Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 25-апрели № 233

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 "Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн тарифтик жөнгө салуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 "Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинде:

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:

1) 1-категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди;

2) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган 2-категориядагы керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифке жогорулатылган коэффициентти.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев