Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 2025-жылдын 24-апрели № 81

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

59-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10) жыйырма жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ал эми алар каза болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

72-беренеде:

а) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерге, ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүнөн ээлеп турган же ага берилген турак жай менчикке акысыз өткөрүп берилет.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-бөлүк менен толукталсын:

"7-1. 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн кызматкер, ал эми ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү ага берилген кызматтык батирди тикелей сатуу жолу менен менчиктештирип алууга укуктуу.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 13-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган