Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 7
“Кара-Балта шаарынын жол курулуш башкармалыгы” МИнын атайын техникасын ижарага алуу тарифтерин бекитүү тууралуу
«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34.36-беренесине ылайык, мэриянын 2025-жылдын 10-мартындагы № 01-6/251 катынын негизинде Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Балта шаарынын жол курулуш башкармалыгынын” МИнын атайын техникасын ижарага алуу тарифи бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаардык мэриясына, ЖКБ ,ЧБЮБ КР
Кеңештин төрагасы М.Дүйшеналиев