Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № III
Папан айылы 23.05.2022 «Папан айыл өкөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жайытка барган элдин мал жандыктарын ветеринардык, санитардык профилактикалык иштерин жүргүзүү жөнүндө»
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 2-беренесине таянып токтом кылат.
1. Папан айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин, жайыт комитетинин төрагасы Р.Матазимов эсепке алып, жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланып, калктын мал жандыктары жакынкы жана алыскы жайыттарга жөнөтүлсүн.
2. Папан айыл өкмөтүнүн жарандарынын мал жандыктарын жакынкы жана алыскы жайыттарга жөнөтүүнүн алдында ветеринардык, санитардык, профилактикалык иштери жүргүзүлсүн.
3. Сырттан келген мал жандыктардын ветеринардык документтери талап кылынсын. Ветеринардык эмдөөдөн өтбөгөн мал жандыктар, ветеринардык кароодон өтүп жайытка жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы Р.Матазимовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |