Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.01.2025-жыл №24
Жер тилкесинин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып,
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Тамчы айылынын чыгыш тарабындагы жалпы аянты 3,74га жайыт жер тилкесине мейманкана комплексин долбоорлоо жана куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап,
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Тамчы айылынын чыгыш тарабындагы жалпы аянты 3,74га жайыт жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Агрардык маселелер боюнча” туру
ктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев