Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-майындагы № XII
Папан айыл аймагынын жарандарына турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо программасы жөнүндө
Папан айыл аймагынын жарандары турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Папан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагындагы жарандарды турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Т.Тагаев |
|
| Папан айылдык кеңешинин төрагасы ________________________Т.Тагаев 23.05.2022-ж |
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын жарандарына турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо боюнча
ПРОГРАММАСЫ
№ | Программадагы иш-чаралар | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
1 | Папан айыл аймагындагы турак жай муктаж болгон тургундарынын муктаждыгын аныктоо жана тизмесин түзүү. | Папан айылдык аймагынын алдында түзүлгөн жер тилкелеринин ажыратуу боюнча комиссиясы | 2022-жыл ичи | Папан айыл аймагындагы турак жайга муктаж болгон атуулдардын тизмесин түзүү. |
2 | Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Папан айылында жайгашкан жеке менчик турак жайларды жана социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратуулучу жер аянтына башкы пландын долбоорун түзүү. | Папан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиясы. | 2022-жыл | Архитектуралык шаар куруу документтери менен камсыз болуу жана долбоорлоо жумуштарын аткарууга негиз түзүү |
3 | Папан айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тилкелерин ажыратуу боюнча комиссиясынын протоколунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн атуулдарына жеке менчик укугунда турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу боюнча токтом кабыл алуу. | Папан айыл өкмөтү | 2022-2023-жж |
Жеке менчик турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин алуучулардын жер тилкелерге ээлик кылуу укугу пайда болот. |
4 | Башкы пландын негизинде жер тилкелерин жеринде жайгаштыруу, инженердик инфраструктурларды пландоо, объектилерди инженердик-техникалык шарттары менен камсыз кылуу, долбоорлоо иштерин жүргүзүү, курулушка уруксат берүү жумуштарын уюштуруу. | Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы. | 2022-жыл | Турак жайларды социалдык маданий, коммуналдык объектилерди инженердик-техникалык шарттар, жол кылуу жана курулуш иштерине негиз түзүү. |
5 | Жеке менчик турак жайларды жана башка объектилерди куруу үчүн ажыратылган жер тилкелерине укуктук каттоо жүргүзүү жана мамлекеттик актыларды түзүү. | «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу райондук филиалы | 2022-жыл | Жер тилкелерине ээ болгон атуулдардын ээлик кылуу укугун каттоо. |
Папан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу: |
| Н.Калыков |
.