Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-ноябрындагы№ 19/3
Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан Чолок-Кайын айылындагы оорукананын имаратын К. Касмалиев атындагы балдар бакчасына пайдаланууга берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан Чолок-Кайын айылындагы жайгашкан оорукананын имаратын (оорукана башка имаратка киргендигине байланыштуу) К. Касмалиев балдар бакчасына жаны бала бакчанын имаратынын курулушу аяктаганча пайдаланууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы, берилген имараттын коммуналдык чыгымдарын бүткѳрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Иманалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |