Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 2
“Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетине ɵзгɵртүү жана толуктоолорду киргизүү менен 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жɵнүндɵ”
Отуз-Адыр айыл аймагынын 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүгү жɵнүндɵгү маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл ɵкмɵтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен ”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3-главасынын 13-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылга карата каралган бюджетинин киреше-чыгаша бɵлүктɵрү 91059,7 миң сом анын ичинен 8572,0 миң сом.атайын каражат, ата-энелер взносунун эсебинен алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Башкаруу аппаратына 13 штат бирдиги, 5 штат топ, контрактык негизинде 21 штат от жагуучуга эмгек акы фондунун эсебинен тɵлɵнүп берилсин,ал эми айылдык кеңешинин төрагасына 1 штат, айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1 штат, айылдык кеӊештин кагаз иштерин алпаруучусу 1 штат, китепканага 4 штат, маданият мүдүрү 1 штат, массалык-маданият иштери боюнча 1 штат, күзɵтчү1 штат, тазалоочу 1 штат бекитилсин.
3. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин чыгаша бɵлүгү сметанын негизинде 2025-жылы түшкɵн кирешелердин чегинде,чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы фонду, соц.фонд, дары-дармек, тамак-аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылансын.
4. Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык чыгышталсын,анын ичинде; биринчи кезекте ɵткɵн жылда каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга,айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылда аткаруусу зарыл болгон жумуштарды каржылоого жумшалсын.
5. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бɵлүгү 91059,7 миң сомго, ал эми чыгаша бɵлүгү 79655,8 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
сомго, 2026-жылга 79895,1 миң.сомго белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |