КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 7-апрели № 73
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Тикелей шайлоо укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 13-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |