Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.01.2025-жыл № 15
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, ушул мыйзамдын 34-беренесинин 9-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча” мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламентин” карап чыгып, талкуулап, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламенти алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комитеттерине регламентти жетекчиликке алып иш алып баруу тапшырылсын.
3.Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн аймактык юстиция башкармалыгына жиберүү жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: Н.Т. Иманалиев