Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №4/14
Эмгекчил, Куйбышев жана Оттук айылдарына милициянын аймактык пуктарын куруу үчүн жер участогун бөлдүрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн 16.01.2025-жылдагы № 37-26-12/237 кайрылуусу, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн №4Сл 28.01.2025-жылдагы каты боюнча Эмгекчил, Куйбышев жана Оттук айылдарынан милициянын аймактык пунктарын салууга муниципалдык участоктордон жерлерди бөлүүгө макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Куйбышев айылынын Жаныбаев Усуп көчөсүнүн №34 4051710010698 идентификациялык кодунун күн чыгыш тарабынан милициянын аймактык пунктун салууга муниципалдык жерден 500 чарчы кв метр жерди бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Эмгекчил айылындагы Курманалиев Дүйшөгазы №39 дарегиндеги 4051610010543 идентификациялык кодундагы жалпы аянты 727,65 чарчы метр жер аянтын милициянын аймактык пунктун салууга макулдук берилсин.
3. Оттук айылындагы Асылбеков Ысмайыл көчөсүндөгү 4051310020344 идентификациялык кодундагы жер аянтын эки участокко бөлүүгө, күн чыгыш тарабынан милициянын аймактык пунктун салууга муниципалдык жерден 500 чарчы кв метр жерди бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтомду аткаруу көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башысы Б.Кошалиевге милеттендирилсин.
5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| К. Усупов |