Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № VIII
"Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы кайрак айдоо жерден 58,8 га жерди калктуу конушка трансформациялоо жөнүндө"
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы 182-197-контурдагы кайрак айдоо жерден 58,8 га жерди калктуу конушка трансформация кылуу үчүн Папан айылдык кеңешинин чечиминин негизинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |