды түзүү;
- каржылоонун тыюу салынбаган булактарынын эсебинен технопарктарды түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү;
- технопарктарды башкаруу системасын түзүү;
- технопарктардын аймагында чакан жана орто ишкердиктерди өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
6) технопарктарды түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда практикалык өз ара аракеттенүүгө жетишүү үчүн зарыл болгон конференцияларды, семинарларды, лекцияларды жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү.
4. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын сунуштарын кароого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин кызыкдар органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана билим берүү мекемелери, ошондой эле технопарктардын инвесторлору жана резиденттери болуп саналган уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга, анын ичинде алардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте маалыматты суроого;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Комиссияга сунушталган аткаруу бийлигинин органдары үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга;
- Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн убактылуу жана туруктуу иштөөчү жумушчу топторду түзүүгө;
- Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон учурда эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга.
5. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, академиялык коомчулуктун, илимий-изилдөө институттарынын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Комиссиянын жумушчу топторунун курамын бекитет;
- Комиссиянын иш планын (комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде), Комиссиянын иш регламентин, Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитет.
Комиссиянын төрагасынын бир орун басары болот. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат.
7. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Комиссиянын жооптуу катчысы болуп эсептелет.
8. Комиссиянын жооптуу катчысы:
- Комиссиянын жыйындарын даярдоо боюнча ишти уюштурат, Комиссиянын жыйынынын күн тартибин даярдайт жана Комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча жыйынга чакырылган адамдардын тизмесин түзөт;
- Комиссиянын иш планын даярдоону камсыз кылат, Комиссиянын жыйындарында каралууга тийиш болгон маселелер боюнча материалдарды чогултат;
- компетенциясына күн тартибинин маселелери кирген кызыкдар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан Комиссияга берилүүчү, Комиссиянын жыйынын даярдоо үчүн зарыл болгон материалдарды Комиссиянын жыйыны өтө турган күнгө чейин 15 жумуш күндөн кечиктирбестен алат;
- жыйынга чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жана жыйынга чакырылган адамдарга жыйындын күн тартиби, өтө турган датасы, орду жана убактысы жөнүндө маалымдайт;
- Комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт;
- Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсүн ага кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде анын мүчөлөрүнө жиберет;
- Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча башка милдеттерди аткарат.
9. Комиссиянын жооптуу катчысы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча Комиссиянын башка мүчөсү аткарат.
10. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Комиссиянын жыйындарына катышат, ал эми Комиссиянын жыйынына катышууга мүмкүн болбогон учурда бул жөнүндө Комиссиянын жооптуу катчысына алдын ала билдирүүгө милдеттүү;
- Комиссиянын төрагасына Комиссиянын иш планы, Комиссиянын жыйындарынын күн тартиби жана Комиссиянын жыйындарында маселелерди талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды киргизет;
- Комиссиянын жооптуу катчысына Комиссиянын жыйынында каралууга тийиш болгон маселелер боюнча материалдарды, ошондой эле Комиссиянын жыйындарынын чечимдеринин долбоорлорун берет;
- Комиссиянын кеңейтилген жыйынына, жумушчу топко катышуу үчүн кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана Комиссиянын курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерден жана башка кызыкдар адамдардан талапкерлерди сунуштайт;
- Комиссия тарабынан каралуучу маселелерди талкуулоого жана алар боюнча чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- зарыл болгон учурда Комиссиянын жооптуу катчысына Комиссиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча өз пикирлерин жазуу жүзүндө жиберет.
11. Комиссиянын мүчөсү жыйында жок болгон учурда каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал жыйында жарыяланат жана протоколго тиркелет.
12. Комиссиянын жыйындары анын иш планына ылайык, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана эгерде ага Комиссиянын жалпы курамынын жарымынан кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
13. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйынына катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Комиссиянын жыйынынын протоколу менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы же ушул жыйынды өткөргөн Комиссиянын төрагасынын орун басары жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол коет.
Комиссиянын жыйындарына мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Комиссиянын курамына кирбеген илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, адистер жана коомдук ишмерлер чакырылышы мүмкүн.
14. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №543, 2025-жылдын 9-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин тартибин жана уюштуруусун жөнгө салат. Комиссия технологиялык парктардын (мындан ары - технопарктар) натыйжалуу иштешин, өнүгүүсүн жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында түзүлгөн орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдарынын технопарктардын иштөө маселелери боюнча макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу;
2) технопарктарды Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
3) жыл сайын Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин отчетун угуу;
4) төмөнкүлөргө катышуу:
- технопарктардын иштешин жана өнүгүүсүн ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого;
- жүктөлгөн милдеттерге ылайык Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө;
5) төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:
- технопарктарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле технопарктардын компания-резиденттеринин жана технопарктардын инвесторлору болгон уюмдардын ишине жагымдуу шарттарды түзүү;
- каржылоонун тыюу салынбаган булактарынын эсебинен технопарктарды түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү;
- технопарктарды башкаруу системасын түзүү;
- технопарктардын аймагында чакан жана орто ишкердиктерди өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
6) технопарктарды түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда практикалык өз ара аракеттенүүгө жетишүү үчүн зарыл болгон конференцияларды, семинарларды, лекцияларды жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү.
4. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын сунуштарын кароого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин кызыкдар органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана билим берүү мекемелери, ошондой эле технопарктардын инвесторлору жана резиденттери болуп саналган уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга, анын ичинде алардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте маалыматты суроого;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Комиссияга сунушталган аткаруу бийлигинин органдары үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга;
- Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн убактылуу жана туруктуу иштөөчү жумушчу топторду түзүүгө;
- Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон учурда эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга.
5. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, академиялык коомчулуктун, илимий-изилдөө институттарынын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)