Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № X
“Папан айыл өкмөтүнө караштуу Күндөэлик айылына Гидро Электро Юг ЖЧК тарабына кубаттуулугу 2 МВт кичи ГЭСти курууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын ПЖ №3 Жарлыгына ылайык жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү жагымдуу инвестициялык климатты жана ийгиликтүү чөйрөнү түзүү саясатын колдоп “Гидро Электро Юг” ЖЧКнын 2022-жылдын 11-январдагы арызын карап чыгып ”Жер Кодексинин” 92-беренесине таянып Папан айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Күндөэлик айылындагы Ак-Буура дарыясына 1км аралыкта жайгашкан Гидро Электро Юг ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 2МВт кичи ГЭСти курууга макулдук берилсин.
2. Гидро Электро Юг ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 2МВт ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Жусумамтовко тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |