Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 242
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дүйнөлүк банкты бюджеттик колдоо программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 18-пунктта:
алтынчы жана сегизинчи абзацтарда "түз" деген сөз алып салынсын;
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бардык сатып алууларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибине ылайык;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|