Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 4
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы «Кара-Балта шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноого, ташып чыгарууга жана жайгаштырууга тарифти бекитуу жөнүндө» №03 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 36-беренелерине ылайык, «Кара-Балта коммуналдык чарба комбинаты» ААКнын 2025-жылдын 14-январындагы №1 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы «Кара-Балта шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноого, ташып чыгарууга жана жайгаштырууга тарифти бекитуу жөнүндө» №03 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
2 П:
-«көп батирлүү үйлөрдө жашаган Кара-Балта шаарынын калкы үчүн» деген сөздөрдөн кийин 20, 26 саны 30,00 сом санына алмаштырылсын:
-«жеке сектордо жашаган калк үчүн» деген сөздөрдөн кийин 23,83 саны 45,00 сом санына алмаштырылсын (салыктарды эске алуу менен);
«менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттер үчүн» деген сөздөрдөн кийин 206,00 сом саны 273,33 сом санына 1м3 үчүн алмаштырылсын (салыктарды эске алуу менен).
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жиберилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара-Балта ш. мэриясына, «КЧК» ААКнын, Чүй-Бишкек Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкармалыгына.
Кенштин төрага М.Дуйшеналиев