Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 236 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бажы органдарынын ишине тиешелүү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү максатында уюштурулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Фонд товарларды чыгарууга, алдын ала чечим кабыл алууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн бажы органдары тарабынан өткөн бюджеттик жыл үчүн бажы жыйымдарынан алынган республикалык бюджетке түшүүлөргө барабар сумманын өлчөмүндө республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка булактардын эсебинен түзүлөт.
2-глава. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, кызматтык автотранспортту, уюштуруу техникасын алууга, бажы инфраструктурасынын объекттерин, бала бакчаларды, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерин, кызматкерлер жана техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын жумушчулары (мындан ары - жумушчулар) үчүн турак жайларды алууга, курууга жана күтүүгө, кызматтык имараттардын ижарасын төлөөгө;
2) Мамлекеттик бажы кызматынын окуу жайларын, илимий-изилдөө мекемелерин, музейин күтүүгө жана өнүктүрүүгө;
3) Мамлекеттик бажы кызматына караштуу органдарга, ал эми өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча, жалпы мамлекеттик мааниси бар коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук менен байланышкан иш-чараларга финансылык жардам көрсөтүүгө;
4) өкүлчүлүк чыгымдарына, чет өлкөлүк меймандар менен жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
5) Мамлекеттик бажы кызматынын органдары өздөрүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жана жеке жактарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн, анын ичинде окутуу-методикалык процессти ишке ашыруу үчүн айкалыштырып иштөө шартында профессордук-окутуучулук курамды тартуу үчүн төлөөгө;
6) Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин жана жумушчуларын материалдык, тиричилик жактан камсыз кылууга жана социалдык коргоого, анын ичинде төмөнкүлөргө байланышкан чыгымдарды каржылоого:
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын материалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, анын ичинде турак жай курууга же сатып алууга кайтарып берилүүчү каражаттарын берүүгө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын эмгек, тиричилик, турак жай шарттарын жакшыртууга;
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин камсыздандырууга;
- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же майыптыкка дуушар болгон кызматкердин жана жумушчунун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий изилдөө иштерине төлөөгө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине жана жумушчуларына материалдык дем берүүгө жана сыйлоого (сый акы);
- Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык топтун жумушчуларын кошпогондо, кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине туруктуу негизде 3,0 кызматтык маяна өлчөмүндө ар айлык үстөктөргө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын жумушчуларына, инженердик-техникалык топтун жумушчуларын кошпогондо, туруктуу негизде 2,0 кызматтык маяна өлчөмүндө ар айлык төлөмдөргө;
- Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө акчалай компенсация төлөп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомствого караштуу санаториялык-курорттук мекемелерде санаториялык-курорттук тейлөө жолдомолорунун наркын төлөп берүүгө.
Ушул Жобо менен каралган, ушул пункттун 6-пунктчасынын тогузунчу-онунчу абзацтарында көрсөтүлгөн төлөмдөр иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине жана жумушчуларына Фонддон материалдык дем берүү жана сыйлоо (сыйлык берүү), материалдык жардам көрсөтүү, кайтарып берилүүчү каражаттарды берүү Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бекитилүүчү мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө жүргүзүлөт.
3-глава. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
5. Фонддун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик бажы кызматынын финансы бөлүмү Фонддун каражаттарынын түзүлүшүнүн (түшүүсүнүн), бөлүштүрүлүшүнүн эсебин жүргүзөт, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык керектөөлөргө ылайык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт жана көрсөтүлгөн каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун тескөөчүсүнө отчет берет.