Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 11
Жер участогун Р-З зонасынан П-3 зонасына которуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,37 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 01-6/162 19.02.2025-ж. катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Балта шаарынын, Пальмира Тольятти көчөсүнүн, дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4,5га болгон жер тилкеси Р-З зонасынан П-3 зонасына которулсун.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юридикалык башкармалыгына жөнөтүп, нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай,транспорт,ишкердик,шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн. ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М. Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө. Кара-Балта шаарынын мэриясына, ЧБЮБга КР
Кеңештин төрагасы М. Дүйшөналиев