Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.01.2025-жыл №16
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылда аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылда аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин маалыматын угуп, талкуулап, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылда аткарылган иштер боюнча
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин маалыматы канаатандыраарлык деп табылсын.
2.2024-жылдагы аткарылган иштер боюнча маалыматты угууда жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлерди, сунуш, талаптарды эске алуу менен иш алып баруу Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: Н.Т. Иманалиев