Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-марты № 15
Кара-Балта шаарынын ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан сейил бакка Жайыл баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге ат коюунун, аларды кайра атоонун, географиялык аталыштарды эсепке алуунун жана каттоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-б., коомдук баалуулугун жана маанисин жогорулатуу максатында Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Балта шаарынын ылдый жагында жайгашкан паркка Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылсын. Парктын аты “Жайыл баатыр атындагы эс алуу багы” деп аталсын
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы төмөнкү сейил бактын атын өзгөртүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшсүн.
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышы Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов М.Р жүктөлсүн.
Жөнөтүлсүн: Кара-Балта шаарынын мэриясына, ЧБУЮбашкармалыгына
Кеңешти төрагасы М.Дуйшеналиев