Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январындагы № 5
2025-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2025-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №- 123-мыйзамынын 34-беренесинин, ошондой эле бюджет боюнча туруктуу комиссиянын “2025-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2025-дын 1–январына карата акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө” корутундусун угуп , талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2025-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан берилген 2700,0 миң сом атайын каражаттарды эсепке алуу менен 40769,6 миң сом болуп бекитилсин.
2. 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин .
№ | Аты | план |
| Киреше салыгы | 19400,0 |
| Патентин негизинде салык | 800,0 |
| Мүлк салыгы | 955,4 |
| Транспорт салыгы | 2160,0 |
| Үй жанындагы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы | 540,0 |
| Айыл чарба багытындагы болбогон жерлерден алынычуу салык | 3881,2 |
| Рояльти | 7,0 |
| Жер ижарасы | 5500,0 |
| МФАЧ жерлерин ижарага берүү | 2900,0 |
| Муниципалдык мулктүү ижарага берүү | 26 |
| Жалпы киреше | 38069.6 |
| Баардыгы | 38069,6 |
| Атайын каражаттар | 2700,0 |
| Атайын каражаттар менен баардыгы | 40769,6 |
3.2025-жыл ичиндеги чыгашаларды каржылоо бөлүмдөр бекитилсин.
| Аты | план |
701 | Аппарат | 13580,3 |
706 | Турак-жай коммуналдык чарба | 16074,7 |
708 | Маданият үйү | 1786,7 |
70911 | Бала бакча | 2828,0 |
70921 | Орто мектеп | 1800,0 |
710 | Социалдык коргоо | 2000,0 |
| Жалпы | 38069,6 |
70911 | Бала бакча | 2700,0 |
| Жалпы | 2700,0 |
| Баардыгы | 40769,6 |
4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо корголгон беренелер боюнча артыкчылык менен (эмгек акы, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр, социалдык кызмат көрсөтүүлөр) иш жүзүндө алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысына жыл ичинде бюджетке жана атайын эсепке пландан ашыкча түшкөн кирешелердибөлүштүрүү, тендерден түшкөн үнөмдөлгүн каражаттарды киреше жана чыгашалардын зарыл беренелерине которууга укук берилсин.
6. 01.01.2025-жылга карата бюджет боюнча 11386515,65 сом суммасындагы акча каражаттарынын калдыгы төмөнкү бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлсүн :
70111- Аппарат
- премия – 1200,0 миң сом.
-Соц.фонд- 207,0 миң сом
70629- Турак жай-коммуналдык чарба
- Новониколаевка айылындагы спортзал, Новониколаевка инновациялык орто мектебинин стадиону, Айдарбек айылындагы кичи футбол аянтчасын оңдоого,Новониколаевка орто мектебинин 2-административдик иммаратын оңдоого- 2651,0 миң сом;
- байкоо камераларын орнотуу-1200,0 миң сом;
- маданият үйүн курчоо- 1800,0 миң сом;
- жолдорду оңдоого- 1338,5 миң сом;
- Таштанды ташуучу унаа сатып алууга-2990,0 миң сом;
7. 2025-жылдын 1-январына карата атайын эсепке -1201,2 миң сом акча каражаттарынын калдыгы бала бакчалардын тамак–ашына бөлүштүрүлсүн
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |