Загрузка документа…
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-апрели № 89
Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Камсыздандырууну жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу
1. Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынан, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ушул Мыйзам милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруу жана милдеттүү социалдык камсыздандыруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.
3. Эгерде камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда камсыздандыруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзам камсыздандырууну ишкердик иштин түрү катары жүзөгө ашыруу боюнча негизги жоболорду, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын түзүү, лицензиялоо, жөнгө салуу, ишин токтотуу өзгөчөлүктөрүн, камсыздандыруу рыногундагы башка жеке жана юридикалык жактардын ишинин шарттарын, камсыздандыруу рыногун мамлекеттик жөнгө салуу боюнча милдеттерин жана камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерди аныктайт.
5. Ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылар камсыздандыруу рыногунун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү түрдө аткарылат.
6. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу иши камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ченемдик укуктук актыларында, финансы рыногун жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) чечимдеринде белгиленет.
2-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары менен мамлекеттин өз ара мамилелери
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары мамлекеттин милдеттенмелери боюнча, ал эми мамлекет камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2. Мамлекет кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн - камсыздандыруу рыногунун, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруудагы эркин атаандаштыктын шарттарын сактоону жана коргоону камсыз кылат.
3. Мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына камсыздандыруу ишине байланышкан маселелерди чечүүгө мыйзамсыз кийлигишүүгө тыюу салынат.
4. Ушул Мыйзамга жана камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынуучу чечимдер (актылар), ыйгарым укуктуу органдын жазма буйруктары камсыздандыруу рыногунун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү түрдө аткарылат.
5. Камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жоопкерчилик келип чыгат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) авария комиссары - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун транспорт каражаттарына келтирилген камсыздандыруу чыгымдарынын себебин, мүнөзүн жана өлчөмүн, анын ичинде камсыздандыруучу менен макулдашуу боюнча көмөк көрсөтүүчү, тариздөөчү жана аныктоочу кызматкери же ыйгарым укуктуу өкүлү, же көз карандысыз эксперт;
2) автоматташтырылган маалыматтык борбор - камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана маалымат алмашуу функцияларын аткаруучу улуттук уюм;
3) аджастер (камсыздандыруу чыгымдарын жана тобокелдиктерин баалоо боюнча адис) - камсыздандыруу учуруна байланыштуу камсыздандырылуучу билдирген дооматтарды жөнгө салууда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызыкчылыктарын билдирүүчү, камсыздандыруу учурунан кийин тобокелдиктерге баа берүүчү, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмелеринен келип чыгуучу камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын аныктоочу жана эксперттик корутунду түзүүчү жеке же юридикалык жак;
4) окуя жөнүндө акт - камсыздандыруу окуясы жөнүндө кабарламаны алганда камсыздандыруучу тарабынан түзүлүүчү документ;
5) актуарий (камсыздандыруу математикасы боюнча эксперти) - камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелердин, камсыздандыруу сыйлыктарынын ставкаларынын өлчөмдөрүнүн экономикалык-математикалык эсептөөлөрүн жүргүзүүгө байланыштуу, ошондой эле Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү сертификаты бар камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана финансылык туруктуулугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан камсыздандыруунун жүргүзүлүүчү жана жүзөгө ашырылышы пландалган түрлөрүнүн пайдалуулугуна жана кирешелүүлүгүнө баа берүүчү, актуардык ишти жүзөгө ашырган жеке жак;
6) актуардык иш - тобокелдиктерди жана/же тобокелдиктер менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык жактан баалоо, ошондой эле финансылык тобокелдиктерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун баалоо боюнча иш;
7) андеррайтер (камсыздандыруу келишими боюнча тобокелдиктерге баа берүүчү адис) - функциясына камсыздандырууга кабыл алынган камсыздандыруу тобокелдиктерине баа берүү жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин шарттарын аныктоо кирген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун адиси;
8) андеррайтинг (камсыздандыруу тобокелдигин баалоо) - камсыздандыруу келишимин түзүү, камсыздандыруу тарифин жана камсыздандыруу сыйлыгын эсептөө мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн камсыздандырылуучуну (камсыздандырылганды) жана анын финансылык абалын, камсыздандыруу объектин, камсыздандырылуучу мүлктүн абалын жана камсыздандыруу кызыкчылыгынын негиздүүлүгүн мүнөздөөчү камсыздандыруу тобокелдигин жана анын факторлорун, камсыздандыруунун ички документтеринде, Камсыздандыруу эрежелеринин шарттарында жана камсыздандыруу келишиминде каралган башка факторлорду баалоо боюнча методдордун жана иш-аракеттердин жыйындысы;
9) ассистанс (камсыздандырылуучуга кызмат көрсөтүүчү жак) - камсыздандыруу учуру келип чыккандыгынын натыйжасында камсыздандыруу уюмунун жана/же камсыздандыруу уюму ыйгарым укук берген жактардын камсыздандыруучуга (камсыздандырылганга, пайда табуучуга) техникалык жана/же медициналык жана/же финансылык, анын ичинде акчалай жана/же накталай-буюм түрүндө жардам жана көмөк көрсөтүүсү;
10) шартсыз франшиза - камсыздандыруу учуру келип чыккан учурда камсыздандыруучу тарабынан франшизанын суммасын эсептен чыгарып салуу менен зыяндын ордун толтуруу;
11) бордеро (камсыздандыруудагы отчеттуулук документи) - камсыздандырууга кабыл алынган жана кайра камсыздандырууга тийиш болгон камсыздандырылган адамдардын же мүлктөрдүн документтештирилген тизмеги;
12) камсыздандыруунун түрү - камсыздандыруунун бир өңчөй объекттери (мүлктүк кызыкчылыктары) жана тобокелдиктер менен бириктирилген камсыздандыруу шарттарынын жыйындысы, булар келип чыккан учурда камсыздандыруу келишими түзүлөт;
13) убактылуу администрация (убактылуу администратор) - мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкарууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган дайындаган жактар (жак);
14) кирүүчү кайра камсыздандыруу - башка камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилигин толук же жарым-жартылай өзүнө алуу максатында түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишими;
15) пайда табуучу - камсыздандыруу келишими анын пайдасына түзүлгөн жак;
16) сатып алуу суммасы - өмүрдү камсыздандыруунун топтолмо (узак мөөнөттүү) келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган күнгө карата камсыздандырылуучуга төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төлөмдөрүнүн резервдеринин бөлүгү. Сатып алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу түзгөн атайын таблица боюнча аныкталат жана өткөн камсыздандыруу мезгилинин узактыгына жана келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша болот. Сатып алуу суммасы камсыздандыруучу менен түзүлгөн келишимде аны төлөө мүмкүнчүлүгү каралган учурда гана төлөнүүгө тийиш;
17) ыктыярдуу камсыздандыруу - тараптардын өз эрки боюнча жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруу;
18) туунду уюм - башка юридикалык жактын контролунда турган юридикалык жак;
19) камсыздандыруу боюнча бирдиктүү маалыматтар базасы (мындан ары - маалыматтар базасы) - камсыздандыруу рыногунун катышуучулары (камсыздандыруу рыногунун катышуучулары, камсыздандырылуучу, камсыздандырылган объект жана пайда табуучу) жөнүндө маалыматтардын (электрондук түрдөгү) жыйындысы;
20) камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалыматтык тутуму - (мындан ары - БМТ) - маалыматтардын, маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы, алар милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операцияларды түзүүчү, жүзөгө ашыруучу, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча маалыматтарды иштеп чыгат, сактайт жана берет, бирок түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери жөнүндө маалыматтар, камсыздандыруу окуялары жөнүндө билдирүүлөр, камсыздандыруу төлөмдөрү, төлөнүп берилген камсыздандырып ордун толтуруулар жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө арыздар менен чектелбейт;
21) камсыздандырылуучу - ага карата камсыздандыруу жүзөгө ашырылып жаткан жак;
22) мүлктүк кызыкчылык - менчик укугуна, башка буюмдук укуктар жана милдеттенмелер менен байланышкан жактын (жеке же юридикалык) укук ченемдүү кызыкчылыгы, ошондой эле жеке жактын өмүрүн, ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун сактоого жана камсыз кылууга багытталган кызыкчылыктар. Мүлктү камсыздандыруу келишиминде мыйзамдарга, башка укуктук актыларга же келишимге негизделген камсыздандырылган мүлктү сактоого болгон кызыкчылык камтылат. Камсыздандыруу кызыкчылыгы укук ченемдүү болууга тийиш, ошого тете колдонуудагы укук тартибине каршы келбеген кызыкчылык гана камсыздандырылышы мүмкүн;
23) ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму -ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясынын негизинде камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму;
24) ислам терезеси - камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу уюмунун бөлүмдөрүнүн бири;
25) чыгуучу кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу келишимдери боюнча тобокелдиктер жана кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу сыйлыктары;
26) камсыздандыруунун айкалыштырылган (комплекстүү) түрү - камсыздандыруунун бир келишими менен камсыздандыруунун негизги объекти менен ажырагыс байланышкан кошумча мүлктүк кызыкчылыктарды камсыздандырууну караган камсыздандыруунун түрү;
27) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусу - ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугуна ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жайгаштырылган (артыкчылыктуу жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму сатып алгандарды кошпогондо) акцияларынын он же андан ашык пайызына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кыла ала турган же төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүгү бар (мындай ээлик кылуучу мамлекет болуп саналган учурларды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо) жеке же юридикалык жак:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун добуш берүүчү акцияларынын (артыкчылыктууларын кошпогондо) он же андан ашык пайызы менен тикелей же кыйыр түрдө добуш берүүгө;
- келишимдин негизинде же болбосо Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму кабыл алуучу чечимдерге таасир көрсөтүүгө;
28) камсыздандыруучунун жоопкерчилик лимити - бир камсыздандыруу учуру боюнча жана/же камсыздандыруунун бүткүл мезгили үчүн камсыздандырып ордун толтуруунун мүмкүн болгон максималдуу суммасы;
29) облигатордук кайра камсыздандыруу - кайра камсыздандырылуучу түзүлгөн негизги келишим боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (камсыздандырып ордун толтуруу) боюнча милдеттенмени же анын бир бөлүгүн кайра камсыздандыруу үчүн кайра камсыздандыруучу уюмга өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон, ал эми кайра камсыздандыруу уюму көрсөтүлгөн милдеттенмени же анын бир бөлүгүн кайра камсыздандырууга кабыл алууга милдеттүү болгон кайра камсыздандыруу;
30) камсыздандыруу объекти - камсыздандырылуучунун камсыздандырыла турган же камсыздандырылууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мүлктүк кызыкчылыктары;
31) милдеттүү камсыздандыруу - камсыздандыруунун түрү, бул үчүн камсыздандырылуучунун камсыздандыруу келишимин түзүү милдети Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары менен белгиленет;
32) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмеси - камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын керектөөчүлөрдү, кызмат көрсөтүүлөрдү, өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону жана алардын кесиптик ишин координациялоону камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
33) кайра камсыздандыруу (цессия) - камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча кабыл алган камсыздандыруу төлөмү боюнча милдеттенмеге байланыштуу бир камсыздандыруучу (кайра камсыздандыруучу) тарабынан башка камсыздандыруучунун (кайра камсыздандыруучунун) мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруу боюнча иши;
34) кайра камсыздандырылуучу (цедент) - кайра камсыздандыруу коргоосун сатып алуу жана кайра камсыздандыруу келишимдеринде каралган шарттарда жана тартипте мындай камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнө кайра камсыздандыруучуну катыштыруу максатында кайра камсыздандыруучу менен кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандырылуучу;
35) кайра камсыздандыруу көлөмү - кайра камсыздандыруу келишиминде белгиленген максималдуу сумма, анын чегинде кайра камсыздандыруучу өзүнүн үлүшүнө туура келген чыгымдарды камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болот;
36) Ыктыярдуу камсыздандыруу эрежелери - ыктыярдуу камсыздандыруунун белгилүү бир түрү боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктоочу камсыздандыруу уюмунун документи;
37) Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруунун белгилүү бир түрү боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктоочу документ;
38) укуктарга каршы кызыкчылыктар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген, анын ичинде айыптар жана туумдар, ошондой эле кызыкдар жактын аракети, анын натыйжасында кызыкчылык предметинен пайда алынуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузган мүлктүк кызыкчылыктар;
39) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары - тиешелүү лицензиялардын жана Ыйгарым укуктуу органдын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирдиктүү реестрине киргизүүнүн негизинде өз ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары;
40) пруденциялык ченемдер - Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан сакталууга милдеттүү болгон ченемдер;
41) өздүк кармоо - камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучу же кайра камсыздандырылуучу (цедент) анын алкагында жоопкерчилик тарта турган жоопкерчиликтин көлөмүнүн бөлүгү;
42) кошо камсыздандыруу - камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдында камсыздандыруу төлөмү боюнча бирдей милдеттерди алышкан бир келишим боюнча камсыздандыруу объектин бир нече камсыздандыруучунун камсыздандыруусу;
43) кошо камсыздандыруучу - кошо камсыздандырууга катышкан камсыздандыруучулардын ар бири;
44) камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
45) камсыздандыруу акты - камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру келгендигин тааныган учурда ал түзө турган жана камсыздандырып ордун толтуруу төлөмүн жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документ;
46) камсыздандыруу сыйлыгы - камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишимде шартталган акы;
47) камсыздандыруу тарифи - камсыздандыруунун объектин жана камсыздандыруу тобокелдигинин мүнөзүн, ошондой эле камсыздандыруунун башка шарттарын эске алуу менен камсыздандыруу суммасынын бирдигине коюлган камсыздандыруу сыйлыгынын ставкасы;
48) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) пулу - катышуучулардын ортосунда түзүлгөн биргелешип иштөө жөнүндө келишимдин негизинде камсыздандыруунун айрым түрлөрү же камсыздандыруунун белгилүү бир тобокелдиктери боюнча камсыздандыруу ишин биргелешип жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмеси;
49) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу объекти камсыздандырылган жана камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектеги көлөмүн билдирген акчанын суммасы;
50) камсыздандыруунун ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру келген учурда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма;
51) камсыздандыруу учуру - мыйзам же камсыздандыруу келишими күчүнө кирген учурдагы камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө милдеттүү болгон окуя;
52) камсыздандыруу сюрвейери - камсыздандыруу объектин кароо жана текшерүү, фактыларга жана тобокелдик жагдайларга талдоо жүргүзүү, камсыздандыруу келишимин түзгөнгө чейин тобокелдиктин даражасын аныктоо, текшерүүгө алынган камсыздандыруу объекти боюнча эксперттик корутунду түзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак;
53) камсыздандыруу тобокелдиги - келип чыгуусу ыктымал болгон камсыздандыруу жүргүзүлүүсү болжолдонгон окуя;
54) камсыздандыруу рыногу - мамлекетте, региондук жана эл аралык масштабда камсыздандыруучуларга тиешелүү камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү боюнча камсыздандыруучулардын жана кайра камсыздандыруучулардын иш чөйрөсүн түзүүчү экономикалык мамилелеринин тутуму, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү сунушталуучу финансы рыногунун бөлүгү;
55) камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүзөгө ашырууга атайын уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
56) камсыздандыруу төгүмдөрү - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыгы;
57) камсыздандыруу агенти - камсыздандыруучунун атынан жана анын тапшыруусу боюнча камсыздандыруу келишимин түзүүнү уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
58) камсыздандыруу арбитри - автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу, өз ишинде көз каранды эмес жеке жак;
59) камсыздандыруу брокери - камсыздандырылуучунун тапшыруусу боюнча камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзүү жана аны аткаруу менен байланышкан мамилелерде камсыздандырылуучунун атынан чыккан же камсыздандыруучунун тапшыруусу боюнча анын атынан чыккан же болбосо камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдерин түзүү менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү боюнча өз атынан ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу, ошондой эле камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу маселелери боюнча консультациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
60) камсыздандыруу полиси - камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосундагы өз ара мамилелердин фактысын тастыктаган документ;
61) камсыздандыруу портфели - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) боюнча түзүлгөн бардык келишимдердин, ошондой эле алар боюнча кабыл алынган камсыздандыруу сыйлыктарынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) жыйындысы;
62) камсыздандыруу (техникалык) резервдери - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартибине ылайык колдонуудагы камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча алар тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу максаттарында камсыздандыруу түрлөрү боюнча камсыздандыруучулар тарабынан түзүлүүчү резервдер;
63) камсыздандыруу ишинин субъекттери - камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу уюмдары;
64) тантьема - кайра камсыздандырылуучуга (цедентке) кайра камсыздандыруучу тарабынан сапаттуу камсыздандыруу тобокелдиктерин кайра камсыздандырууга өткөрүп бергендиги жана ишти кылдаттык менен жүргүзгөндүгү үчүн кайра камсыздандыруучуга (цедентке) анын кирешелериндеги жана чыгашаларындагы оң айырмадан төлөнүүчү ар жылдык сый акынын кошумча формасы;
65) камсыздандыруу аймагы - камсыздандыруу келишиминде аныкталган аймак, анын чегинде келип чыккан камсыздандыруу окуясы камсыздандыруу төлөмү боюнча камсыздандыруучунун милдеттенмелерине алып келет;
66) трансчек аралык камсыздандыруу - камсыздандыруу уюму тарабынан башка мамлекеттин аймагында камсыздандыруу келишимдерин түзүү жана аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга байланышкан камсыздандыруу;
67) үчүнчү жак - камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу окуясынын келип чыгышынын натыйжасында өмүрүнө жана/же ден соолугуна, жана/же мүлкүнө зыян келтирилген, камсыздандырылуучу же камсыздандыруучу болуп саналбаган адам;
68) ыйгарым укуктуу орган - камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы;
69) шарттуу франшиза - зыяндын суммасы франшизанын белгиленген суммасына барабар болсо же андан ашпаса, камсыздандыруучу жоопкерчиликтен бошотулат жана эгерде зыяндын өлчөмү франшизанын суммасынан ашса, зыяндын ордун толугу менен толтурууга тийиш;
70) ассистанстын кызмат көрсөтүүлөрү - оор абалга туш болгон камсыздандырылуучуга (камсыздандырылганга, пайда табуучуга), анын ичинде ал саякатта жүргөн же болбосо жашаган жеринен алыста жүргөн мезгилде камсыздандыруу учуру келип чыгуусунун натыйжасында ага жардам жана көмөк көрсөтүүнү уюштурат, ага камсыздандыруу учуру келип чыкканда түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин алкагында камсыздандырылуучуга (камсыздандырылган жактарга, пайда табуучуларга) жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына техникалык, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну, ошондой эле финансылык көмөктөшүүнү камтыйт;
71) авария комиссарынын кызмат көрсөтүүлөрү - кошумча кызматтар, анын ичинде консультациялар, камсыздандыруу учуру келип чыкканда, зыянды карап чыгууда жана белгилөөдө, анын келип чыгуу өлчөмүн жана себептерин аныктоодо, ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму менен келишимге ылайык чыгымды жөнгө салууга коштолгон башка кызмат көрсөтүүлөр;
72) факультативдик кайра камсыздандыруу - камсыздандырууга өз алдынча кабыл алынган ар бир өзүнчө тобокелдик боюнча ар бир өз алдынча учурда тобокелдиктерди (камсыздандыруу төлөмү же камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерди) өткөрүп берүү, мында кайра камсыздандыруу уюму тобокелдикти кайра камсыздандырууга кабыл алууга же аны кайра камсыздандыруудан баш тартууга укуктуу;
73) франшиза - бул камсыздандыруу келишиминин шарттарында каралган камсыздандырылуучунун чыгымдарынын камсыздандыруучу тарабынан ордун толтурууга тийиш болбогон бөлүгү;
74) фронтинг - мыйзам талаптарын эске алуу менен башка камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу компанияларына өткөрүп берүү максатында тобокелдиктерди камсыздандырууга же кайра камсыздандырууга кабыл алуу;
75) кепилдик төлөмдөр фонду - камсыздандыруу уюмдары мажбурланып жоюлган учурда, ошондой эле камсыздандыруу иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандырылуучуларга (камсыздандырылгандарга, пайда табуучуларга) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга кепилдик берүүчү уюм.
4-берене. Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши
1. Камсыздандыруу камсыздандыруу учуру же камсыздандыруу келишиминде аныкталган башка окуя келип чыккан учурда камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруу төлөмү аркылуу жеке же юридикалык жактардын мыйзамдуу мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамилелердин комплексин билдирет.
2. Камсыздандыруу иши - бул ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар уюмдардын жеке жана юридикалык жактарга камсыздандыруу сыйлыгы үчүн кызматтарды көрсөтүү боюнча иши, анын предмети болуп камсыздандыруу учуру келип чыккан учурда чоң сандарды эсептөө принцибинин негизинде эсептелген ушул сыяктуу тобокелдикке учурашы ыктымал болгон көп сандагы адамдардын арасында тобокелдикти бөлүштүрүү менен келишимде шартталган камсыздандыруучунун милдеттери саналат.
3. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши болуп камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) ислам принциптери боюнча келишимдерди түзүү жана аткаруу менен байланышкан "ислам терезеси" принциби боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жана/же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун иши саналат.
5-берене. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды жана жарандыгы жок адамдарды камсыздандыруу
Ушул Мыйзамга жана камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучулар камсыздандырууну коргоо укугунан пайдаланышат жана Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей милдеттерди аткарышат.
6-берене. Кыргыз Республикасынын резиденти эмес камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын иши
1. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруу ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын алган камсыздандыруу уюмдары тарабынан гана камсыздандырылууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар камсыздандыруу рыногунун бардык катышуучулары тарабынан аткарылууга милдеттүү. Бул талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчилик келип чыгат.
3. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жактын же анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын жана Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жеке жактын мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын резиденти болгон камсыздандыруу уюму тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын резиденти эмес камсыздандыруу уюмдары менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө жана аны аткарууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) иштөө, окуу, дарылануу же эс алуу максаттарында Кыргыз Республикасынын чегинен убактылуу тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын резиденти болгон жеке жактары тарабынан бул адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу жүргөн мезгилинде гана;
2) трансчек аралык камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу менен байланышкан тобокелдиктер бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын резиденттери.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан башка мамлекеттин аймагында камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдерин түзүү жана аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан камсыздандыруу трансчек аралык болуп саналат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк камсыздандыруу уюмдарынын атынан камсыздандыруу келишимдерин түзүү менен байланышкан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишке жол берилбейт.
7-берене. Камсыздандырылуучу үчүн маалыматтар
1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга жана/же пайда табуучуга төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтардын берилишин камсыз кылууга милдеттүү:
1) камсыздандыруучунун аталышы, дареги, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери;
2) түрлөрү боюнча Камсыздандыруу эрежелери жана колдонуудагы тарифтер;
3) камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөттөрү жана шарттары;
4) камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун үстүнөн даттануу менен кайрыла турган ыйгарым укуктуу органдын дареги.
2. Камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандыруучунун аталышы, дареги, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери өзгөргөн учурда, камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусу бул жөнүндө камсыздандырылуучуга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2-глава. Камсыздандыруу ишин уюштуруу
8-берене. Камсыздандыруунун тармактары, формалары жана түрлөрү
1. Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү формаларда жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтолмо камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликтерди ыктыярдуу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;
- кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кирүүчү кайра камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу.
2. Ыктыярдуу камсыздандыруу камсыздандыруу келишиминин жана Камсыздандыруу эрежелеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Ыктыярдуу Камсыздандыруу эрежелери, ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөр аны жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарын жана тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучулардын ассоциациясы же камсыздандыруучу тарабынан өз алдынча кабыл алынат, бекитилет жана колдонууга киргизүүнүн алдында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш. Камсыздандыруунун конкреттүү шарттары камсыздандыруу келишимин түзүүдө аныкталат.
3. Эгерде аны жүргүзүүнүн түрлөрүн, жалпы шарттарын жана тартибин аныктаган камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, ал милдеттүү болуп саналат. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдин жана Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери аны жүргүзүү шарттарын жана тартибин аныктайт, милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кабыл алынат жана бекитилет.
Милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
4. Камсыздандыруу өмүрдү камсыздандыруу (өмүрдү топтолмо камсыздандыруу), мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу, анын ичинде жеке камсыздандыруу элементтери менен аннуитеттик камсыздандыруу,) жана өмүрдү камсыздандыруудан (жеке камсыздандыруудан, мүлктүк камсыздандыруудан, жоопкерчиликти камсыздандыруудан) башка тармактар сыяктуу тармактар боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Аннуитеттик камсыздандыруу келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик эмес камсыздандыруу же рента боюнча пенсия түрүндө же камсыздандырылган адам белгилүү куракка жеткенде, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо (курагы боюнча, майыптыгы боюнча, оорусу боюнча), баккан адамы каза болгондо, жумушсуз калганда же камсыздандырылуучунун жеке кирешелеринин төмөндөшүнө же жоголушуна алып келген башка учурларда өмүр бою мезгил-мезгили менен камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнү кароочу топтолмо камсыздандыруунун түрлөрүнүн жыйындысын билдирет.
Камсыздандыруу уюму Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте актуарийдин корутундусунун негизинде аннуитеттик камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде үзгүлтүксүз камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.
6. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө талап, камсыздандыруунун түрлөрү жана минималдуу шарттары (анын ичинде камсыздандыруу объекти, камсыздандыруу тобокелдиктери жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленип, ал эми камсыздандыруунун башка шарттары жана тартиби тараптардын макулдашуусу менен аныкталган учурда жүктөлгөн камсыздандыруу милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат.
Жүктөлгөн камсыздандыруу камсыздандыруунун бир же бир нече түрүнүн чегинде жүзөгө ашырылат.
Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдерге карата минималдуу талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдер ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Тараптардын макулдашуусу боюнча жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдер ушул Мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбеген жоболор менен толукталышы мүмкүн.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруу жүзөгө ашырылып жаткан тармактарды, камсыздандыруунун түрлөрүн жана камсыздандыруунун шарттарын өз алдынча аныктайт.
9-берене. Камсыздандыруу объекттери
1. Төмөнкүлөр менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктар жеке камсыздандыруу объекттери болушу мүмкүн:
1) жеке жактар белгилүү бир жаш курагына толгондо же алардын өмүрүндө келишимде каралган башка камсыздандыруу учуру болгондо;
2) жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирүү, аларга медициналык кызматтарды көрсөтүү (кырсыктардан жана оорулардан камсыздандыруу, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).
2. Төмөнкүлөр менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктар мүлктүк камсыздандыруу объекттери болушу мүмкүн:
1) мүлктүн жоголуу (жок болуу), кем чыгуу же бузулуу тобокелдиги (мүлктү камсыздандыруу);
2) жеке жана юридикалык жактардын кирешелерди албай калуу, күтүлбөгөн чыгымдардын пайда болуу тобокелдиги (финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу);
3) ишкердин контрагенттери тарабынан өз милдеттенмелерин бузуусунан же ишкерден көз каранды болбогон жагдайлар боюнча бул иштин шарттарынын өзгөрүшүнөн, анын ичинде күтүлгөн кирешелерди албай калуу тобокелдигинен (ишкердик тобокелдиктерин камсыздандыруудан) улам ишкердик иштен чыгымдардын келип чыгуу тобокелдиги.
3. Төмөнкүлөр менен байланышкан мүлктүк кызыкчылыктар жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу объекттери болушу мүмкүн:
1) жеке жана юридикалык жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелдигинин келип чыгуусу;
2) келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тобокелдигинин келип чыгуусу.
4. Мүлктүк камсыздандыруунун жана/же жеке камсыздандыруунун ар кандай түрлөрүнө (айкалышкан (комплекстүү) камсыздандырууга) кирген объекттерди камсыздандыруунун бир келишими боюнча камсыздандырууга жол берилет, ошондой эле бир нече адамдын өмүрүн, ден соолугун жана/же мүлкүн камсыздандыруунун бир келишими боюнча камсыздандырууга жол берилет.
5. Укук ченемдүү мүлктүк кызыкчылыктар камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандырылуучуда мүлктүк кызыкчылыктардын бар экендиги камсыздандыруу жөнүндө келишимди түзүүдө тастыкталат. Үчүнчү тарап болуп саналган пайда табуучуда мүлктүк кызыкчылыктардын бар экендиги камсыздандыруу келишиминин шарттарында же милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда каралган тартипте камсыздандыруу төлөмү жөнүндө чечимди кабыл алууда тастыкталат. Камсыздандырылуучуда же пайда табуучуда мүлктүк кызыкчылыктар жок болгон учурда түзүлгөн камсыздандыруу келишими жараксыз.
6. Укукка каршы кызыкчылыктарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти камсыздандырууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыздандырууга жол берилбеген кызыкчылыктарды камсыздандырууга жол берилбейт.
10-берене. Кошо камсыздандыруу
1. Бир камсыздандыруу объектине карата камсыздандыруу боюнча ишти эки же андан ашык камсыздандыруучунун жүзөгө ашыруусуна жол берилет.
2. Кошо камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу тобокелдиктери, камсыздандыруу суммасы (жоопкерчиликтин көлөмү), камсыздандыруу сыйлыгы (камсыздандыруу төгүмү) камсыздандыруучулардын ортосунда келишимде белгиленген үлүштөрдө бөлүштүрүлөт. Эгерде келишимде мындай үлүштөр аныкталбаса, алар бирдей деп эсептелинет.
3. Кошо камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келип чыкканда, камсыздандырылуучулар камсыздандырылган жактар, пайда табуучулар келишимде көрсөтүлгөн камсыздандырылуучулардын кайсынысы болбосун же бардыгына камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу төлөмү боюнча камсыздандыруучулардын өз милдеттерин аткаруу тартиби камсыздандыруу келишими менен аныкталат. Эгерде камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучулардын ар биринин укуктары жана милдеттери аныкталбаса, алар камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн камсыздандырылуучулардын, камсыздандырылган жактардын, пайда табуучулардын алдында бирдей жооп беришет.
11-берене. Кайра камсыздандыруу
1. Кайра камсыздандыруу кайра камсыздандырылуучу (цедент) менен кайра камсыздандыруучунун (цессионердин) ортосунда түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишиминин (цессиянын) негизинде иштиктүү жүгүртүү салттарына ылайык таризделген кайра камсыздандыруу чөйрөсүндөгү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Өзүнчө тобокелдик боюнча жекече кармап калуунун ченемдери (өлчөмдөрү) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Кайра камсыздандырылуучунун жеке кармоосунда калган тобокелдик (тобокелдиктин бөлүгүн) же болбосо камсыздандыруу келишими боюнча чыгашалардын чоңдугу же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин максималдуу көлөмүнө карата чыгашанын деңгээли Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Эгерде кайра камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, ал кайра камсыздандыруучу (ретроцедент) кайра камсыздандыруу келишими боюнча кабыл алган камсыздандыруу төлөмү боюнча милдеттенмени (камсыздандыруу төлөмү боюнча милдеттенменин бөлүгүн) кийинки келишимдер, кайра камсыздандыруу келишими (ретроцессия) боюнча башка кайра камсыздандыруучуга же башка кайра камсыздандыруучуларга (ретроцессионерлерге) өткөрүп берүүгө укуктуу.
4. Кайра камсыздандыруучу менен кайра камсыздандырылуучунун ортосундагы тобокелдиктерди өткөрүп берүү жана кабыл алуу пропорционалдуу жана пропорционалдуу эмес негизде, анын ичинде кайра камсыздандыруу көлөмүн сатып алуу жолу менен кайрадан камсыздандыруунун факультативдик жана облигатордук келишимдери боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Кайра камсыздандыруунун түрлөрүнүн жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен тиешелүү кайра камсыздандыруу келишимдеринин шарттары боюнча аныкталат.
5. Кайра камсыздандырылуучу менен кайра камсыздандыруучунун ортосундагы келишимде алардын ортосунда түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишими же белгилүү убакыт мезгилинин ичиндеги мындай келишимдердин тобу (тантьема) боюнча кайра камсыздандыруучунун кирешелери менен чыгашаларынын ортосундагы оң айырманын бөлүктөрүн кайра камсыздандырылуучуга төлөө боюнча кайра камсыздандыруучунун милдеттенмеси каралышы мүмкүн.
6. Тобокелдикти кайра камсыздандыруу фронттоштуруу түрүндө да жүргүзүлүшү мүмкүн. Фронттоштуруучу камсыздандыруучу тобокелдиктин анча чоң эмес бөлүгүн өзүнүн жоопкерчилигине алат же болбосо тобокелдикти таптакыр кабыл албайт, анын ордуна билдирилген дооматтарды жана төлөмдөрдү башкарууну кепилдеген чараларды ал жүзөгө ашырышы мүмкүн. Мында тобокелдикти тикелей башкарууга жана чыгымдарды жөнгө салууга, камсыздандырып ордун толтурууну төлөөгө, ошондой эле башка маселелерди жана талаш-тартыштарды кайра камсыздандыруучунун өзүнүн чечүүсүнө да жол берилет, булар тууралуу камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт.
7. Тобокелдикти кайра камсыздандыруу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокери аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында кайра камсыздандыруу жана анын шарттары жөнүндө документтерди тариздөө брокер менен, кайра камсыздандырылуучу менен кайра камсыздандыруучунун ортосунда да түздөн-түз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучулары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген көлөмдөрдү чектөөлөрдүн алкагында өз тобокелдиктерин түздөн-түз чет өлкөлүк кайра камсыздандыруучуларда, анын ичинде өзү болгон өлкөдө юридикалык жактар катары катталган чет өлкөлүк камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу брокердик уюмдары аркылуу да кайра камсыздандыра алышат.
12-берене. Актуардык иш
1. Актуардык иш ушул Мыйзамга жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле актуардык ишти жүзөгө ашыруунун эл аралык принциптерин (стандарттарын) эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Актуардык иш иш берүүчү менен кызматкердин - актуарийдин ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин же тапшырыкчы менен актуарийдин ортосунда жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн актуардык ишти жүргүзүү жөнүндө жарандык-укуктук келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Актуардык иш өзүнө төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
1) камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелердин өлчөмдөрүн эсептөө;
2) топтолмо камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучуларга берилүүчү зайымдардын өлчөмдөрүн аныктоо;
3) камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн методологиясын жана экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, ошондой эле камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын ставкаларын эсептөө;
4) аннуитеттик камсыздандыруу жана өмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын жана камсыздандыруу резервдерин баалоо үчүн өмүрүнүн акырына чейин жашоо көрсөткүчтөрүн талдоо жана жаңылоо;
5) актуардык эсептөөлөрдүн маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана сунуштарды берүү;
6) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоого байланышкан маселелер;
7) тобокелдиктерди жана/же тобокелдиктердин болушу менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо, ошондой эле финансылык тобокелдиктерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана майнаптуулугун баалоо.
4. Актуардык эсептөөлөр камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун демилгеси (демилгелүү актуардык эсептөөлөр) боюнча жүргүзүлөт.
5. Актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүүдө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму актуарий талап кылган милдеттүү актуардык эсептөөлөрдү жана корутундуларды жүргүзүү жана даярдоо үчүн зарыл болгон бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
13-берене. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгон учурда камсыздандыруунун бир же бир нече түрү боюнча камсыздандыруу портфелин камсыздандыруунун ушул түрү боюнча лицензиясы бар башка камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруунун айрым түрлөрүн лицензиялоодон чыгарып салууда камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгон учурда камсыздандыруунун ушул түрү боюнча камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Кайра камсыздандыруу боюнча лицензияны ыктыярдуу кайтарып берүүдө кайра камсыздандыруу уюму кайра камсыздандырылуучунун (цеденттин) макулдугу бар болгон учурда кайра камсыздандыруу боюнча лицензиясы бар башка кайра камсыздандыруу уюмуна камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Камсыздандыруунун айрым түрлөрүн лицензиялоодон чыгарып салууда, кайра камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензияны ыктыярдуу кайтарып берүүдө камсыздандыруу уюму камсыздандыруунун ушул түрү (түрлөрү) боюнча келишимдерди түзүүгө жана аткарууга байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз.
3. Камсыздандыруу портфелин кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму аны кабыл алуу учурунда сактоого милдеттүү болгон бардык ченемдерди жана лимиттерди, ошондой эле жаңы кабыл алынган камсыздандыруу портфелин эске алуу менен аткарууга тийиш.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан туруктуулуктун жана/же төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдик финансылык көрсөткүчтөрү (коэффициенттери) акыркы удаа алты айдын ичинде бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу портфелин мажбурлап өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Камсыздандырылуучунун макулдугун алуу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүнүн талабы туунду камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ортосунда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө жайылтылбайт.
Камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) кабарлоо максатында:
- камсыздандыруу портфелинин алдыда боло турган өткөрүп берилиши жөнүндө кулактандырууну камсыздандыруу уюмунун жана камсыздандыруучулардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) интернет-сайтына же жалпы басма сөз маалымдоо каражаттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт;
- камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде камсыздандырылуучуга электрондук почта дареги же почта дареги аркылуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
14-берене. Камсыздандыруу сыры
1. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алынган камсыздандырылуучу, камсыздандырылган жак жана пайда табуучу жөнүндө, аталган жактардын мүлктүк абалы жөнүндө, ал эми жеке камсыздандырууда алардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз. Камсыздандыруучу өзүнүн кызматчылары тарабынан бул маалыматтарды ачыкка чыгарбоону жана аталган камсыздандыруу уюмундагы кызматын калтыргандан кийин да камсыз кылууга милдеттүү. Мында камсыздандырылуучу, камсыздандырылган жак жана/же пайда табуучу тараптар түзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттары жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде коммерциялык сырга кирген) ачыкка чыгарууга укуксуз.
2. Камсыздандыруучулар маалыматтарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу жаатындагы өз ишинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өз ара маалымат алмаша алат жана бири-бирине бере алат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери аларга кызматтык абалынын натыйжасында белгилүү болгон камсыздандыруучунун коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды, камсыздандыруучу жана анын кардарлары жөнүндө башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз, буга төмөнкү учурлар кирбейт:
1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган;
2) аларда камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын ишин камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулары аныкталган;
3) алардын кылмыштык куугунтуктоосу;
4) аларга карата сот өндүрүшү.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, камсыздандыруу сырын түзгөн маалыматтар камсыздандыруучу тарабынан аны алууга кызыкдар болгон жакка мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде гана берилиши мүмкүн.
5. Камсыздандыруу келишимин аткаруу жана/же камсыздандыруу учурунун белгилери бар окуяларды териштирүү максатында камсыздандыруучунун камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүүсү, ошондой эле камсыздандыруучунун маалыматтарды кошо камсыздандыруучуларга, кайра камсыздандыруучуларга, камсыздандыруу брокерлерине, консультанттарга, аудиторлорго, банктарга медициналык мекемелерге жана башка өнөктөш уюмдарга, берүүсү камсыздандыруу сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
3-глава. Камсыздандыруу рыногу
15-берене. Камсыздандыруу рыногунун катышуучулары
1. Төмөнкүлөр камсыздандыруу рыногунун катышуучулары болуп саналат:
1) камсыздандырылуучулар, камсыздандырылган жактар, пайда табуучулар;
2) камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу уюмдары;
3) камсыздандыруу брокерлери;
4) актуарийлер;
5) камсыздандыруу агенттери;
6) андеррайтерлер;
7) камсыздандыруу сюрвейерлери, аджастерлер, баалоочулар;
8) камсыздандыруу арбитрлары;
9) камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын бирикмелери.
2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары жөнүндө маалыматтар Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирдиктүү реестрине жана камсыздандыруу ишинин субъекттеринин ыйгарым укуктуу органынын маалыматтар базасына ушул Мыйзамга жана лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилүүгө тийиш.
3. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусунун - юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) уюштуруучу-укуктук формасына көрсөтүүнү;
2) "камсыздандыруу" жана/же "кайра камсыздандыруу" деген сөздөрдү, ошондой эле бул сөздөрдөн жана сөз айкаштарынан жасалган сөздөрдү пайдалануу менен иштин түрүн көрсөтүүнү;
3) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусун жекелештирүүчү белгини.
4. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусу - юридикалык жак камсыздандыруу рыногунун башка кесипкөй катышуучусунун аталышын (фирмалык аталышын) жарым-жартылай же толугу менен кайталаган толук же кыскача аталышты (фирмалык аталышты) пайдаланууга укуксуз. Көрсөтүлгөн жобо камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусунун туунду жана көз каранды коомдоруна жайылтылбайт.
16-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмелеринин ыйгарым укуктары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары эгерде аларды түзүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келбесе, өз ишин координациялоо, өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана биргелешкен программаларды ишке ашыруу үчүн бирикменин уставынын жана уюштуруу документтеринин негизинде иштөөчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алат. Камсыздандыруучулардын бирикмелери (ассоциациялары, бирликтери) камсыздандыруу ишин түздөн-түз жүргүзүүгө укуксуз. Алардын мүчөлөрү катары камсыздандыруу рыногунун башка кесипкөй катышуучулары да тартылышы мүмкүн.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмесине мүчөлүккө кабыл алуунун жана мүчөлүгүн токтотуунун шарттары жана тартиби бирикменин уставы менен белгиленет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмеси өздөрүнүн мүчөлөрүнүн тизмегин жүргүзөт жана аны өзүнүн интернет-сайтына жайгаштырат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмесинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздандыруу рыногунда ишти жүзөгө ашырууда өз мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
2) ички документтерди иштеп чыгуу;
3) камсыздандыруу рыногунун катышуучуларын окутуудан өткөрүү;
4) мүчөлөрдүн ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштарды кароо;
5) өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
6) чет өлкөлүк камсыздандыруучулардын бирикмелери менен камсыздандыруу маселелери боюнча кызматташуу, маалымат алмашуу;
7) камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;
8) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, соттордо, эл аралык уюмдарда өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону жана билдирүүнү камсыз кылуу;
9) өзүнүн уюштуруу документтеринде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
4. Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын бирикмелери алардын мүчөлөрүнүн кесиптик иши жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалыматтарды өз мүчөлөрүнө жеткирүүгө милдеттүү.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмелеринин кызматкерлери жана мүчөлөрү өз функцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган камсыздандыруу сырын кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Таасир этүү чараларын, аларды колдонуунун тартибин жана негиздерин, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмесинин мүчөлөрүнүн кесиптик этика кодексин жана кесиптик практиканын стандарттарын, мүчөлүккө квалификациялык жана башка талаптарды бузгандыгы жөнүндө иштерди кароонун тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү бирикменин компетенциясына кирет.
17-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмесинин ички документтери
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмеси төмөнкүдөй ички документтерди кабыл алат:
1) бирикменин мүчөлөрүнүн кесиптик этика кодексин;
2) уставда каралган башка документтерди.
2. Ички документтер камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмеси тарабынан бекитилет жана алардын мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болуп саналат.
18-берене. Актуарийлердин бирикмеси
1. Актуарийлердин бирикмеси коммерциялык эмес уюм формасында түзүлөт, анын иши ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, актуарийлердин бирикмесинин уюштуруу документтери менен жөнгө салынат.
2. Актуарийлердин бирикмесине мүчөлүккө кабыл алуунун жана токтотуунун шарттары, тартиби актуарийлердин бирикмесинин уставы менен белгиленет.
Актуарийлердин бирикмеси өз мүчөлөрүнүн тизмегин жүргүзөт жана аны өзүнүн интернет-сайтына жайгаштырат.
3. Актуарийлердин бирикмеси төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жаатындагы актуардык изилдөөлөрдү, анын ичинде камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин актуардык баалоону жана экспертизалоону жүргүзүү;
2) аннуитеттик камсыздандыруу келишимдери боюнча өмүрүнүн акырына чейин жашоо көрсөткүчтөрүн талдоо жана жаңылоо;
3) ички документтерди иштеп чыгуу;
4) өз ишин жүзөгө ашырууда өз мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
5) мүчөлөрдүн ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштарды кароо;
6) өздөрүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
4. Актуарийлердин бирикмелеринин кызматкерлери жана мүчөлөрү өз функцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган камсыздандыруу сырын кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Таасир этүү чараларын, аларды колдонуунун тартибин жана негиздерин, актуарийлердин бирикмесинин мүчөлөрүнүн кесиптик этика кодексин жана кесиптик практиканын стандарттарын, мүчөлүккө квалификациялык жана башка талаптарды бузгандыгы жөнүндө иштерди кароонун тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү актуарийлер бирикмесинин компетенциясына кирет.
19-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун иши
1. Камсыздандыруу иши камсыздандыруу, (кайра камсыздандыруу) уюму жүзөгө ашыруучу ишкердик ишинин негизги түрү болуп саналат. Камсыздандыруучулар (кайра камсыздандыруучулар) камсыздандыруу тобокелдигин баалоону жүргүзөт, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) сыйлыктарын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) алат, тобокелдиктерди кайра камсыздандырууга өткөрүп берет, камсыздандыруу резервдерин түзөт, чыгымдардын же зыяндын өлчөмүн аныктайт, камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзөт, активдерди инвестициялайт, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзөт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы жана белгилүү бир түрү боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарын аныктоочу Камсыздандыруу эрежелери бар болгон учурда гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Жүктөрдү камсыздандырууну кошпогондо, камсыздандыруу уюму камсыздандыруу объекти жайгашкан өлкөнүн улуттук мыйзамдары резидент эмес камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандырууга жол берген шартта, камсыздандыруу ишинин тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу укугуна ыйгарым укуктуу органдан лицензиясы бар болгондо трансчек аралык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруу тобокелдиктерин чыгуучу камсыздандыруу боюнча лицензиясыз кайра камсыздандырууга өткөрүп берет.
5. Камсыздандыруу уюму тиешелүү түрдөгү лицензиясы болгон шартта кайра камсыздандыруу боюнча лицензиясыз камсыздандыруу тобокелдиктерин кабыл алууга укуктуу.
6. Өз ишин кайра камсыздандыруу (кайра камсыздандыруучу) боюнча гана жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюму кайра камсыздандыруу келишиминин тараптарынын ортосунда түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишиминин негизинде тиешелүү түрдөгү кайра камсыздандырууга ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар болгондо гана ыктыярдуу жана милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелдиктерин кайра камсыздандырууга кабыл алууга жана өткөрүп берүүгө укуктуу.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) менен байланышкан төмөнкүдөй көмөкчү иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) инвестициялык;
2) жеке мүлктү же камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн, peгpecc же суброгацияны жүзөгө ашыруунун натыйжасында сатып алынган (алынган) мүлктү сатуу же ижарага (субижарага) берүүнү ишке ашыруу боюнча;
3) ассистанстын;
4) камсыздандыруу сюрвейеринин;
5) авария комиссарынын, аджастердин;
6) камсыздандыруу агенти катары;
7) камсыздандыруу ишине байланышкан маселелер боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча;
8) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окутууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
8. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна ушул берененин 1-7-бөлүктөрүндө каралбаган ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
9. Ушул Мыйзамдын камсыздандыруу уюмунун ишин түзүү, лицензиялоо, жөнгө салуу жана токтотуу бөлүгүндөгү ченемдери иштин өзгөчө түрү катары кайра камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу кайра камсыздандыруу уюмдарын түзүү, лицензиялоо, ишин жөнгө салуу жана токтотуу шарттарына карата колдонулат.
10. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары кепилдик төлөмдөрүнүн фондун түзүүгө укуктуу. Кепилдик төлөмдөрүнүн фондун түзүүнүн жана анын ишинин тартибин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу сыйлыктарынан Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү чегерүүлөрү ыйгарым укуктуу органдын ишин каржылоого жана камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө багытталат.
20-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) ишин жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруу ишин (кайра камсыздандыруу ишин) жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы, камсыздандырууну белгилүү бир түрү боюнча жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарын аныктоочу Камсыздандыруу эрежелери жана ички актылары бар болгондо гана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ички актыларында төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун бөлүмдөрүнүн түзүмү, милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары;
2) ички аудит кызматынын жана башка туруктуу иштеген органдардын түзүмү, мүчөлөрүнүн саны, милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары;
3) ички контролдоо тутуму;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын, жетекчилеринин жана кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери;
5) камсыздандырылуучулардын (камсыздандырылгандардын), жабыр тарткандардын (пайда табуучулардын) жана алардын өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын, ошондой эле камсыздандыруу учурларынын маселелери боюнча келип түшкөн арыздарды жана документтерди каттоонун тартиби;
6) камсыздандырылуучуларга (камсыздандырылгандарга), жабырлануучуларга (пайда табуучуларга) жана алардын өкүлдөрүнө камсыздандыруу учурларынын маселелери боюнча арыздар жана документтер боюнча жоопторду кароонун жана берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
7) камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен камсыздандыруу төлөмү жөнүндө чечимди кабыл алуу же камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуунун себептеринин жүйөлүү негиздемесин берүү жол-жобосу;
8) камсыздандыруу тобокелдигин (анын ичинде камсыздандырууга кабыл алынган мүлктү) жана камсыздандыруу учуру боюнча зыяндын өлчөмүн баалоонун тартиби;
9) алар штатта болсо, андеррайтердин, аджастердин жана камсыздандыруу сюрвейердин ыйгарым укуктары;
10) камсыздандыруу жана коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтардын жана документтердин тизмеги.
3. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруу келишимин электрондук түрдө түзүү мүмкүнчүлүгү каралган камсыздандыруунун түрлөрү боюнча Камсыздандыруу эрежелерин интернет-сайтка жайгаштырууга милдеттүү.
4. Камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруу) ислам принциптери боюнча иш жүргүзүүчү ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун Камсыздандыруу эрежелери жана ички эрежелери Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин оң корутундусу бар болгондо тиешелүү башкаруу органы тарабынан бекитилет.
21-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү, камсыздандыруучуларды маалымдоо боюнча кепилдик төлөмдөрүнүн фондуна карата коюлуучу талаптар
1. Камсыздандыруучуларга (камсыздандырылгандарга, пайда табуучуларга), камсыздандыруу келишимин түзүү ниети бар адамдарга өзүнүн иши жөнүндө, анын ичинен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусун мажбурлап жоюу учурунда маалыматты жеткирүү максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөрүнүн фондунун интернет-сайты болууга тийиш.
2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусунун интернет-сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылат:
1) толук аталышы, дареги (жайгашкан жери), телефон номерлери, иштөө режими;
2) акционерлер жөнүндө маалыматтар;
3) жетекчи кызматкерлер жөнүндө маалыматтар;
4) камсыздандыруу ишинин жүзөгө ашырылуучу түрлөрүнө лицензиялар;
5) жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү жөнүндө маалыматтар;
6) өткөн үч отчеттук жыл үчүн аудитордук уюм тарабынан тастыкталган, жылдык финансылык отчеттуулук;
7) ассоциацияларга (союздарга), анын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын бирикмелерине катышуу жөнүндө маалыматтар;
8) купуялуулук саясатын сактоо боюнча чаралар;
9) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусунун реквизиттери;
10) келишимдин электрондук үлгүсү;
11) лицензиянын электрондук форматы.
3. Кепилдик төлөмдөрүнүн фондунун интернет-сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылат:
1) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6, 7, 9-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аталышы, алардын интернет-ресурсурстарына болгон шилтемелери.
4. Маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча уюмдун интернет-ресурстарында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылат:
1) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 4, 6, 9-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар;
2) жетекчилер жөнүндө маалыматтар;
3) акционерлер (катышуучулар) жөнүндө маалыматтар.
5. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусу өзүнүн аталышы, туруктуу органынын жайгашкан жери өзгөргөн учурда мындай окуя болгон учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө маалыматты интернет-ресурстарга жайгаштырууга милдеттүү.
22-берене. Электрондук түрдө камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна жана интернет-ресурстарына карата талаптар
1. Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларында же Камсыздандыруу эрежелеринде каралган учурларда камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда электрондук маалыматтык ресурстарды алмашуу жолу менен электрондук түрдө түзүлүшү мүмкүн.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун интернет-ресурстары камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) менен камсыздандыруучунун ортосунда электрондук маалыматтык ресурстарын алмашуу үчүн пайдаланылат.
Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери тиешелүү макулдашуунун негизинде камсыздандыруучунун өнөктөшү болуп саналган башка уюмдардын интернет-ресурстарын пайдалануу менен электрондук түрдө да түзүлүшү мүмкүн.
Камсыздандыруу келишимдерин электрондук түрдө түзүү үчүн пайдаланылуучу камсыздандыруу уюмдарынын интернет-ресурстарынын тизмеги камсыздандыруучулардын бирикмесинин интернет-ресурстарында жайгаштырылат.
3. Камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) менен камсыздандыруучунун ортосунда электрондук маалыматтык ресурстарды алмашуунун тартиби электрондук кол тамга жана электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ушул Мыйзам, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары же Камсыздандыруу эрежелери менен аныкталат.
4. Камсыздандыруучунун жана (же) башка уюмдардын интернет-ресурстарын пайдалануу менен камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) камсыздандыруу келишимин түзүү же аны түзүүдөн баш тартуу (баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен) жөнүндө электрондук кабарлоону камсыздандырылуучунун электрондук почтасына жана/же камсыздандырылуучу үчүн жеткиликтүү болгон кандай болбосун ыкмалар менен токтоосуз жөнөтүүнү;
2) уюмдун маалыматтык тутуму аркылуу камсыздандыруу келишими боюнча маалыматты камсыздандырылуучу тарабынан текшерүү мүмкүнчүлүгүн;
3) камсыздандыруу уюмунун интернет-ресурстарына камсыздандырылуучунун күнү-түнү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен камсыздандыруу келишимин электрондук түрдө сактоону;
4) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылгандын, пайда табуучунун) төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтарды (арыздарды, кабарламаларды жана/же башка документтерди, маалыматтарды) электрондук түрдө түзүү жана камсыздандыруу уюмуна жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн:
- маалыматтарды өзгөртүү, камсыздандыруу келишимин кайра тариздөө;
- камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- камсыздандыруу учурунун болгондугу жөнүндө кабарлоо;
- камсыздандыруу төлөмүн алуу.
5. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучунун жана/же башка уюмдардын интернет-ресурстарын пайдалануу менен камсыздандыруу келишимин түзүүдө бул камсыздандыруу келишими, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сыйлыгын (камсыздандыруу сыйлыгын бөлүп төлөө менен төлөнгөн учурда биринчи камсыздандыруу төгүмүн) төлөгөн датадан тартып камсыздандыруучу сунуштаган шарттарда камсыздандырылуучу тарабынан түзүлдү деп эсептелет.
6. Камсыздандыруучунун жана/же башка уюмдардын интернет-ресурстарын пайдалануу менен камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган Камсыздандыруу эрежелери же болбосо камсыздандыруучу Камсыздандыруу эрежелери менен таанышкандан кийин, бул камсыздандыруу келишимин түзүүгө өзүнүн макулдугун ырастоо менен камсыздандыруу сыйлыгын (камсыздандыруу сыйлыгы бөлүп төлөө менен төлөнгөн учурда биринчи камсыздандыруу төгүмүн) төлөйт.
7. Камсыздандыруучу тарабынан берилген ыйгарым укуктар бар болгон учурда, камсыздандыруу агенттери, камсыздандыруу брокерлери камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак, пайда табуучу) менен камсыздандыруучунун ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашууга катышууга, ошондой эле камсыздандыруучунун атынан жана анын эсебинен камсыздандырууга байланышкан электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
8. Камсыздандыруу агентинин, камсыздандыруу брокеринин камсыздандыруучунун маалыматтык тутумуна жетүү тартибин кошкондо, камсыздандыруу агентинин же камсыздандыруу брокеринин камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак, пайда табуучу) менен камсыздандыруучунун ортосундагы электрондук түрдөгү маалымат алмашууга катышуусунун тартиби, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу агенти же камсыздандыруу брокери менен түзүлгөн макулдашууда белгиленет.
23-берене. Камсыздандыруу келишими
1. Камсыздандыруу камсыздандыруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру (окуясы) болгондо ушул учурдун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун камсыздандыруу суммасынын чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну жүргүзүүгө) же болбосо камсыздандырылуучуга же аны алууга укук ченемдүү башка жакка (пайда табуучуга) камсыздандыруу суммасын төлөөгө милдеттенет, ал эми камсыздандырылуучу белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу сыйлыгын төлөөгө милдеттенет.
3. Камсыздандыруу башкы камсыздандыруу келишими боюнча анын алкагында камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызы боюнча окшош шарттарда бир тектүү тобокелдиктерди камсыздандырууга алгандыгын тастыктоочу камсыздандыруу полисин, сертификатты, күбөлүктү, квитанцияны, бордерону берүү менен жана камсыздандырылуучу камсыздандыруу сыйлыгын төлөгөн шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Камсыздандырылуучу үчүн камсыздандыруу келишимин түзүүнүн максаты камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу учурунда келип чыккан зыянды компенсациялоо жолу менен камсыздандырылуучунун финансылык корголушун камсыз кылуунун кепилдиги болуп саналат.
5. Камсыздандыруу келишимине карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын, ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун практикасында кабыл алынган иштиктүү жүгүртүү каада-салттарын эске алуу менен колдонулат.
6. Кайра камсыздандыруу келишимине карата камсыздандыруу келишими жөнүндө жоболор кайра камсыздандыруунун эл аралык практикасында кабыл алынган ченемдерди жана каада-салттарды эске алуу менен колдонулат.
24-берене. Камсыздандыруу келишиминин формасы
1. Камсыздандыруу келишими жөнөкөй жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук документ (электрондук форма) түрүндө түзүлөт.
2. Камсыздандыруу келишимин электрондук түрдө түзүүдө ага карата электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат. Камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган адамдын, пайда табуучунун) талабы боюнча камсыздандыруучу документтерди кагаз түрүндө жана күбөлөндүрүлгөн электрондук документтердин көчүрмөлөрүн берет.
3. Камсыздандыруу келишими тараптар кол койгон, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү иштиктүү жүгүртүү каада-салттарына ылайык башка таризделген бир документти түзүү жолу менен же болбосо камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга анын жазуу жүзүндөгү же оозеки арызынын негизинде кол коюлган камсыздандыруу документин (полисти, күбөлүктү, сертификатты, квитанцияны) тапшыруу менен түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда камсыздандырылуучунун келишим түзүүгө макулдугу камсыздандыруучудан камсыздандыруу документин кабыл алуу менен тастыкталат.
4. Келишим кат алмашуу, электрондук же башка байланыш аркылуу, документтин келишим тараптан келгендигин ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен же болбосо автоматташтырылган тутумдарынын, мобилдик тиркемелердин жана каналдардын, интернет-ресурстардын, электрондук бүтүмдү жасоо жолу менен электрондук соода каражаттарынын жана ыкмаларынын жардамы менен түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда камсыздандырылуучунун келишим түзүүгө макулдугу камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жасоо жолу менен тастыкталат.
5. Камсыздандырылуучунун келишим түзүүгө макулдугу камсыздандырылуучунун камсыздандыруу сыйлыгын же анын биринчи төгүмүн төлөөсү менен да тастыкталышы мүмкүн.
6. Камсыздандыруу уюму тарабынан ага тиешелүү укуктар берилген учурларды кошпогондо, камсыздандыруучунун атынан келишим камсыздандыруу уюмунун ыйгарым укуктуу өкүлү, анын ичинде камсыздандыруу уюму тарабынан каралган камсыздандыруу шарттарын өзгөртүүгө укуксуз агенти, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокери тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
25-берене. Камсыздандыруу келишимин түзүү жана токтотуу
1. Камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучунун белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү же электрондук түрдөгү арызынын негизинде түзүлөт. Мында арыз берүү камсыздандырылуучуну жана камсыздандыруучуну камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттендирбейт, бирок камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы камсыздандыруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп калат.
2. Эгерде бул жагдайлар камсыздандыруучуга белгилүү болбосо жана белгилүү болууга тийиш эмес болсо, камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу учурунун болуу ыктымалдыгын жана анын болушунан (камсыздандыруу тобокелдиги) мүмкүн болуучу чыгымдардын өлчөмүн аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон ага белгилүү бардык жагдайлар жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу келишиминин стандарттуу формасында, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырууга берген арызы же анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабында анык айтылган жагдайлар олуттуу деп таанылат.
3. Камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынган формада анын ичинде электрондук түрдө толтурулган арыз-сурамжылоо (анкета) түрүндө, же башка эркин жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Эгерде камсыздандырылуучу өзүнүн мөөрү бар юридикалык жак же жеке ишкер болсо, камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызына камсыздандырылуучу тарабынан кол коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Камсыздандыруу келишимин түзүү, камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу тарабынан билдирилген маалыматтардын аныктыгын тастыктоо үчүн, ошондой эле камсыздандырылуучуну жана камсыздандырылган адамдарды идентификациялоо максатында камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга анын суроо-талабы боюнча тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу суралган документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда аларды берүү мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
5. Камсыздандырылуучу арызда жана камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарына жооптордо берилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Эгерде камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу тарабынан алдамчылыктын таасири астында түзүлгөндүгү жана/же камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруу учурунун болуу ыктымалдыгын жана анын болушунан мүмкүн болуучу чыгымдардын өлчөмүн аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жагдайлар жөнүндө камсыздандыруучуга атайын жалган маалыматтарды билдиргендиги аныкталса, же алар тууралуу билдирбесе, анда камсыздандыруучу мындай учурлар жоголгон учурдан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таанууну талап кылууга укуктуу.
6. Эгерде анда башкача каралбаса, камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сыйлыгы же биринчи төгүм төлөнгөн учурдан тартып, бирок камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу мөөнөтү (мезгили) башталган дата катары көрсөтүлгөн датадан эрте эмес күчүнө кирет жана камсыздандырып коргоонун колдонулушу башталат. Камсыздандыруу сыйлыгын төлөө накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт. Электрондук ресурстарды пайдалануу менен камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминин шарттары жана Камсыздандыруу эрежелери менен таанышкандан кийин, муну менен ага сунушталган шарттарда бул келишимди түзүүгө макулдугун ырастоо менен камсыздандыруу сыйлыгын же анын биринчи төгүмүн төлөйт.
7. Камсыздандыруу эрежелери электрондук байланыш, мобилдик каналдар, мессенджерлер, камсыздандыруучунун (же анын өнөктөштөрүнүн - мындай тутумдарынын операторлорунун) автоматташтырылган тутумдары аркылуу камсыздандырылуучунун расмий сайтына жайгаштыруу, электрондук соода каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу же электрондук бүтүмдөрдү жасоо аркылуу кагаз жүзүндө же электрондук түрдө жөнөтүлүшү мүмкүн. Камсыздандыруу келишими кагаз жүзүндө түзүлгөн учурда камсыздандырылуучуга Камсыздандыруу эрежелерин тапшыруу же жөнөтүү камсыздандыруу келишиминдеги жазуу менен күбөлөндүрүлөт.
8. Эгерде анда башкача каралбаса, камсыздандыруу келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулат жана камсыздандырып коргоонун колдонулушу төмөнкү учурларда аяктайт:
1) камсыздандыруу мөөнөтү (мезгили) аяктаган учурда - камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу мөөнөтү (мезгили) аяктаган күн катары көрсөтүлгөн күндөн кийинки күнү саат 00:00дөн баштап;
2) камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдындагы милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарган учурда - камсыздандырып ордун толтурууну төлөгөн күндөн тартып. Камсыздандырып ордун толтуруу же анын акыркы бөлүгү төлөнгөн күн болуп камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебинен акча эсептен чыгарылган же ал тарабынан камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) же ыйгарым укуктуу адамына кассадан акча каражаттары берилген күн саналат;
3) камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруу сыйлыгынын экинчи жана андан кийинки бөлүктөрү камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн (толук төлөнбөгөн) учурда - камсыздандыруу келишиминде төлөө мөөнөтү катары көрсөтүлгөн күндөн кийинки күнү саат 00:00дөн баштап;
4) камсыздандырылуучу камсыздандырылган ишти жүзөгө ашыруу укугун жоготкон учурда - тиешелүү укукту жоготкон учурдан тартып;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандыруучу жоюлган учурда - юридикалык жактардын реестрине маалымат киргизилген учурдан тартып;
6) юридикалык жак болуп саналган камсыздандырылуучу жоюлган же жеке жак болуп саналган камсыздандырылуучу каза болгон учурда - юридикалык жактардын реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып же каза болгондугу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн каза болгон датадан тартып. Адам дайынсыз жок же каза болду деп таанылган учурда - тиешелүү сот актысында көрсөтүлгөн учурдан тартып;
7) сот камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алган учурда - камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурдан тартып;
8) эгерде камсыздандыруу объекти ишин токтотсо - тиешелүү документтер менен тастыкталган көрсөтүлгөн учурдан тартып;
9) эгерде камсыздандыруу учурунун келип чыгуу мүмкүнчүлүгү болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдигинин болушу камсыздандыруу учурунун башка жагдайлары боюнча токтотулса - тиешелүү документтер менен тастыкталган көрсөтүлгөн учурдан тартып;
10) тараптардын биринин өз ара макулдугу же демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулганда - камсыздандыруу келишиминде, Камсыздандыруу эрежелеринде же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурдан тартып.
Камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу келишимин токтотуунун башка учурлары, шарттары жана тартиби каралышы мүмкүн.
9. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача көрсөтүлбөсө, камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда камсыздандыруучу камсыздандыруу колдонулган убакытка пропорционалдуу камсыздандыруу сыйлыгынын бир бөлүгүнө, ошондой эле иштерди жүргүзүү боюнча чыгымдарды төлөөгө укуктуу жана камсыздандыруу сыйлыгынын калган бөлүгүн камсыздандырылуучуга кайтарып берүүгө тийиш.
Эгерде камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн камсыздандыруу учуру болсо, камсыздандыруу келишими бузулган учурда камсыздандыруу сыйлыгын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт. Камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн салыктар камсыздандырылуучуга кайтарылып берилүүгө тийиш эмес.
10. Камсыздандырылуучу кезектеги камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөндүгүнүн кесепетинен өзүнүн колдонулушун токтоткон (токтотулуп турган) камсыздандыруу келишими камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу сыйлыгынын калган бөлүгү төлөнгөн шартта камсыздандырылуучунун арызы боюнча кайра жаңыланышы мүмкүн. Мында камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтү узартылбайт. Камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча ал токтотулган (токтотулуп турган) учурдан тартып ал кайра жаңыланган учурга чейинки мезгилде жоопкерчилик тартпайт.
11. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жараксыз болуп саналат.
Бул учурда камсыздандыруу сыйлыгы камсыздандыруучунун иш жүргүзүүгө кеткен чыгымдарын эсептен чыгарып салуу менен камсыздандырылуучуга кайтарылып берилет, ал эми төлөнгөн камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруучуга толук көлөмдө кайтарылып берилет.
26-берене. Камсыздандыруу суммасы (жоопкерчилик лимити)
1. Жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу же милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Мүлктү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы мүлктүн чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркынан) ашпоого тийиш. Мүлктүн чыныгы наркы анын рыноктук наркы болуп саналат. Камсыздандыруу суммасы камсыздандырылуучунун каалоосу боюнча мүлктүн камсыздандыруу наркынан төмөн болушу мүмкүн. Бул учурда мүлктүн наркынын үлүшүндө камсыздандыруу (толук эмес камсыздандыруу) колдонулат.
3. Камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн чектүү суммасы болуп саналат. Камсыздандыруу келишими боюнча бардык төлөмдөрдүн суммасы камсыздандыруу суммасынан ашпоого тийиш.
4. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу суммасынын чегинде ар бир камсыздандыруу учуру боюнча камсыздандырып ордун толтуруу төлөмдөрүнүн чектүү суммалары - камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити белгилениши мүмкүн. Чектүү камсыздандыруу суммалары төмөнкүдөй белгилениши мүмкүн:
1) келтирилген зыяндын түрү боюнча:
а) реалдуу зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө;
б) кошумча чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө;
2) ар бир камсыздандыруу тобокелдиги боюнча;
3) ар бир камсыздандыруу учуруна;
4) камсыздандырылган иштин ар бир түрү үчүн;
5) тараптардын макулдашуусу боюнча башка критерийлер боюнча.
5. Камсыздандыруу төлөмдөрү ар бир камсыздандыруу учуру жана/же камсыздандыруу тобокелдиги жана/же зыяндын/иштин түрү жана/же башка позиция боюнча камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынан же жоопкерчилик лимитинен ашпоого тийиш.
6. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача белгиленбесе, камсыздандыруу суммасы агрегаттык сумма болуп саналат, анын чегинде камсыздандыруучу камсыздандыруу мөөнөтүнүн ичинде болгон бардык камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө милдеттенет, мында камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин көлөмү жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүнүн чоңдугуна азайтылат. Камсыздандырып ордун толтуруу төлөнгөндөн кийин камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнөн азайтылат. Мындай учурда камсыздандырылуучу кыска мөөнөттү эске алуу менен камсыздандыруу сыйлыгынын тиешелүү бөлүгүн төлөө аркылуу камсыздандыруунун калган мөөнөтүнө камсыздандыруу суммасын калыбына келтире алат. Кошумча макулдашуу камсыздандыруу келишими сыяктуу формада жана ошо эле тартипте таризделет.
27-берене. Камсыздандыруу сыйлыгы
1. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү камсыздандыруу суммасына, тарифтик ставкаларга (камсыздандыруу тарифтерине), франшизанын чоңдугуна жана түрүнө, камсыздандыруу мезгилине, тандалган камсыздандыруу тобокелдигине жана камсыздандыруунун башка шарттарына, ошондой эле тобокелдиктин даражасын аныктоочу факторлорго жараша эсептелет. Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2. Камсыздандыруу сыйлыгын төлөө накталай төлөм же накталай эмес эсептешүү боюнча бир жолку төлөм же бөлүп төлөө менен жүргүзүлөт. Камсыздандыруу сыйлыгын төлөөнүн формасы жана тартиби камсыздандыруу келишиминде аныкталат.
3. Эгерде камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу сыйлыгын бөлүп төлөө каралса, анда камсыздандыруу келишиминде белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу сыйлыгынын кезектеги (биринчи эмес) төгүмү толук көлөмдө төлөнбөгөн учурда, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача белгиленбесе, камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сыйлыгынын кезектеги төгүмүн төлөө мөөнөтү аяктаган датадан кийинки датадан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду деп эсептелет.
4. Бөлүп төлөө учурунда камсыздандыруу сыйлыгын же анын биринчи төгүмүн төлөө, камсыздандыруу келишиминин күчүнө кириши үчүн негиз болуп саналат.
28-берене. Франшиза
1. Камсыздандыруу келишиминде зыяндын камсыздандыруучу тарабынан компенсацияланбаган бөлүгү (франшиза), анын түрү, өлчөмү жана колдонуу шарттары белгилениши мүмкүн.
2. Франшиза шарттуу (чегерилбөөчү), шартсыз (чегерилүүчү), убактылуу, динамикалык, жеңилдетилген, милдеттүү болушу мүмкүн:
1) шарттуу франшизаны белгилөөдө, эгерде чыгымдын өлчөмү франшизанын өлчөмүнөн ашпаса же ага барабар болсо, камсыздандыруучу төлөмдөрдү төлөө милдетинен толук бошотулат, ал эми чыгым анын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда камсыздандыруучу зыянды толук төлөйт;
2) шартсыз франшизаны белгилөөдө камсыздандыруучу айтылган өлчөмдө (абсолюттук же пайыздык мамиледе) ар бир чыгымдын ордун толтуруудан бошотулат;
3) убактылуу франшизаны белгилөөдө камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру болгон учурдан тартып белгилүү бир убакыт мезгили өткөндөн кийин жана/же камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн белгилүү бир убакыт мезгили үчүн гана камсыздандырып ордун толтурууну жүргүзөт;
4) динамикалык шартсыз франшизаны белгилөөдө камсыздандыруучу ар бир зыяндын ордун айтылган өлчөмдө (абсолюттук же пайыздык мааниде) толтуруудан бошотулат, бирок биринчи камсыздандыруу учурунан эмес, экинчи (же үчүнчү) учурдан баштап гана бошотулат. Мында ар бир жаңы камсыздандыруу учуру менен динамикалык франшизанын өлчөмү көбөйөт;
5) жеңилдетилген франшизаны белгилөөдө камсыздандыруу келишиминде франшиза колдонулбай турган учурлар айтылат;
6) камсыздандыруу келишиминде милдеттүү франшизаны белгилөөдө мурдагы камсыздандыруу келишими боюнча чыгымдардын белгилүү өлчөмдөгү саны болгон учурда, камсыздандыруу келишиминин мөөнөтүн узартууда франшизаны милдеттүү түрдө колдонуу жөнүндө шарттар айтылат. Мөөнөтүн узартууда милдеттүү франшизанын өлчөмү чыгымдын санына жана өлчөмүнө жараша болот.
3. Камсыздандыруу келишиминде франшизанын башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.
4. Франшиза камсыздандыруу суммасынан пайыздык катышында же болбосо белгиленген өлчөмдө белгилениши мүмкүн.
5. Камсыздандыруу келишиминде айрым камсыздандыруу тобокелдиктери боюнча франшизалар каралышы мүмкүн.
29-берене. Камсыздандыруу тобокелдиктери жана алып салуу, тобокелдик даражасын өзгөртүү
1. Камсыздандыруу тобокелдиктери Камсыздандыруу эрежелеринде колдонулуучу камсыздандыруу келишиминин текстинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарында көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тобокелдиктеринен (камсыздандырып жабуудан) алып салуу мыйзамдар жана камсыздандыруу эрежелери, ал эми камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча - камсыздандыруу келишими жана Камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет.
3. Камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандыруучуга камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучуга билдирилген жагдайларда ага белгилүү болгон бардык өзгөрүүлөр, камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн маалыматтар жөнүндө, камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда болгон жана камсыздандырылуучуга жана камсыздандыруучуга белгилүү болгондон айырмаланган (өзгөрүлгөн, келип чыккан, ачылган, камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин аныкталган), тобокелдик даражасынын жогорулашына объективдүү таасир этүүгө жөндөмдүү болгон жагдайлар жөнүндө кабарлоого милдеттүүлүгү жөнүндө шарт каралышы мүмкүн.
4. Камсыздандыруу келишиминде же Камсыздандыруу эрежелеринде мындай кабарлоонун тартиби жана ыкмалары, ошондой эле камсыздандырылуучу тарабынан кабарлабай коюунун кесепеттери аныкталышы мүмкүн.
5. Камсыздандыруу тобокелдигинин жогорулашына алып келүүчү жагдайлар жөнүндө кабарлоодо камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү же камсыздандыруу тобокелдигинин жогорулашына өлчөмдөш кошумча камсыздандыруу сыйлыгын төлөөнү талап кылууга укуктуу. Жагдайлардын өзгөрүшүнө байланыштуу камсыздандыруу тобокелдигине баа берүү камсыздандыруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
30-берене. Камсыздандыруунун аймагы
1. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
2. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу аймагы болуп төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн: мүлктү камсыздандыруу боюнча - мүлк жайгашкан конкреттүү дарек, белгилүү бир жай, жер; жүктү камсыздандыруу боюнча - чектеринде жүк ташылуучу аймактар (айыл, шаар, район, облус, өлкө); камсыздандырылган адамдарга карата - камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде алар турган аймак. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандырылган адам, мүлк, жүк башка аймакка чыгып кетсе, башка аймакка ташылса, камсыздандырылган адамга карата, ташылган мүлккө, жүккө карата камсыздандыруу келишими колдонулбайт.
31-берене. Камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын жана камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери Камсыздандыруу эрежелеринде, камсыздандыруу келишиминде же милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.
2. Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу учуру жана кийин камсыздандыруу учуру деп таанылышы мүмкүн болгон окуя болгондо камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын өз ара аракеттенүү тартиби аныкталууга тийиш.
3. Келишимде жана Камсыздандыруу эрежелеринде каралган камсыздандырылуучунун милдеттери пайда табуучуга да бирдей өлчөмдө жайылтылат. Камсыздандыруучу пайда табуучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөө жөнүндө талап койгондо, камсыздандыруучу пайда табуучудан камсыздандырылуучунун ал аткарбаган милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга укуктуу. Камсыздандырылуучу тарабынан милдеттерин аткарбагандыгынын же өз убагында аткарбагандыгынын кесепеттеринин тобокелдигин пайда табуучу тартат.
4. Ислам камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу ислам камсыздандыруу уюмунан ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга Камсыздандыруу эрежелеринин ылайык келишин тастыктоочу Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин корутундусун суроого жана алууга укуктуу.
32-берене. Камсыздандырып ордун толтуруу
1. Келишимде же Камсыздандыруу эрежелеринде зыяндын өлчөмүн аныктоонун тартиби, камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнүн тартиби жана шарттары, камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотуунун негиздери аныкталууга тийиш.
2. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөө (камсыздандыруу төлөмү) келишимде же Камсыздандыруу эрежелеринде каралган окуялардан келтирилген зыяндын себептери жана өлчөмү белгиленгенден, окуяны камсыздандыруу учуру деп таанылгандан жана камсыздандыруу актысы түзүлгөндөн кийин камсыздандыруучу тарабынан жүргүзүлөт.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) акчалай төлөм түрүндө же бузулган мүлктү калыбына келтирүү жолу менен төлөнүшү мүмкүн. Ордун толтуруунун формасын тандоо милдеттенмелерди аткаруунун кыйла үнөмдүү ыкмасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
4. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандырып ордун толтурууну төлөө күнү болуп акча каражаттары эсептешүү эсебинен эсептен чыгарылган же камсыздандыруучунун кассасынан берилген күн саналат.
33-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) валютасы
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) валютасы - камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу келишими түзүлүүчү камсыздандыруу суммасынын жана камсыздандыруу сыйлыгынын акча бирдиги.
2. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишими боюнча төлөм тараптардын макулдашуусу боюнча улуттук да, чет өлкөлүк да валютада түзүлүшү мүмкүн.
3. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгын төлөө жана камсыздандырып ордун толтурууну төлөө камсыздандыруу валютасында жүргүзүлөт.
4. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча чет өлкөлүк валютада төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу сыйлыгы жана/же камсыздандырып ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютада төлөм операциясы жүргүзүлгөн датага карата же болбосо келишимдин тараптары белгилеген башка курс боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4-глава. Ыйгарым укуктуу орган жана камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө
34-берене. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери
1. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында туруктуу камсыздандыруу тутумун түзүү жана колдоо жана улуттук камсыздандыруу рыногунун инфратүзүмүн түзүү;
2) камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу, камсыздандыруу ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;
3) камсыздандыруунун негиздерин мыйзамдык жактан чыңдоо, милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүн, Кыргыз Республикасынын эл аралык камсыздандыруу тутумунда катышуу принциптерин белгилөө;
4) камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
2. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анын ичинде камсыздандыруу рыногундагы иштердин абалына мамлекеттик контролду камсыз кылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
35-берене. Ыйгарым укуктуу орган
1. Камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө ушул Мыйзамда жана Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине камсыздандыруу сырын же болбосо коммерциялык сырды түзгөн, камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынан, анын ичинде алардын ишин текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга же болбосо үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
36-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
1. Ыйгарым укуктуу орган:
1) Кыргыз Республикасында камсыздандыруу тутумунун иштешин камсыз кылуу, улуттук камсыздандыруу рыногунун инфратүзүмүн түзүү, камсыздандыруучулардын жана камсыздандыруу рыногунун башка катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
2) камсыздандыруу рыногун жөнгө салуунун принциптерин жана методдорун, камсыздандыруу ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруунун тартибин аныктайт;
3) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу түрдө кайра уюштурууга жана жоюуга макулдук берет;
5) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн кошуп алганда, камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн ченемдерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болгон башка талаптарды иштеп чыгат жана алардын сакталышын контролдоону камсыз кылат;
6) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо тутумун түзүүнүн тартибин аныктайт;
7) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн кошуп алганда, белгиленген ченемдердин сакталышын контролдоону камсыз кылат;
8) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алат;
9) жоюлган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жоюу комиссияларынын (жоюучунун) ишине контролдоону жүзөгө ашырат;
10) лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурунда чыгымдардын, анын ичинде административдик, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун чыгымдарынын көбөйүшүн чектөөгө укуктуу;
11) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынан камсыздандыруу иши жөнүндө белгиленген отчеттуулукту, камсыздандыруу иши жөнүндө маалыматтарды алат;
12) ушул Мыйзамдын 37-беренесинде белгиленген учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарын дайындоону (шайлоону) макулдашат, мындай макулдукту чакыртып алат;
13) лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат;
14) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын ишине талдоо жана мониторинг жүргүзөт;
15) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоону, баалоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
16) камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу формалары (түрлөрү) боюнча баалоо методдоруна жана камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн принциптерине талаптарды коёт;
17) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун чыгашалуулугун мүнөздөөчү коэффициенттерди (чыгашалуулук коэффициенти, сарптоолордун коэффициенти, комбинацияланган коэффициент) эсептөө тартибин иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетине бекитүүгө жиберет;
18) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын, актуарийлердин, камсыздандыруу брокерлеринин реестрин жүргүзөт;
19) автоматташтырылган маалыматтык борбордун ишине талаптарды белгилейт;
20) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда сакталган маалыматтарга санкцияланбаган кирүүдөн маалыматтын сакталышын жана корголушун, ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун киберкоопсуздугун камсыз кылуучу коопсуз ишти уюштурууга карата талаптарды белгилейт;
21) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу рыногунун башка катышуучулары тарабынан аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктарды (эскертүүлөрдү) жиберет;
22) камсыздандыруу рыногунун, кепилдик төлөмдөр фондунун кесипкөй катышуучуларын текшерүүдөн өткөрөт;
23) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптардын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары, камсыздандыруу брокерлери, кепилдик төлөмдөр фонду, камсыздандыруу брокерлери тарабынан сакталышын контролдойт;
24) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына, кепилдик төлөмдөр фондуна жана алардын кызмат адамдарына санкцияларды салат;
25) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына берилген лицензиялардын колдонулушун токтото туруу, кайра жаңылоо жана токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
26) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна лицензияны консервациялоодо же колдонууну токтотууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө убактылуу администрациянын чечимин макулдашат;
27) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө доо менен сотко кайрылуу тууралуу чечим кабыл алат;
28) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун иши, анын уюштуруучуларынын укуктук статусу жана финансылык абалы, ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата туунду уюмдар же обочолонгон бөлүмдөр болуп саналган жактар жана алардын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу;
29) камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынан жана алардын бирикмелеринен, камсыздандыруу брокерлеринен, актуарийлерден ушул Мыйзамга ылайык өзүнүн контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу;
30) мамлекеттик органдардан жана уюмдардан өзүнүн контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде кызматтык же коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга укуктуу;
31) камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу полистеринин мазмунуна жана тариздөө тартибине карата талаптарды белгилейт;
32) Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун субъекттерин көзөмөлдөөнүн башка ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташууну жана зарыл болгон маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
33) башка мамлекеттердин камсыздандырууну көзөмөлдөө органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө маселелери боюнча мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт;
34) көз карандысыз актуарийлер тарабынан актуардык эсептешүүлөрдү дайындоо шарттарын жана жүргүзүү тартибин белгилейт;
35) алар тарабынан анык эмес (толук эмес) отчет берилген учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөр фондунун финансылык жана башка отчеттуулугун оңдоону талап кылууга укуктуу;
36) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган талаптар аткарылбаганда ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунун субъекттерине карата көзөмөлгө алуу чараларын жана ушул Мыйзамда каралган башка чараларды колдонууга укуктуу.
37-берене. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри
1. Актуарийлер, камсыздандыруу брокерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде аларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот.
Камсыздандыруу агенттеринин реестрин камсыздандыруу уюму жүргүзөт.
2. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1) актуарийлердин реестри;
2) камсыздандыруу брокерлеринин реестри.
Актуарийди, камсыздандыруу брокерин идентификациялоо жеке каттоо номери менен камсыз кылынат.
3. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Камсыздандыруу брокерин, актуарийди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоодо, кайра каттоодо салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан баштап бир жолку жыйым, ошондой эле Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзгөндүгү үчүн ар жылдык жыйым алынат.
Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
5. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы жана дареги;
2) камсыздандыруу брокери жана актуарий жөнүндө маалымат (толук жана кыскартылган аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, иш жүзүндөгү жайгашкан жери, юридикалык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, анын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтары);
3) актуарий жөнүндө маалымат (актуарийдин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, анын ким экендигин ырастоочу документтин маалыматтары, байланыш маалыматтары);
4) каттоо/кайра каттоо датасы жана каттоо номери;
5) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгаруунун негиздемеси жана датасы;
6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка маалыматтар.
5-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун түзүү
38-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери
1. Акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган талаптарды эске алуу менен жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алат.
2. Мамлекет Министрлер Кабинетинин жана/же Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын же мекеменин атынан гана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучусу жана акционери боло алат.
3. Бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусу болууга ниети бар жеке жана юридикалык жактар камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталына ири катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун ыйгарым укуктуу органга олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөр жасалганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө тастыктоого, ошондой эле өз иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
4. Төмөнкүлөр камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучулары боло албайт:
1) аларга карата террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган юридикалык жактар (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеги);
2) экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар же мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар жеке адамдар;
3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү башка каалаган маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген же болбосо бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке жана юридикалык жактар.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын же болбосо камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматтарды берген жеке же юридикалык жактардын же болбосо ушул Мыйзамда коюлган талаптарга ылайык келбеген жактардын камсыздандыруу уюмунун капиталына камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуусунун үлүшүн сатып алуу менен байланышкан бүтүмдөр жарабаган бүтүмдөр болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу орган жарабаган бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылат.
Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучулары жөнүндө маалыматтарды көз каранды эмес реестр кармоочудан суроого жана алууга укуктуу.
6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда, кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда мындай акциялар боюнча добуштар эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимдин маани-маңызы боюнча кабыл алынышына таасир тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
7. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусу алты айдын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өзүнө таандык болгон акцияларынын санын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун үлүшүнөн төмөн деңгээлге чейин азайтууга милдеттүү. Ушул бөлүктөгү талаптар аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул жактардын көрсөтүлгөн талаптарды аткаруусу үчүн сотко кайрылат.
39-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун укуктук статусу
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ачык же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн жана өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине ылайык жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюм болуп саналат.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун укуктук статусу юридикалык жактын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму катары мамлекеттик каттоодон өтүшү жана камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын бар болушу менен аныкталат.
3. Лицензиялоонун тартиби, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туруктуулугунун ченемдик финансылык көрсөткүчтөрүн (коэффициенттерин) сактоо үчүн милдеттүү болгон уставдык капиталын түзүүгө жана өлчөмүнө карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталынын негизин Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген минималдуу уставдык капиталдан төмөн эмес өлчөмдө толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун реструктуризациялоо же кайра уюштуруу, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн пайданы камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставдык капиталын толуктоо үчүн жиберген учурларды кошпогондо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставдык капиталын түзүүдө же өлчөмүн көбөйтүүдө акцияларды төлөө акча каражаттары менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставдык капиталынын өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер, ошондой эле зайымдык каражаттар менен түзүүгө же көбөйтүүгө жол берилбейт.
6. Уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставдык капиталына салынган каражаттар алар тарабынан өздөрүнө таандык болгон акцияларды өткөрүп берүү же сатуу жолу менен гана алынышы мүмкүн.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) операцияларын жүргүзүүгө лицензия алганга чейин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму минималдуу уставдык капиталын түзүүгө жана өзүнүн эсептешүү эсебине салууга милдеттүү.
8. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, баалуу кагаздар рыногу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жөнөкөй акциялардын эмиссиясын жүзөгө ашырат.
9. Акциялардын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында чагылдырылууга тийиш.
10. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму акционерлерге аларга таандык акциялар боюнча дивиденддерди төлөөгө кепилдик бербөөгө тийиш.
11. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугуна коркунуч болгон учурда, ошондой эле кардарлардын (камсыздандырылуучулардын) кызыкчылыктары бузулган учурда дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же болбосо төмөнкүдөй чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн:
1) Министрлер Кабинети тарабынан катары менен акыркы 6 (алты) айдын ичинде белгиленген пруденциалдык ченемдер;
2) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар.
40-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туунду уюмдары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу максатында туунду уюмдарды түзүшү же ээ болушу мүмкүн.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туунду уюмдары туунду уюмдарды түзүүгө жана/же ээ болууга, ошондой эле камсыздандыруу уюмдарында ири катышуучулары болуп саналууга укуксуз.
41-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын башкаруу органдарын тандоо боюнча бардык ченемдер, алардын компетенциялары, ошондой эле аларды түзүү тартиби жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Башкаруу органдарынын иши камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставы жана ички документтери менен жөнгө салынат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын тизмеги, аларга карата квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет.
42-берене. Андеррайтер
1. Андеррайтинг Камсыздандыруу эрежелеринин жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ички документтеринин негизинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ыйгарым укуктуу кызматкери (кызматкерлери), камсыздандыруу брокери, ошондой эле кесипкөй штаттан тышкаркы андеррайтерлер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Андеррайтер камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) кабыл алынуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун тобокелдиктерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында андеррайтинг саясатын аныктоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
3. Андеррайтер камсыздандыруунун түрүнө жараша тизмеги көптөгөн ар түрдүү критерийлердин негизинде ар бир жекече аныкталган адамга жана камсыздандыруу объектине карата камсыздандыруу учурунун келип чыгуу тобокелдигин жана болуу ыктымалдыгын баалоону жүзөгө ашырат.
4. Андеррайтер өз ишин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму менен түзүлгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде жүзөгө ашырат. Андеррайтердин иши тобокелдиктердин айрым түрлөрүн талдоодо, камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) кабыл алууда жана четтөөдө, ошондой эле алар боюнча оптималдуу камсыздандыруу сыйлыктарын алуу үчүн тандалган тобокелдиктерди классификациялоодо жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) портфелин түзүүдө турат.
5. Андеррайтер тобокелдиктин тиешелүү даражасын, сыйлыктарынын ставкаларын жана камсыздандыруу шарттарын белгилөө үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө ээ болууга тийиш.
43-берене. Баалоочу
1. Баалоочу камсыздандыруу келишимин колдонуунун ар түрдүү этаптарында мүлктүн наркына же зыяндын суммасына баалоону жүргүзөт. Баалоочу өз ишин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму менен эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде жүзөгө ашырат.
2. Мүлктүн наркын же келтирилген зыяндын суммасын баалоо, анын ичинде көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен камсыздандыруу келишимин түзүүдө, камсыздандыруу келишими колдонулган мөөнөттүн ичинде, анын ичинде мүлктүн камсыздандыруу наркын же тобокелдиктин даражасын өзгөртүүдө, ошондой эле камсыздандыруу объектине келтирилген зыянды баалоо үчүн чыгымдарды жөнгө салууда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Баалоочу өз алдынча практика жүргүзүүгө, адистештирилген баалоочу, аджастердик, камсыздандыруу сюрвейерлер уюмдарында (көз карандысыз баалоочуларга, аджастерлеге, камсыздандыруу сюрвейерлерине) жалданып иштөөгө же болбосо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун штатында болууга укуктуу.
4. Баалоочу өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген кызмат көрсөтүүлөрү үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө ээ болууга тийиш. Айрым учурларда камсыздандыруунун түрүнө жана объектине жараша баалоочу баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын билими, сертификаты же лицензиясы (уруксаты) бар болгондо ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
5. Баалоочунун функцияларын авариялык комиссар, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызматкери же камсыздандыруу объектин кароону жана чыгымды баалоону жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу брокери аткара алат.
6. Баалоочуга квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму да, камсыздандырылуучу да (камсыздандырылган адам, пайда табуучу) көз карандысыз баалоочуга кайрылууга укуктуу.
44-берене. Камсыздандыруу сюрвейери
1. Камсыздандыруу сюрвейери камсыздандыруу объекттерин кароону, баалоону, инспекциялоону, иликтөөнү жана текшерүүнү жүргүзөт, фактыларды жана тобокелдик жагдайларын талдайт, тобокелдиктин даражасын аныктайт жана камсыздандыруу келишимин түзүүнүн алдында камсыздандыруучу (камсыздандырылуучу) үчүн эксперттик корутунду түзөт, ошондой эле андан кийин, анын ичинде камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын себептерин, анын жагдайларын белгилейт жана аныктайт жана чыгымдардын өлчөмүн аныктайт.
2. Камсыздандыруу сюрвейери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан аныкталган зарыл болгон билим деңгээлине ээ болууга тийиш.
3. Чет өлкөлүк камсыздандыруу сюрвейерине карата коюлган квалификациялык талаптар, анын ичинде билиминин, сертификатынын же лицензиясынын (уруксатынын) бар болушу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Камсыздандыруу сюрвейеринин ишин штаттык же жалданма авария комиссары, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу объектин кароочу жана чыгымды баалоону жүзөгө ашыруучу кызматкери жүргүзө алат.
Камсыздандыруу сюрвейерине карата коюлган квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
45-берене. Аджастер
1. Аджастер камсыздандыруу учурунун болуу фактысын, анын камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык келишин белгилөө үчүн камсыздандыруу белгилери болгон билдирилген окуянын бардык жагдайларын иликтөөнү, төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын аныктоону, камсыздандыруучу (камсыздандырылуучу) үчүн корутунду түзүүнү, зыяндарды жөнгө салууга катышууну жүзөгө ашырат.
2. Аджастер камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан аныкталган зарыл болгон билим деңгээлине ээ болууга тийиш.
3. Чет өлкөлүк аджастерге карата коюлуучу квалификациялык талаптар, анын ичинде билиминин, сертификатынын же лицензиясынын (уруксатынын) бар болушу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Аджастердин ишин штаттык же жалданма авария комиссары камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызматкери же камсыздандыруу объектин кароочу жана чыгымды баалоону жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу брокери жүргүзө алат.
Аджастерге карата коюлган квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-глава. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын түзүүнүн жана ишинин өзгөчөлүктөрү
46-берене. Ислам камсыздандыруу фонду
1. Ислам камсыздандыруу фонду ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же ислам терезесинин алкагында ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан ислам камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын, ошондой эле аларды инвестициялоонун натыйжасында алынган башка кирешелердин эсебинен, ислам камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү максатында түзүлөт.
Ислам камсыздандыруу фондун түзүүнүн, эсепке алуунун, пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ислам камсыздандыруу фонду тарабынан башкарылат.
3. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же ислам терезесинин алкагында ишти жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ислам камсыздандыруу фондунун каражаттарын камсыздандыруучулардын кызыкчылыгында Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши тарабынан белгиленген тизмектеги активдерге инвестициялайт.
4. Мындай зыяндар анын күнөөсү боюнча келип чыккан учурларды кошпогондо, ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же ислам терезесинин алкагында ишти жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ислам камсыздандыруу фондунун каражаттары салынган активдердин наркынын азайышына байланышкан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму өздүк каражаттардын жана ислам камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебин өзүнчө жүргүзөт.
Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан ислам камсыздандыруу фондуна акчаларды өткөрүп берүү эрежелери ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
47-берене. Ислам камсыздандыруусунун принциптери
1. Ислам камсыздандыруусунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) камсыздандыруучулардын өз ара коргоосу жана өз ара жоопкерчилиги;
2) зайымдарды берүүдөн кирешелерди алууга тыюу салуу;
3) тамеки, алкоголдук продукцияларды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, оюн-зоок бизнесин, ошондой эле Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши тарабынан тыюу салынган ишкердиктин башка түрлөрүн өндүрүү жана/же соодалоо менен байланышкан камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) тыюу салуу.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар камсыздандыруу компаниялары (камсыздандыруучулар) тарабынан жүзөгө ашырылат.
48-берене. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишине карата талаптар
1. Ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ушул Мыйзамдын 51-беренесинде көрсөтүлгөн сый акыдан тышкары ислам камсыздандыруу фондун башкаруу үчүн ар кандай түрдөгү сый акы алууга же башка киреше алууга укуксуз.
2. Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставында Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешине, ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишине анын сакталышы милдеттүү болгон башка талаптарды аныктоо укугу берилиши мүмкүн.
49-берене. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңештин иши
1. Ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча иштин, операциялардын жана бүтүмдөрдүн шайкештигин аныктоо үчүн милдеттүү түрдө Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши түзүлөт.
2. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши директорлор кеңешинин сунуштамасы боюнча ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун акционерлеринин жалпы чогулушу же ишин ислам терезесинин алкагында жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан дайындалуучу көз карандысыз орган болуп саналат.
50-берене. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставына карата талаптар
Кыргыз Республикасынын резидент эмеси - ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставы ушул Мыйзамда каралган маалыматтардан тышкары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишинин максаттарын;
2) ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туруктуу органы - Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, ошондой эле аны түзүүнүн тартиби жана Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптарын;
3) ислам камсыздандыруу фондун башкаруу үчүн Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши тарабынан жактырылган сый акы алуунун шарттары жана тартибин.
51-берене. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун сый акылары
Ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүүдө камсыздандыруу сый акысынын бөлүгү жана/же ислам камсыздандыруу фондунун каражаттарын инвестициялоодон алынган кирешелердин бөлүгү түрүндө ислам камсыздандыруу фондун башкаруу үчүн сый акы алууга укуктуу.
52-берене. Ислам камсыздандыруу келишимин камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таануунун кесепеттери
1. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеш тарабынан түзүү стадиясында турган ислам камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамдын 47-беренесинде көрсөтүлгөн камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таанылса, мындай келишим түзүлүүгө жана аткарылууга тийиш эмес.
2. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеш тарабынан түзүлгөн, бирок аткарылбаган же жарым-жартылай аткарылган ислам камсыздандыруу келишими камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таанылса, мындай келишим ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун талабы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
7-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишин жөнгө салуу
53-берене. Камсыздандыруучулардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу шарттары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуунун шарты болуп өлчөмү Министрлер Кабинети белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болбогон, толук төлөнгөн уставдык капиталдын, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу), кошо камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү болгон, түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин болушу жана кайра камсыздандыруу тутумунун болушу саналат.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдери жана өздүк каражаттары диверсификациянын, ликвиддүүлүктүн, кайтарымдуулуктун жана кирешелүүлүктүн талаптарына ылайык келген активдер менен камсыз болууга тийиш.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын өздүк каражаттары өзүнө уставдык капиталды, резервдик капиталды, кошумча капиталды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы камтыйт.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары өздөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана финансылык туруктуулуктун ченемдерин, ошондой эле өздүк каражаттарынын өлчөмүнө жараша ар бир өзүнчө же камсыздандыруу объекттеринин (же тобокелдиктердин) жыйындысын камсыздандыруу боюнча жоопкерчиликтин максималдуу ченемдерин сактоого милдеттүү.
Көрсөтүлгөн ченемдерди эсептөө методикасы, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана бекитилет.
5. Өздүк каражаттарынын эсебинен аларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ашкан көлөмдө милдеттенме алган камсыздандыруучулар тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу тобокелдигин кайра камсыздандырууга милдеттүү.
54-берене. Камсыздандыруу резервдери
1. Кабыл алынган камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучулар алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнөн алдыдагы камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн зарыл болгон камсыздандыруу (техникалык) резервдерин алардын түрлөрү жана камсыздандыруу валюталары боюнча түзөт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлүүчү камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө методикасы жана ченемдери финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык аныкталат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Салыктарды төлөгөндөн кийин калган жана камсыздандыруучулардын карамагына түшкөн кирешелерден алар өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка резервдерди түзө алат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдери мамлекеттик бюджетке алынбайт.
5. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан ишенимдүүлүк, кайтарымдуулук, кирешелүүлүк, ликвиддүүлүк жана диверсификация принциптерин сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
55-берене. Баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун карыздык баалуу кагаздарды чыгарууга жана вексель жазып берүүгө укугу жок.
56-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун биргелешкен ишке катышуусу
1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык консорциумду же жөнөкөй шериктикти түзүүгө катышууга укуктуу.
2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын, аны менен аффилирленген жактардын, камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын катышуусу менен консорциумдарга жана жөнөкөй шериктиктерге катышкан жактардын жана уюмдардын ишин көзөмөлдөө консолидацияланган негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүн эрежелери ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
57-берене. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо тутумун түзөт.
2. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо тутумун түзүү тартиби, ошондой эле камсыздандыруу рыногунун субъекттери тарабынан сакталышы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
58-берене. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды камтыган анык эмес жарнамага тыюу салуу
1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына ал жарыяланган күнгө карата чындыкка дал келбеген маалыматтар катышкан өз ишин жарнамалоого тыюу салынат.
2. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынан чындыкка дал келбеген жарнаманын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, аны токтотууну же төгүндөөнү жарыялоону талап кылууга укуктуу.
Бул талап ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган жарнамада камтылган маалыматтардын чындыкка дал келбегендиги жөнүндө маалыматты жарыялоого же болбосо аларды мындай жарнаманы жарыялаган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын эсебинен тактоого укуктуу.
Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-глава. Көзөмөлгө алуу чаралары, санкциялар жана таасир этүүнүн башка чаралары
59-берене. Эрте чара көрүү чаралары
1. Камсыздандырылуучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, алардын финансылык абалынын начарлашына жана камсыздандыруу ишине байланышкан тобокелдиктердин көбөйүшүнө жол бербөө максатында ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык абалынын начарлашына таасир этүүчү факторлорду аныктоо үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ишине талдоо жүргүзөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн факторлор аныкталган учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын талдоонун натыйжасында жана/же аны текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна жана/же анын акционерлерине камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жогорулатуу, анын камсыздандыруу ишине байланышкан финансылык абалынын начарлашына жана тобокелдиктеринин көбөйүшүнө жол бербөө боюнча эрте чара көрүү чараларын караган иш-чаралар планын сунуштоо боюнча жазуу жүзүндө талап (жазма буйрук, эскертүү) жиберет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму жана/же анын акционерлери аталган талапты (жазма буйрукту, эскертүүнү) алган күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ар бир пункт боюнча аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу жетектөөчү кызматкерлерди көрсөтүү менен иш-чаралар планын иштеп чыгууга жана ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш-чаралар планы бекитилгенде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму жана/же анын акционерлери планда белгиленген мөөнөттө анын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоо менен аны ишке ашырууга киришет.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар планы ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, бул пландын иш-чаралары аткарылбаса же өз убагында аткарылбаса, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата ушул Мыйзамда, укук бузуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көзөмөлгө алуу чаралары жана административдик таасир этүү чаралары колдонулат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалынын начарлашына таасир этүүчү факторлор жана эрте чара көрүү чараларын караган иш-чаралар планын жактыруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
60-берене. Көзөмөлгө алуу чаралары
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандырылуучуларынын (кайра камсыздандырылуучулардын, пайда табуучулардын) мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, алардын финансылык абалынын начарлашына жана камсыздандыруу ишине байланыштуу тобокелдиктердин көбөйүшүнө жол бербөө максатында ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, кепилдик төлөмдөр фондуна, алардын жетектөөчү кызматкерлерине, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучуларына, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун белгилери бар адамдарга карата көзөмөлгө алуу чараларын колдонот.
2. Көзөмөлгө алуу чараларын колдонуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу;
2) мониторинг, талдоо, контролдоо жана көзөмөлдөө жүргүзүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөр фондунун ишиндеги кемчиликтер жана/же тобокелдиктер, алар камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туруктуу иштешине жана/же анын камсыздандырылуучуларынын (пайда табуучуларынын) кызыкчылыктарына жана/же Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу тутумунун туруктуулугуна коркунуч келтирүүчү абалды түзүүгө алып келиши мүмкүн;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөр фондунун жетектөөчү кызматкерлеринин алардын туруктуу иштешине жана/же камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) кызыкчылыктарына коркунуч келтириши мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерин же аракетсиздигин аныктоо;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөр фондунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келбеген жана/же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, кепилдик төлөмдөр фондуна зыян келтирилгендиги жөнүндө күбөлөндүргөн аракеттери (аракетсиздиги);
5) мурда ушул Мыйзамга ылайык колдонулган көзөмөлгө алуу чараларын аткарбоо;
6) ыйгарым укуктуу органга отчеттуулукту же маалыматтарды, ошондой эле башка суралган маалыматтарды бербөө жана/же так эмес берүү;
7) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму, камсыздандыруу тобунун курамына кирген уюмдар, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучулары, кепилдик төлөмдөр фонду, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан белгиленген мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине алып келген тоскоолдук кылуусу;
8) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген мөөнөттө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан аудитордук отчетто көрсөтүлгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалына таасир этүүчү кемчиликтерди жойбоо.
Көзөмөлгө алуу чараларын колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
3. Көзөмөлгө алуу чаралары ушул Мыйзамдын 59, 61, 62 жана 63-беренелеринде каралган чараларды камтыйт.
61-берене. Финансылык абалды жакшыртуу жана/же тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар
1. Ыйгарым укуктуу орган кемчиликтерди, тобокелдиктерди же бузууларды четтетүү максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун, кепилдик төлөмдөр фондунун финансылык абалын жакшыртуу жана/же тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча төмөнкү талаптарды коюу аркылуу чараларды көрөт:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин кошкондо, бүтүмдөрдүн айрым бир түрлөрүн жасоону токтото туруу жана/же чектөө, же болбосо аларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө тартибин белгилөө;
2) жетектөөчү кызматкерлерди кошкондо, чыгымдарды кыскартуу, анын ичинде кызматкерлерди кошумча жалдоону токтотуу же чектөө аркылуу, туунду уюмдардын кандай болбосун инвестицияларын токтотуу, акчалай сый акыларды жана кызматкерлерди материалдык сыйлоонун башка түрлөрүн чектөө;
3) камсыздандыруу резервдерин кошумча түзүү;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары менен байланышкан жактар менен операцияларды чектөө;
5) ички саясаттарды жана жол-жоболорду, тобокелдиктердин өлчөмүнүн лимитин, тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо тутумунун майнаптуулугун баалоо жол-жоболорун кайра кароо;
6) жетектөөчү кызматкерлерди жана башка адамдарды кызматтык милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алар камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан четтетилген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан көзөмөлгө алуу чарасы колдонулганга чейин четтетүү. Жетектөөчү кызматкерге жана кызмат адамына карата бул көзөмөлгө алуу чарасы колдонулганда ыйгарым укуктуу орган жетектөөчү кызматкерди кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдугун чакыртып алуу;
7) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандырылуучуларынын (кайра камсыздандырылуучулардын, пайда табуучулардын) укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна өбөлгө болуучу себептерди жана/же шарттарды жоюу;
8) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ишинин камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга шайкештигин камсыз кылуу;
9) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун, кепилдик төлөмдөр фондунун финансылык абалын жакшыртуу жана/же тобокелдиктерди минималдаштыруу жана тышкы көз карандысыз аудитти дайындоо;
10) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, кепилдик төлөмдөр фондунун актуардык эсептерин жүргүзүү үчүн актуарийди тартуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чаралар ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү жазма буйругу (талабы, эскертүүсү) формасында колдонулат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, кепилдик төлөмдөр фондуна ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген милдеттүү чараларды көрүүгө жана/же аларды аткаруу боюнча иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө берүү зарылдыгын көрсөтүү болуп эсептелет.
Иш-чаралар планында кемчиликтердин, тобокелдиктердин же бузуулардын, алардын пайда болушуна алып келген себептердин баяндалышы, пландалган иш-чаралардын тизмеги, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү, финансылык агымдар, ошондой эле жооптуу жетектөөчү кызматкерлер көрсөтүлөт.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму, кепилдик төлөмдөр фонду ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругунда (талабында, эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн чаралардын аткарылгандыгы жөнүндө аталган жазма буйрукта (талапта, эскертүүдө) каралган мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунан, кепилдик төлөмдөр фондунан көз каранды болбогон себептер боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругунда (талабында, эскертүүсүндө) белгиленген мөөнөттөрдө бузууларды жоюу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун аткаруу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган белгилеген датага чейин узартылышы мүмкүн.
62-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын чыңдоо
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн өзүнүн финансылык абалын жетиштүү деңгээлде колдоого милдеттүү жана финансылык кыйынчылыктар пайда болгон учурда камсыздандыруу уюмунун башкаруу органы тарабынан финансылык чыңдоо планын бекитиши керек.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык жактан чыңдоо планы, анын ичинде жаңыртылган планы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
3. Ыйгарым укуктуу орган каалаган учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунан финансылык жактан чыңдоо планында жана ушул Мыйзамда каралган чараларды көрүүнү талап кыла алат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын талабы коюлган күндөн тартып камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдында кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле эмгек акыны кошпогондо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай гана болбосун сый акыларды төлөө жөнүндө чечим кабыл алуу укугу жок.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун финансылык жактан чыңдоо боюнча чараларды жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишин камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык токтото турууга укуктуу.
6. Тикелей көзөмөлдөө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу аткарылбаган учурда, убактылуу администрацияны дайындоо же камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиясын токтотуу үчүн жетиштүү негиздер болбогон учурларда киргизилет. Тикелей көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу инспекторду дайындоо аркылуу киргизилет. Мында камсыздандыруу уюмуна консультация берүү менен байланышкан чыгымдар ушул камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнөт.
7. Финансылык жактан чыңдоону, убактылуу администрацияны тикелей көзөмөлдөөнү киргизүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
63-берене. Санкциялар
Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына мурда аларга карата колдонулган көзөмөлгө алуу чараларына карабастан санкцияларды колдонууга укуктуу.
Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына санкцияларды колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен аныкталат.
64-берене. Убактылуу администрация
1. Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык таасир этүү чарасы катары ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкаруунун жана ишинин атайын органы.
2. Убактылуу администрация төмөнкүдөй максаттарда киргизилет:
1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун контролдоону белгилөө;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун акционерлеринин, камсыздандырылуучуларынын (пайда табуучуларынын) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу.
3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилиши мүмкүн. Убактылуу администрациянын иштөө мөөнөтү алты айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.
4. Убактылуу администрация анын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин же болбосо ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда өз ишин токтотот.
5. Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга белгиленген тартипте билдирилет.
6. Ыйгарым укуктуу орган убактылуу администрация мезгилинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу.
7. Убактылуу администрацияны киргизүү жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайтында жарыяланат.
65-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери
Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна төмөнкүдөй негиздер боюнча убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өздүк капиталынын өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн жетимиш беш пайызынан кемин түзсө;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрүнүн (коэффициенттеринин) кайсынысы болбосун Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген маанинин элүү пайызынан кемин түзсө;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму уставдык капиталга карата талаптарды бузса жана/же ыйгарым укуктуу органдын талдоосунун жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалы олуттуу начарлашы мүмкүн деген божомол үчүн негиздер алынса;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна ыктыярдуу жоюуну жүргүзүүдөн баш тартылган учурларды кошкондо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарынын ортосунда пикир келишпестиктер болсо, анын ишин бузуу, жана же/камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруусун жоготуу, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдары же кызмат адамдары өз функцияларын аткара албаса;
5) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.
66-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн кесепеттери
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып төмөнкүдөй кесепеттер келип чыгат:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотула турат жана убактылуу администрацияга өтөт. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун атынан юридикалык жак катары убактылуу администрация гана чыгууга укуктуу. Кимдир бирөөнүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун атынан жасаган кандай болбосун иш-аракеттери көз көрүнөө жараксыз деп эсептелет;
2) эгерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан башка белгиленбесе, бардык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер токтотулуп турат;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине белгиленген эмгек акыны кошпогондо, пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдында кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле ар кандай сый акыларды (сыйлыктарды, бонустарды жана башка дем берүүчү төлөмдөрдү) төлөө токтотулат.
2. Убактылуу администрация мезгилинде эмгек акы төлөө жана кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу токтотулбайт.
67-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрация
1. Убактылуу администрация ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин же Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келген башка адамдардын ичинен дайындалат.
2. Убактылуу администрациянын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн (ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин кошпогондо) укуктары жана милдеттери өзүнчө келишим менен белгиленет.
3. Убактылуу администрациянын жетекчилерине жана мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун эсебинен жүргүзүлөт.
4. Убактылуу администрация өз ишинде ушул Мыйзамды жана ыйгарым укуктуу органдын чечимин жетекчиликке алат.
5. Ыйгарым укуктуу орган кайсы учурда болбосун Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте убактылуу администрациянын мүчөлөрүн алмаштырууга укуктуу.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна келтирилген зыян үчүн убактылуу администрациянын жетекчиси жана мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Өндүрүштүк тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн болгон зыян үчүн убактылуу администрациянын жетекчисине жана мүчөлөрүнө жоопкерчилик жүктөөгө жол берилбейт.
68-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу
1. Ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, убактылуу администратор камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын уставга жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.
2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Убактылуу администратор ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш.
3. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчеттуулукту берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
69-берене. Убактылуу администратордун корутундусу
Убактылуу администратор камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын талдоонун жана анын ишин баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй сунуштамалардын бирин камтыган корутундуну берет:
1) бузууларды жана көйгөйлөрдү четтетүүгө байланыштуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишин кайра баштоо;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун мажбурлап жоюуну баштоо;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
70-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишин контролдоо
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишин контролдоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) убактылуу администрациянын (убактылуу башкаруучунун) жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун иши жөнүндө отчет жана маалымат берүүнү талап кылууга;
3) убактылуу администрацияны (убактылуу башкаруучуну) чакыртып алууга.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишинин өзгөчөлүктөрү жана анын үчүнчү жактар менен өз ара мамилелеринин принциптери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Убактылуу администрация өз ишин ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун жоюу комиссиясын дайындаганга чейинки мезгилде же ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечимине чейин жүргүзөт.
Убактылуу администрациянын ишине контролду жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу орган убактылуу администрациянын ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар аныкталган учурда, аныкталган бузууларды жана/же себептерди, ошондой эле аларды жасоого түрткү болгон шарттарды жоюу жөнүндө убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон жазма буйруктарды белгиленген мөөнөттө чыгарууга жана/же иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө берүүгө укуктуу.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу администратордун) аткарган иши жөнүндө отчету ыйгарым укуктуу органга бекитүү үчүн берилет.
71-берене. Сотко чейинки даттануу тартиби жана мөөнөттөрү
Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын кандай болбосун чечимдери сотко чейин даттанылууга тийиш.
9-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун кайра уюштуруу жана жоюу өзгөчөлүктөрү
72-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун кайра уюштуруу жана жоюу
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун кайра уюштуруу жана жоюу ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун ыктыярдуу түрдө кайра уюштурууга жана жоюуга ыйгарым укуктуу органдын макулдугун берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
73-берене. Лицензиянын колдонулушун токтотууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү
1. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү убактылуу администрация тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын жакшыртуу же камсыздандырылуучулардын (кайра камсыздандырылуучулардын) укуктарын коргоо максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Камсыздандыруу портфелин башка камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна (камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына) өткөрүп берүүгө камсыздандыруу келишимдерин камсыз кылуу үчүн активдер жетиштүү болгон учурда жол берилет.
Убактылуу администрация камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясын жокко чыгарууда, лицензиянын колдонулушун токтотууда, камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
2. Убактылуу администрация камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу орган кабарлаган датадан тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик жана расмий тилдерде ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун интернет-ресурсунда жарыялайт.
Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүдө кулактандырууда камсыздандыруу келишимин өткөрүп берүүгө макул болбогон учурда камсыздандырылуучулардын каршы пикирлерин кабыл алуучу даректер жана каршы пикирлерди берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
3. Убактылуу администрация камсыздандыруу келишимин өткөрүп берүү жөнүндө камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгондо камсыздандыруу портфелин жарым-жартылай (камсыздандыруунун бир же бир нече түрү боюнча) же толук өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Жазуу жүзүндөгү кабарланган күндөн кийин он жумушчу күндүн ичинде камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү каршы пикиринин жоктугу камсыздандырылуучунун камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө макулдугу катары каралат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын колдонулушун токтото турууда, токтотууда, жокко чыгарууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү камсыздандырылуучунун макулдугусуз толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын колдонулушун токтото турууда, жокко чыгарууда, токтотууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү тартиби жана өзгөчөлүктөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
10-глава. Финансылык отчеттуулук
74-берене. Финансылык отчеттуулук
1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары өздөрү жүргүзгөн операцияларды эсепке алууну бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары ыйгарым укуктуу органга анык жана толук финансылык жана башка отчеттуулукту өз убагында берүүгө милдеттүү.
3. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын финансылык жана башка отчеттуулугунун тизмеги, формалары, аларды ыйгарым укуктуу органга берүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
4. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары өзүнүн мүлкү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мүлкү, кабыл алынган тобокелдиктердин өлчөмдөрү, берилген кепилдиктер жана кепилчиликтер, камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүүчү бүтүмдөр жөнүндө, камсыздандыруунун сырын түзгөн маалыматтарды кошкондо, юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышуу жөнүндө маалыматтарды контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларды жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу органга анын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү.
75-берене. Документтерди сактоо тартиби жана мөөнөттөрү
1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу брокерлери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу), камсыздандыруу ортомчулугу боюнча маалыматтарды түзүүгө жана алардын ишине байланышкан документтерди эсепке алууну жана сактоону Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылууга милдеттүү.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин реестрин жүргүзүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими ал түзүлгөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин реестрине киргизилүүгө тийиш.
2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу брокерлери тарабынан милдеттүү сакталууга тийиш болгон документтердин тизмеги, аларды сактоо тартиби жана мөөнөтү Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жеке мүнөздөгү маалыматтар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
76-берене. Аудит
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аудити аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудит жүргүзүүгө укуктуу көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жылдык финансылык отчеттуулугу көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча камсыздандыруу брокери өз ишине аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Аудит көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Аудитордук корутунду аудитордук уюм төмөнкүдөй экендигин тастыктаган документтер берилген шартта жарактуу деп таанылат:
1) текшерилүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунан, анын акционерлеринен жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
2) текшерилип жаткан камсыздандыруу брокеринен, анын акционерлеринен (катышуучуларынан) жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
3) текшерилип жаткан кепилдик төлөмдөр фондунан, анын акционерлеринен жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
4) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кесиптик аудитордук бирикмелеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоого ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана аудитордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аудитордук жана кесиптик аудитордук уюмдардын ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан финансылык уюмдарга милдеттүү аудит жүргүзүүчү аудитордук уюмдарга карата минималдуу талаптарга шайкеш келет же болбосо өзү резидент болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын лицензиясына ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму өз ишине үч жылдан ашык катары менен аудит жүргүзүү үчүн бир эле аудитордук уюмду жана аудиторду тартууга укуксуз.
4. Аудитордук уюм камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, анын ичинде көз карандысыз актуарийди тартуу жолу менен аудит жүргүзүүгө укуктуу.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же камсыздандыруу тобунун курамына кирген башка юридикалык жактардын финансылык отчеттуулугу боюнча аудитордук корутундусу коммерциялык сырды түзбөйт.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму өзүнүн түзүмүндө иши лицензияланууга тийиш болбогон ички аудит кызматына (аудиторго) ээ болууга милдеттүү.
7. Ички аудитти жүргүзүү тартиби ички аудит жөнүндө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун тиешелүү ички документтери менен аныкталат.
8. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча көз карандысыз аудитти жүргүзүү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн милдеттүү.
Аудитордук корутундунун жана аудитордук уюмдун сунуштамаларынын көчүрмөлөрү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана аудитордук уюмдар тарабынан ушул документтерди алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга берилүүгө тийиш.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму аудитордук корутундуну алгандан кийин он календардык күндүн ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ири катышуучу болуп эсептелген башка юридикалык жактарга аудитордук корутундунун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу орган аудитордук уюмдан маалыматты, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды кошкондо, анын ичинде кардарлардын тизмеги боюнча маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.
77-берене. Ички аудит жана ички контролдоо
1. Ички контролдоо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын уставында жана ички уюштуруу-тескөө документтеринде аныкталган ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырат.
2. Ички контролдоонун ишенимдүүлүгүнүн тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу, ички контролдоо тутумунун жетиштүүлүгүн (адекваттуулугун) текшерүү жана майнаптуулугун баалоо максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ички аудитти уюштурууга милдеттүү, ал үчүн кызмат адамын дайындайт же түзүмдүк бөлүмдү (мындан ары - ички аудитор) түзөт.
3. Ички аудиттин иши камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан бекитилген ички аудитти уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө жобо (программа) менен жөнгө салынат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын майнаптуу ишке ашырууну камсыз кылуучу комплаенс-контролдоо тутумун уюштурууга милдеттүү, ал үчүн комплаенс-контролерду дайындайт же комплаенс-контролдоо кызматын түзөт.
5. Комплаенс-контролдоо иши камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун комплаенс-контролун уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө жобосу (программа) менен жөнгө салынат, ал камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ишин директорлор кеңешин түзбөстөн жүргүзсө) тарабынан бекитилет.
6. Комплаенс-контролер, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси директорлор кеңешинин же аткаруу органынын чечиминин негизинде (эгерде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ишин директорлор кеңешин түзбөстөн жүргүзсө), камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун директорлор кеңешине же аткаруу органына баш ийет жана отчет берет (эгерде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ишин директорлор кеңешин түзбөстөн жүргүзсө) кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11-глава. Маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү иши
78-берене. Маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча мекеме
1. Камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Маалыматтар базасынын администратору маалыматтар базасын түзүүнү жана жүргүзүүнү, камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча маалымкаттарды берүүнү ушул Мыйзамдын негизинде жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген тартипте жүзөгө ашырат.
79-берене. Маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча маалыматтык борборду түзүү тартиби жана негизги функциялары
1. Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча маалыматтар базасын жүргүзүүнүн тартиби жана түзүмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
2. Камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамда каралган маалыматтарды чогултуу;
2) камсыздандыруу отчетторун түзүү жана берүү;
3) камсыздандыруу статистикасын түзүү;
4) камсыздандыруу рыногу боюнча маалыматтарды статистикалык эсепке алуу, талдоо жана жалпылоо жана аларды ыйгарым укуктуу органга берүү үчүн маалыматтык аналитикалык тутумун түзүү жана жүргүзүү;
5) ар бир камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) боюнча маалыматтарды электрондук түрдө сактоо үчүн камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматтардын электрондук базасын жүргүзүү;
6) камсыздандыруу келишимдерин түзүү үчүн пайдаланылуучу камсыздандыруу уюмдарынын интернет-ресурстарынын тизмегин өзүнүн интернет-сайтына жайгаштыруу.
3. Камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган талаптарды ишке ашыруу боюнча функцияларды сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администратору жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан маалыматты, анын ичинде камсыздандыруу сырын түзгөн маалыматты ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен алууга укуктуу.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын камсыздандыруу уюмдары тарабынан аткарылышын камсыз кылуу максатында камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администратору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү маалыматтык тутумдарга жана мамлекеттик органдардын маалыматтар базасына кирүүгө укуктуу.
Камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администраторунун кызматкерлери өз функцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган кызматтык жана коммерциялык сырды, же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
80-берене. Маалыматтар базасы
1. Маалыматтар базасын түзүү боюнча тутумдун катышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары;
2) ыйгарым укуктуу орган;
3) автоматташтырылган маалыматтык борбор;
4) кепилдик төлөмдөр фонду;
5) камсыздандыруу арбитри.
2. Маалыматтар базасындагы маалыматтар төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу органга;
2) расмий статистика жаатында өз компетенциясынын чегинде укуктук статистика жана атайын эсепке алуулар тармагында статистикалык ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына;
4) камсыздандырылуучуларга, пайда табуучуларга;
5) кепилдик төлөмдөр фондуна;
6) камсыздандыруу арбитрине.
Ушул бөлүктө көрсөтүлбөгөн башка адамдарга маалымат берүүгө жол берилбейт.
81-берене. Маалыматтар базасын түзүүдөгү жана жүргүзүүдөгү башка талаптар
1. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу рыногунун катышуучулары лицензия алгандан жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин беш жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга аларды камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө өтүнмө берүүгө милдеттүү.
2. Камсыздандыруу арбитрлери, брокерлер, андеррайтерлер, камсыздандыруу сюрвейерлери, аджастерлер жана баалоочулар Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыруу башталганга чейин камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга алдын ала өтүнмө берет.
3. Өтүнмөнү кароо, четке кагуу тартиби жана аларга карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
4. Камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын жүргүзүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына киргизилбеген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу арбитрлери, брокерлери андеррайтерлери, камсыздандыруу сюрвейерлери, аджастерлери жана баалоочулары Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүгө укугу жок.
82-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 505-ст.);
2) "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 221 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 913-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 216 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 726-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 18-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
5) "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 693-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-майындагы № 122 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 538-ст.);
7) "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 176-ст.);
8) "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 400-ст.);
9) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.);
10) "Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 13-августу, № 87);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 25-январы, № 11);
12) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-июлундагы № 56 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61).
3. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:
1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы №33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |