Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-январы № 2722-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 22-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 1147-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу;
"Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорт тыгындарын азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу-катты (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага |
| Н.Тургунбек уулу |