Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-мартындагы № 9
Жеке жана юридикалык жактар, ишкердик жүргүзүү үчүн арналган имараттардын менчик ээлери үчүн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйноо ставкасын бекитүү жөнүндө
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Кодексинин 74; 75-беренелеринин жана 76-берененин 2-пунктунун ,“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Жайыл району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 01-3-444 катын карап, талкуулап чыгып Ак-Башат айылдык кеңештин кезексиз сессиясы токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга, ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлерине таштанды чыгаруунун тарифи ар бир кызматкерлерге бир жылга 100 сомдон белгиленсин.
2. Маалыматтык эсептөөлөрдү төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин белгиленсин.
3. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү бул токтомду жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |