Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.01.2025-жыл №18
“Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн тарифтери 20245-жылга карата төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Айыл чарба багытында кызмат көрсөтүүлөр:
-жер айдоо 1га үчүн-1300сом, 25л солярка
-чөп чабуу 1га үчүн-1000сом, 10л солярка
-дары чачуу 1га үчүн-500сом, 5л солярка
-дан эгиндерин чабуу 1га үчүн-1200сом, 25л солярка.
Подгрузчик техникасынын кызматы:
-айыл тургундары үчүн саатына 1000(бир миң) сом 25л солярка;
-жеке жактар үчүн (комерческий) саатына 5000(беш миң) сом (солярка төлөмдүн ичинде).
Тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу кызматы үчүн (менчигинин түрүнө карабастан):
-айыл тургундары үчүн таштанды чыгаруу акысы Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы (эс алуу кабыл албаган үйлөр үчүн), Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр айылдары үчүн ар бир үйгө айына 100(бир жүз) сом;
-10орунга чейин эс алуучу кабыл алган үйлөр үчүн айына 2000сом;
-10орундан 30 орунга чейин эс алуучу кабыл алган эс алуу үйлөрүнө, конок үйлөрүнө, коттеждерге сезонго 4000сом;
-30орундан өйдө эс алуучу кабыл алган эс алуу үйөлүнө, конок үйлөрүнө, коттеждерге сезонго 1 таштанды урна берилсин, жумасына 3 жолу чыгарылсын жана жайкы сезонго 6000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
-таштанды чыгарылган күнгө карата 1 таштанды урнадан ашкан учурда ар бир урна үчүн 500 сом кошумча төлөнсүн.
-соода сатык жүргүзгөн павильендор 15м2 чейин 500 сом, ашыкча ар бир м2 үчүн 20сом кошумча төлөнсүн.
-коомдук тамактануучу жайлар үчүн 50м2 чейин 1000сом, ашыкча ар бир м2 үчүн кошумча төлөнсүн.
-чоң эс алуу пансионаттары үчүн ар бир атайын машина менен чыгаруу (5м2 чейин) 3000 сом;
-курулуш таштандылары үчүн 1 тоннага 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Таштанды чыгаруу графиги:
-Тору-Айгыр, Тамчы айылдары ар жуманын шейшемби күнү;
-Кош-Көл айылы, Чырпыкты айылынын түштүк тарабы ар жуманын шаршемби күнү;
-Сары-Камыш айылы, Чырпыкты айылынын түндүк тарабы, Кызыл-Ой участкасы ар жуманын бейшемби күнү;
-Кызыл-Өрүк ар жуманын жума күнү.
2.Тиричилик таштандыларын уруксатсыз көл жээгиндеги урналарга жана атайын белгиленбеген жерлерге таштаган жана өрттөгөн жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн жана 3000сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев