Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

 2025-жылдын 28-апрели № 82

 

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.";

2) 50-берененин 3-бөлүгүндө "35 жаштан төмөн эмес" деген сөздөр "добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан," деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 16-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган