Редакцияот 14.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин VII кезексиз cессиясы

 

 

2021-жылдын 14-октябрындагы № 7/1

 

Жерге- Тал айылындагы жаны ачыла турган бала бакчага “Бусурманкулова Жаркынбүбү” атын ыйгаруу жөнүндө

Жерге-Тал айылындагы жаңы бала бакча ачылуу алдында турат. Жаңы салынып, ачылуучу бала бакчага мурдагы “Аруу- Нур” балдар бакчасынын атын өзгөртүп, “Бусурманкулова Жаркынбүбү” атындагы балдар бакчасы деп которуу жөнүндө айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19- августагы № 467-токтомуна ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жерге- Тал айылындагы “Аруу-Нур” балдар бакчасынын аты өзгөртүлүп, жаңы салынып, пайдаланууга бериле турган балдар бакчасына “Бусурманкулова Жаркынбүбү” атындагы балдар бакчасы деген ысым ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2. Бала бакчанын иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрагасы

Т.Орунбаев