Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № II
Папан айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Папан айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы күн тартибиндеги «Папан айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби» жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Папан айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо боюнча иш алып баруучу комиссиялардын курамы айыл өкмөттүн буйругу менен бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Айыл өкмөтү тарабынан шарттарга байланыштуу Жобо боюнча иш алып баруучу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
4. Бул токтомду аткарууга алуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «социалдык маселелер,билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына» жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |
|
| Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2022-жылдын 23-майдагы XII сессиясынын № II токтому менен бекитилди Төрага ________ Т.Тагаев |
Папан айыл өкмөтүнүн ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча түзүлгөн типтүү жобосу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгы жана КРПнин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 26-мартындагы №01-52/33 сандуу буйругун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 15-мартындагы №92 буйругун аткаруу максатында Папан айыл өкмөтүнүнүн калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жана ысрапкерчиликти кыскартуу жөнүндөгү
Жобосу
1. Жалпы жоболор
2. Жобону кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн татиби
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү жана кызмат адамдары
6. Жергиликтүү комиссия
1. Жалпы жоболор
Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
Жобонун максаты Папан айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убарагерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт –санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым -жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
Папан айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым –жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан .
Айылдагы түзүлгөн аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат. Келип тушкон сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киригизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3.Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той , балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча , киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптан (кудалар ) эсебинен 200 адамга чейинки «Банкеттик кече » конок тосуу менен « Салттуу той » формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыю салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыю салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго бардык иш –чараларда (каада -салттарда) эки жашттын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына , конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыю салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди белектерди берүүгө уруксат берилет.
3.5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдүү, төркүлөтүү ж.б.у сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки кудаанын үй-бүлөөсү арасында 24 адамдан ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
3.6. Кыз узатууда 10-15ден ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыю салынат
3.7. Кыз тарапка той алып барганда 24 адам, күйөө жолдоштор 15 ден ашпоосу керек.
3.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3дон ашуун транспортту колдонууга тыю салынат.
3.9 Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюуу салынат.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарды, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4.2. Маркум чыккан (азалуу )үйдөө алгачкы 3 кун ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбейт.
4.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым –жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
4.4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кыркттык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого тыюу салынат.
4.5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийим кийгизүүгөө (баш кийим, чепкен көйнөк ж.б.у.с), маркум өткөн жерде кандайдыр кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, «жыртыш» таратып берүү майда барат буюмдарды (чыны,табак,дасторкон, самын,жип,чай ж.б.у.с) тартууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын жана сөөк ээсинин макулдугу менен чектелет.
4.6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.
4.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйгө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша , карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулык иретинде куран окутууга уруксат берилет.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар
5.1.1. Жобого ылайык үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү комиссия курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн орун басары жана жооптуу катчсы жана ошондой эле жергиликтүү кеңештин депуттатары, билим берүү ,саламаттык сактоо, ички иштер бөлүмдөрү ар бир айылдарда түзүлгөн айымдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, жаштар кеңеши ар бир айылдын мечитинин имамдары , ар бир айылдын айыл башчылары жана кварталдык комитеттери кирет. Жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет. Жогоруда аты аталган комиссиялар өздөрүнүн ишин ар бир айылда өз иштерин жүргүзөт.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлорү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторниг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга катоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт. Талаптарды бузган жаран мыйзам чегинде жооп берет.