Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин VI кезексиз cессиясы

 

 

2021-жылдын 2-сентябрындагы № 6/3

 

Жерге- Тал айыл аймагында жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн сактоо, жер кыртышынын бузулушуна жол бербөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жерге- Тал айыл аймагына караштуу жайлоолордо өскөн жапайы өсүмдүктөрдү, анын ичинен эндик чөбүн мыйзамсыз казып алуу иштерине тыюу салынсын.

2. Жерге- Тал айыл аймагына караштуу жайлоолордо өскөн жапайы өсүмдүктөрдү, анын ичинен эндик чөбүн мыйзамсыз казып, жайыт жерлерин эрозияга учуратып, зыян келтирип жаткан жарандарга көзөмөлдүк кылуу максатында курамы 25 (жыйырма беш) адамдан турган комиссия түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

3. Мыйзамсыз жер казуу боюнча фактыларды аныктоо жана тыюу салуу, аныкталган фактылар боюнча укук коргоо органдарына билдирүү жагы комиссиянын курамына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрагасы

Т.Орунбаев

 

 

 

Депутаттардын Жерге-Тал айылдык

Кеңешинин 2-сентябрь 2022-жылдагы

6\3-кезексиз сессиясынын токтомуна

№ 1-тиркеме

 

Жерге- Тал айыл аймагына караштуу жайлоолордо өскөн жапайы өсүмдүктөрдү, анын ичинен эндик чөбүн мыйзамсыз казып, жайыт жерлерине зыян келтирип, жер кыртышынын бузулушуна жол бербөө максатында, көзөмөлдүк кылуу үчүн комиссиянын курамы.

 

1. Орунбаев Талантбек – айылдык кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы,

2. Жумалиев Мирбек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын орун басары,

3. Кариева Турсунай – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын катчысы.

 

МҮЧϴЛϴРҮ:

 

4. Ажыбаев Бактыбек- айылдык кеңештин депутаты,

5. Кенеева Гүлнара -                       “

6. Мамбетакунова Нургүл-             “

7. Кариев Талантбек-                       “

8. Кариева Турсунай-                      “

9. Кылычбеков Кайрат                    “

10. Шералы уулу Уланбек               “

11. Нусупов Рустам                          “

12. Куштарбек уулу Майрамбек     “

13. Итикулов Ирбис- айыл башчы,         “

14. Каманбаев Рысбек- айыл тургуну,    “

15. Оконов Кубанычбек- жаштар уюмунун төрагасы,  “

16. Саякбаев Элчибек- айыл тургуну      “

17. Мамбетакунова С- ЖК боюнча башкы адис.     “

18. Чоро уулу Алмазбек- башкы адис,                      “

19. Ажымамбетов Кубатбек- адис-                     “

20. Матаев Эмилбек- жетектөөчү адис, “

21. Ашырбеков Бактыгул- жайыт комитетинин төрагасы,  “

22. Исмаилов Жаныбек- айыл тургуну,      “

23. Өмүров Мирбек- үрөөнчүлүк чарбанын жетекчиси, “

24. Нуржан уулу Шерипбек- айыл тургуну,      “

25. Болот уулу Тагайбек- айыл тургуну,      “

 

 

Жооптуу катчы:

К. Исраилова