Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № IV
«Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт катмарын бузууга алып келген, жайыт төлөмүн бекитүү жөнүндө»
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап. Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тарифин карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизденип Папан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыт катмарын бузууга алып келүүчү иштери жүргүзүлгөн участоктордон, жылына 1га жерге 8000 (сегиз миң) сом жайыт төлөмү алынсын.
2. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн тарифтеги сумманы өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Р.Т.Матазимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |