ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX cессиясы
2021-жылдын 13-декабрындагы № 9/1
Жерге-Тал айыл аймагында жайыт жерлеринин туура пайдаланылышы, эрозияга учуратпоо, жер кыртышынын бузулушуна жол бербөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, “Айлана чөйрөнү коргоо” Мыйзамдарына ылайык жайыт жерлерин туура пайдалануу (эрозияга учуратпоо, мыйзамсыз казууга жол бербөө) максатында Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагына Кашка-Суу жайлоосундагы жайыт жерине тиешелүү жерлерди сырттан келген адамдар мыйзамсыз казууга тыюу салынсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин мыйзамсыз казып, жайыт жерлерин эрозияга учуратып, зыян келтирип жаткан жарандарга көзөмөлдүк кылуу максатында 11 (он бир) адамдан турган комиссия түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
3. Мыйзамсыз жер казуу боюнча фактыларды аныктоо жана тыюу салуу, аныкталган фактылар боюнча укук коргоо органдарына билдирүү жагы комиссиянын курамына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрагасы | Т.Орунбаев |
| Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин 13-декабрь 2022-жылдагы 9\1-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме |
Жерге-Тал айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер комиссиясынын курамы жөнүндө маалымат:
1. Орунбаев Талантбек – айылдык кеңештин депутаты, төрага
2. Ашырбеков Мелисбек – айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басары
3. Кенеева Гүлнара – айылдык кеңештин депутаты, катчысы
Мүчөлөрү:
4. Кылычбеков Кайрат – айылдык кеңештин депутаты
5. Исраил уулу Сабырбек – айыл тургуну
6. Нусупов Рустам – айылдык кеңештин депутаты
7. Кариев Талантбек – айылдык кеңештин депутаты
8. Асанаалы уулу Кубанычбек – айыл тургуну
9. Каманбаев Рысбек – айыл тургуну
10. Досоев Канат – айыл тургуну
11. Токсобаев Жолдошбек – айыл тургуну
Жооптуу катчы: | К. Исраилова |