Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң - Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын
2025-жылдын 20-февралы №4/21
Жер участогун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндө» Жобого ылайык, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 30.01.2025-жылдагы №7/Сл кайрылуусун угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу «Карга Жайлоо» участкасында жайгашкан №1701 контурдан 0,60 га «Айыл чарба багытындагы» жайыт жер аянтын «Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| К. Усупов |