Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январындагы № 4
2025-2027 ж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун Ак-Башат айыл аймагынын 2025-2027жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасын угуп жана талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын 2025-2027-ж. социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |