Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № XI
«Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы жерден көрүстөнгө трансформациялоо жөнүндө»
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди талкуулап жана карап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-25-7 -статьясынын негизинде мөөнөтсүз пайдаланууга, Папан айылдык кеңешинин IV чакырылышыны XVII сессиясынын № XXVI-XV токтомун карап Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясында талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы 163-контурдагы кайрак айдоо жерден 3,0 га жер Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, айылдарындагы маркумдардын сөөгүн жашыруу үчүн, көрүстөнгө бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан жана архитектура, курулуш мамлекеттик кадастр башкармасынан ушул токтомдун негизинде көрүстөнгө трансформация кылуу үчүн документтештирип берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |