Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-апрели ПЖ № 133
Ишкердик субъекттерин колдоо жана салыктардын ставкаларын жана салыктык администрациялоону оптималдаштыруу чаралары жөнүндө
Салыктардын ставкаларын оптималдаштыруу, салыктык түйшүктү азайтуу жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого өтүү жолу менен ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мөөнөттө «Кыргыз Республикасынын калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине соода аянтына жана/же учурдагы календардык жылда алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө жараша бир соода ордуна патенттин белгиленген ставкасын аныктоо укугун берүү менен соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн патенттик системаны киргизүү боюнча;
– төлөө формасына карабастан бирдиктүү салык боюнча: 0,5 пайыз өлчөмүндөгү ставка менен соода ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн жылына түшкөн акчанын көлөмүнүн жол берилген чегин 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин көбөйтүү;
зер буюмдарын өндүрүү жана/же сатуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндө ставканы белгилөө;
жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттердин дарегине товарларды сатууда субъекттер үчүн 4 пайыз өлчөмүндө ставканы белгилөө;
0,1 пайыз жана 1 пайыз өлчөмүндөгү ставкаларды жоюу;
– төмөнкүлөрдүн дарегине товарларды сатууда сатуудан алынуучу салыктын ставкаларын белгилөө боюнча:
0 жана 0,5 пайыз өлчөмүндөгү ставкаларды колдонуучу бирдиктүү салык субъекттеринин, ошондой эле патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттердин, накталай эсептешүүдө 2 пайыз өлчөмүндө, накталай эмес эсептешүүдө 1 пайыз өлчөмүндө;
жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттердин, 2 пайыз өлчөмүндө;
– өткөн мезгилге карата колдонуу менен бул ченемдин күчүнө кирүү мүмкүндүгүн карап, алынган жана дарегине же үчүнчү жактын дарегине которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмдун кирешесине 0,2 пайыз өлчөмүндө ставканы белгилөө боюнча;
– товарлардын баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда мурдагы мезгилдер үчүн эсептелген салыктык карызды эсептен чыгаруу мүмкүндүгүн кароо менен чакан жана орто бизнеске карата киреше салыгы боюнча салык санкциясын колдонбоо боюнча;
– салык төлөөчүнүн төлөм жүргүзүлгөн банк эсебинен маалыматты алуу механизмин киргизип, накталай эмес формада төлөө менен сатып алынган материалдык ресурстарга төлөнгөн кошумча нарк салыгынын суммасын салык төлөөчүлөр тарабынан эсепке кабыл алуу процессинин ачык-айкындыгын камсыздоого багытталган чараларды белгилөө боюнча;
– патенттин, өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын жана 0,5 пайыз өлчөмүндөгү ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн соода ишинин субъекттеринен сатып алынган товарлардын наркынын эсеп-фактурасын электрондук түрдө тариздөө менен пайда салыгы боюнча чыгарып салууларга киргизүү боюнча;
– чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын жалданма жумушчуларына – резиденттерине карата салык агентинин ролун аткаруу мүмкүндүгүн берүү, ошондой эле мурдагы мезгилдердеги аткарылбаган салык милдеттенмелери үчүн бошотуу боюнча;
– 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши менен мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлк менен алмашкан учурда салык төлөөчүлөрдү салык милдеттенмелеринен бошотуу боюнча;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине салыктык администрациялоону жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген чектерде салыктардын ставкаларын өзгөртүү, салыктарды төлөөдөн бошотуу боюнча чечимдерди кабыл алуу укугун берүү боюнча;
– Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо салыктык администрациялоону жакшыртууга жана өркүндөтүүгө багытталган чараларды белгилөө боюнча;
– мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү суммалар бөлүгүндө мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү салык салуудан бошотуу боюнча;
2) белгиленген талаптарды бузуу менен товарларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө аларды конфискациялоо мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыксын;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында зер буюмдарды өндүрүү үчүн арналган сырьёну, атап айтканда алтынды сатып алууда ата мекендик зер буюмдарды даярдоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзсүн.
4) «Салык төлөөчүнүн рейтинги» институтун киргизсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |