Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын
2025-жылдын 20-февралы №4/17
Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Мин-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ставкасын бекитүү жөнүндө Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 30.01.2025-жылдагы каты боюнча айыл өкмөтүнүн салык адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагындагыдагы калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, Мин-Булак айыл аймагы боюнча тазалыкты ташып чыгаруу боюнча таштанды ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы юридикалык жактарды түзгөн мекеме-ишканалар, айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга (мончо,чач-тарач, дүкөн, унааларды тейлөө пунктар ж.б) бир жылга ар бир чарчы метрине- 2сомдон бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошаливге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| К. Усупов |