Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (6688) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |