Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-апрели № 90
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 96-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун жоюу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин жүргүзүлөт.";
2) 149-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун кайра уюштуруу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 921-1-статья менен толукталсын:
"921-1-статья. Исламдык камсыздандыруу
1. Исламдык камсыздандыруу келишими болуп ушул главанын 2-параграфына жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими саналат.
2. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгы, ошондой эле камсыздандыруу сыйлыктарын инвестициялоонун натыйжасында алынган кирешелер исламдык камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн камсыздандыруучу тарабынан түзүлүүчү исламдык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруучу тарабынан которулууга тийиш.
3. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу алган камсыздандыруу сыйлыктары, ошондой эле исламдык камсыздандыруу фондун түзгөн башка мүлк камсыздандыруучуга менчик укугунда таандык болбойт.
4. Камсыздандыруучу исламдык камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана түзүлгөн исламдык камсыздандыруу келишимине ылайык, исламдык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен исламдык камсыздандыруу фондун башкарганы үчүн сыйлык акы алууга укуктуу.
5. Исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун, исламдык камсыздандыруу фондун түзүүнүн, эсепке алуунун, пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн, ошондой эле исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары ушул Кодекске жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык аныкталат.".
3-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-глава менен толукталсын:
"16-1-глава. Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар
56-1-берене. Төлөөчү
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган, Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталууга же кайра катталууга арыз берген адам төлөөчү болуп саналат.
56-2-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-глава менен толукталсын:
"47-1-глава. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр
133-1-берене. Төлөөчү
Өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналат.
133-2-берене. Төлөмдүн өлчөмү
Төлөөчүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө камсыздандыруу сыйлыктарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өлчөмдө чегерүүлөрдү жүргүзөт.
133-3-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2. Чегерүүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө багытталат.";
3) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 19-2-пункт менен толукталсын:
"19-2) Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлерин каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар;".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 64-66-пункттар менен толукталсын:
"64) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул исламдык принциби боюнча камсыздандыруу;
65) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аралаш камсыздандыруу;
66) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 20-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |