Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 14
“2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө”
2025-жылга Кара-Балта шаардык мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү тууралуу Мекенин эмгек кубаттуулугун жигердүү пайдалануу, бюджеттик каражаттарды туура колдонуу максатында Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык Кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №01 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кара -Балта шаарынын мэриясы 2025-жылдын 1- июнуна чейинки мөөнөттө"Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик, спорт жана маданият Башкармалыктарын болуштуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүшсүн.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясынын жаны Башкаруу түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаардык мэриясына, «Универсал», ЧБЮБ КР
Кеңештин төрагасы М.Дүйшеналиев